Загрузка документа…
КР Президентинин 2019-жылдын 27-ноябрындагы ПЖ № 164 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2017-жылдын 18-августу ПЖ № 147
Кыргыз Республикасынын "Даңк" жана "Достук" ордендеринин үлгүлөрүн жана сыпаттамаларын бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 4-бөлүгүн жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын "Даңк" жана "Достук" ордендеринин үлгүлөрү жана сыпаттамалары 1, 2-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2. Ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн үлгүлөрдү сактоо Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиясынын катчылыгына жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы ушул Жарлыкты ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент |
| А. Атамбаев |
1-тиркеме
"Даңк" орденинин СЫПАТТАМАСЫ
"Даңк" ордени күмүштөн жасалат жана улуттук оюумдун рельефтик сүрөтү бар салтанаттын символун билдирген туура күмүш пластинанын фонундагы сегиз бурчтуу жылдыз болот. Карама-каршы жаткан учтарынын ортосундагы жылдыздын өлчөмү 55 мм.
Ордендин ортоңку бөлүгүндө сол тарабынан лавр жалбырагынан жана оң тарабынан арчадан жасалган, алтын менен капталган венок түрүндө айлана жайгашкан. Лавр жалбырагы атак жана даңкты, ал эми арча түбөлүктүүлүктү түшүндүрөт. Айлананын ортосунда "Даңк" жазуусу бар. Жазуунун үстүңкү жана төмөн жагында улуттук оюм жайгашкан. Жазуу жана улуттук оюмдун элементтери дөмпөйтүлгөн, түстүү эмаль менен жасалган кочкул кызыл фондо жайгашкан.
Ордендин арткы бетинин төмөнкү бөлүгүндө катар номери жайгашкан. Төөнөгүч түрүндө таккычы бар.
2-тиркеме
"Достук" орденинин СЫПАТТАМАСЫ
"Достук" ордени күмүштөн жасалат жана дөмпөйтүлгөн чыгып турган шоола түрүндөгү алты бурчтуу жылдыз түрүндө болот. Жылдыз алтын менен капталган, шооланын карама-каршы жаткан учтарынын ортосундагы аралык 55 мм.
Ордендин ортоңку бөлүгүндө үч бурчтук формасындагы байыркы кыргыз тумары түрүндө каптама жайгашкан. Үч бурчтуктун жактары 38 мм. Четтери алтын менен капталган. Тумардын үстүңкү жагында элдердин ортосундагы кылымдык достукту билдирген "ажырагыстыктын" белгиси, ортосунда "Достук" жазуусу, төмөнкү жагында кыргыздын улуттук оюму жайгашкан. Тумардын бардык элементтери алтын менен капталган, көк эмаль менен жасалган көк фондо жайгашкан.
Жылдыздын алдыңкы бети улуттук оюм менен кооздолгон. Жылдыздын учтарынын аралыгында көк түстөгү цирконий таштары менен кооздолгон алты күмүш элемент чыгып турат.
Арткы бетинин төмөнкү бөлүгүндө катар номери жайгашкан. Төөнөгүч түрүндө таккычы бар.