Загрузка документа…
КР Президентинин 2019-жылдын 12-апрелиндеги ПЖ № 56 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2018-жылдын 11-майы ПЖ № 118
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана токтотуу маселелерин алдын ала карап чыгуу үчүн
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссия төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Азыранкулов Айбек Джаныбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, Комиссиянын төрагасы; |
Кожобеков Асылбек Эсенджанович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты; |
Апилов Эрнист Мыктыбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы; |
Абдрахманов Нурлан Асейинович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Омурзаков Суйунбек Абдылдаевич | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары; |
Сарымсаков Манас Болотович | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; |
Шаикова Алина Кавылбековна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы; |
Айдаралиев Медетбек Курбанбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы. |
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 6-мартындагы № 42 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" Жарлыгы;
- "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 6-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 25-июлундагы № 134 Жарлыгы;
- "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 6-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 30-августундагы № 194 Жарлыгы.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |