Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 26-январы № 906-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 29-декабрындагы № 821-VII токтому менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарынын, мыйзамдарынын, адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин кепилдиктеринин одоно түрдө бузулушу боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасын жана төраганын орун басарларын шайлоо жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 9-февралындагы № 960-VII токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 19-майындагы № 552-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу комиссиясы жөнүндө жобого жана убактылуу депутаттык комиссиянын 2023-жылдын 25-январындагы жыйналышынын № 1 протоколуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кожокулова Гуля Акматкуловна - убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Осмонов Айбек Жапарович, Айдарбеков Чингиз Азаматович төраганын орун басарлары болуп шайлансын.
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 9-февралындагы № 960-VII токтомунун редакциясына ылайык)
2. Комиссиянын иши үчүн зарыл шарттарды түзүү жана көз карандысыз эксперттерге ай сайын эмгек акы төлөө маселелерин кароо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына сунушталсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары |
Н.А.Азыгалиев |