ТоктомКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-февралындагы № 921-VII «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 7-сентябрындагы № 459-VII токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 1-февралы № 921-VII

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 7-сентябрындагы № 459-VII токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 7-сентябрындагы № 459-VII токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерге төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-бөлүктүн 1-пунктунун жыйырма үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 4-бөлүктүн 12-пунктунда:

- биринчи-бешинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;

- алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"12. Дене тарбия жана спорт жөнүндө:";

3) 6-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-пункт менен толукталсын:

"5-1. Архив фонду жана архив иши жөнүндө:

- архив иши жаатындагы мамлекеттик саясат;

- архив ишин мамлекеттик башкаруу;

- архив иши жаатындагы уюмдар жана мекемелер;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду.".

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

      Жогорку Кеңешинин

Төрагасынын орун басары

 

Н.О.Сыдыгалиев