Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 12-апрели № 1069-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 12-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 12-апрелиндеги жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө", "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Жаныбарларды коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
Кыргыз Республикасында 2022-жылдагы мыйзамдуулуктун абалы жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун отчету тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын коргонуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Маалыматка жетүү укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу.
Төрага | Н.Т. Шакиев |