ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 20-октябрындагы № 570-VII «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.Б.Примовду Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө» токтому

Редакция20.20.2022 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 20-октябры № 570-VII

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.Б.Примовду Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жашыруун добуш берүүнүн натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Примов Улан Бердибаевич Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасынын кызмат ордуна шайлансын.

2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 12-январындагы № 14-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Примов Улан Бердибаевич - № 11 Алай бир мандаттуу шайлоо округу боюнча, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагалыгына;".

3. Депутат У.Б.Примов Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын.

4. Депутат У.Б.Примов Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин курамына киргизилсин.

5. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктта:

1) 1-пунктчанын он экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 2-пунктчада:

а) төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:

"Примов Улан Бердибаевич - № 11 Алай бир мандаттуу шайлоо округу боюнча;";

б) он жетинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын.

6. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төраганын орун басары

 

Н.Т. Шакиев