Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 1-февралы № 907-VII
2023-жылдын 1-февралындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
2023-жылдын 1-февралындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
2023-жылдын февралына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин календардык иш планын бекитүү жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2021-жылдын 30-декабрында Москва шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында медициналык буюмдарды (медициналык багыттагы буюмдарды жана медициналык техниканы) жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"2022-жылдын 10-июнунда Нур-Султан шаарында кол коюлган 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында медициналык буюмдарды (медициналык багыттагы буюмдарды жана медициналык техниканы) жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"2022-жылдын 5-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Социалдык жардам жана эмгек рыногу программаларын бекемдөө" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2022-жылдын 5-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы "Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 7-сентябрындагы № 459-VII токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө.
Төрага | Н.Т.Шакиев |