Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому
2022-жылдын 5-октябры № 512-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 5-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 5-октябрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
"2021-жылдын 19-октябрында Москва шаарында кол коюлган 2010-жылдын 18-июнундагы Бажы бирлигинин бажы аймагындагы эркин (атайын, өзгөчө) экономикалык зоналар жана эркин бажы зонасынын бажы жол-жоболору маселелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2006-жылдын 24-ноябрында Минск шаарында кол коюлган КМШга катышуучу мамлекеттердин эл аралык автомобилдик ташуучуларын кошумча окутууга жана алардын кесиптик компетенттүүлүгүнө карата талаптарды шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууну жана 2017-жылдын 3-ноябрында Ташкент шаарында кол коюлган 2006-жылдын 24-ноябрындагы КМШга катышуучу мамлекеттердин эл аралык автомобилдик ташуучуларын кошумча окутууга жана алардын кесиптик компетенттүүлүгүнө карата талаптарды шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Ташууларды байкоого алуу үчүн навигациялык пломбаларды Евразия экономикалык бирлигинде колдонуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Бажылык транзиттин бажы жол-жоболоруна ылайык товарларды ташууда бажы алымдарын, салыктарды, атайын, антидемпингдик жана компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоону колдонуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2022-жылдын 31-мартында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"2022-жылдын 20-апрелинде Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Мамлекеттик мүлктү башкаруунун жана менчиктештирүүнүн натыйжалуулугу маселесин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 220-VII токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтүн узартуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| У.Б.Примов |