Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 21-июну № 1284-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 21-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 21-июнундагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2022-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету тууралуу;
"Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Жаштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын коргонуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Дөңгөлөктүү транспорт каражаттары, дөңгөлөктүү транспорт каражаттарына орнотулушу жана/же колдонулушу мүмкүн болгон жабдуулардын предметтери жана бөлүктөрү үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун макулдашылган техникалык эрежелерин кабыл алуу жөнүндө жана 1958-жылдын 20-мартында Женева шаарында түзүлгөн Бириккен Улуттар Уюмунун ушул эрежелеринин негизинде берилген расмий бүтүмдөрдү өз ара таануунун шарттары тууралуу макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Медиация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2023-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Кыргыз Республикасында турак жайды каржылоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Билим берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2022-жылдын 1-декабрында Токио шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын инфраструктурасынын климатка туруктуулугун жогорулатуу боюнча долбоору) жана 2022-жылдын 8-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Инвестициялык грант берүү жөнүндө макулдашууну (Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын инфраструктурасынын климатка туруктуулугун жогорулатуу боюнча долбоору) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-июнунда № 341-VII токтому менен түзүлгөн "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын жыйынтыгы жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан шайланган судьянын талапкерлиги тууралуу.
Төрага | Н.Т.Шакиев |