КР Президентинин 2018-жылдын 11-майындагы ПЖ № 118 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2017-жылдын 30-августу ПЖ № 194
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 6-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Республиканын мамлекеттик органдарындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 6-мартындагы № 42 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамында:
Комиссиянын курамынан К.И.Султанов чыгарылсын;
Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Абулгазиев Мухамметкалый Дюшекеевич - Комиссиянын төрагасы болуп киргизилсин.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент |
| А. Атамбаев |