Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 3-июну №345/24/12
2009-жылы балдардын жана өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 20-январындагы "Кыргыз Республикасында балдардын абалын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык, 2009-жылы балдардын жана өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргызстан профсоюздар федерациясынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жайкы эс алуу мезгилинде жетим балдардын, анын ичинде асырап алган үй-бүлөлөрдүн камкордугундагы жана көзөмөлүндөгү балдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын, аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөрдөгү балдардын, ошондой эле тарбиянын өзгөчө шарттарына муктаж болгон оору балдардын, балдар үйлөрүнүн, жатак-мектептердин тарбиялануучуларынын, башталгыч кесиптик билим берүү системасындагы окуу жайлардын окуучуларынын ден соолуктарын чыңдоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардын чегинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине финансылык каражаттарды өз убагында бөлүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- жайкы эс алуу мезгилинде жетим балдардын, анын ичинде асырап алган үй-бүлөлөрдүн камкордугундагы жана көзөмөлүндөгү балдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын, аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөрдөгү балдардын, ошондой эле тарбиянын өзгөчө шарттарына муктаж болгон оору балдардын, балдар үйлөрүнүн, жатак-мектептердин тарбиялануучуларынын, башталгыч кесиптик билим берүү системасындагы окуу жайлардын окуучуларынын ден соолуктарын чыңдоо боюнча иш-чараларды уюштуруу үчүн чыгымдоого каралган 5,0 млн. сомду Кыргызстан профсоюздар федерациясына бөлүп берсин;
- тарбиялоо процессин өнүктүрүүнү колдоо, ошондой эле билим берүүчү, мектептен тышкаркы жана спорттук уюмдарда балдардын дене тарбия маданиятынын деңгээлин жогорулатуу жана спорт менен машыгуу, сергек жашоо мүнөзүнүн көндүмдөрүнө үйрөтүү үчүн шарттарды түзүү максатында мектеп алдында балдар аянтчаларын, мугалимдер жана тарбиячылар, дене тарбия мугалимдери үчүн семинарларды өткөрүүнү уюштурсун.
3. Кыргызстан профсоюздар федерациясы:
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине бөлүнгөн каражаттын эсебинен жетим балдардын, ден-соолугун абалы чектелген балдардын, аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөрдөгү балдардын, балдар үйлөрүнүн, жатак-мектептердин тарбиялануучуларынын, башталгыч кесиптик билим берүү системасындагы окуу жайлардын окуучуларынын ден соолукту чыңдоочу жайкы эс алуусун камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жол коопсуздугун сактоо бөлүкчөлөрүнө балдар түшкөн автобустардын колоннасын бардык багыттагы каттамдары боюнча коштоп барууда көрсөткөн кызматына акы төлөсүн;
- 2009-жылдын 10-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикке балдардын ден соолугун чыңдоо борборлорунун тизмесин аларды педагогикалык жана медициналык кадрлар, чарбалык жана тейлөөчү кызматкерлер менен өз убагында комплекттөө, ошондой эле балдарды ташуунун коопсуздугун жана зарыл болгон укук тартибин камсыздоо максатында алардын жайгашкан жерлерин, нөөмөттөрдүн санын, келүүнүн жана кетүүнүн графигин көрсөтүү менен берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2009-жылдын 20-июнуна чейин балдардын ден соолугун чыңдоо жайларында жана мектеп алдындагы балдар аянтчаларында:
- белгиленген нормаларга жана талаптарга ылайык зарыл дары-дармек каражаттары менен камсыз кылып, медициналык пункттарды уюштурсун;
- тейлөө кызматкерлеринин медициналык кароодон өтүүсүн жана санитардык минимум тапшыруусун контролдоону камсыз кылсын;
- ичүүчү суунун жана тамак-аш азыктарынын сапатына лабораториялык контролдоо жүргүзсүн;
- тийиштүү аймактык дарылоо-алдын алуучу мекемелерди шашылыш медициналык жардам көрсөтүү үчүн бекитип берсин;
- ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан балдардын ден соолугун чыңдоочу борборлорунун, ошондой эле мектеп алдындагы күндүз барып эс алуучу лагерлердин санитардык абалын контролдоону камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жол коопсуздугун сактоо бөлүкчөлөрүнүн балдар түшкөн автобустардын колонналарын коштоосун жана ден соолук чыңдоочу мекемелерде укук тартибин камсыз кылсын;
- автобустар жолго чыгаар алдында автотранспорттун техникалык абалына контролдоо жүргүзсүн.
6. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары балдардын ден соолугун чыңдоочу мекемелерге балдарды жеткирүү үчүн транспорт каражаттарын даярдашсын жана аларды күйүүчү май менен камсыз кылышсын.
7. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы балдардын ден соолугун чыңдоочу борборлорго Бишкек-Балыкчы-Бишкек жергиликтүү поезд каттамы менен 5 жаштан 16 жашка чейинки балдарды ташып жеткирүүдө балдар тарифин колдонсун жана балдардын жолдо жүрүүсүнүн, түшүп, чыгуусунун коопсуздугун камсыз кылсын.
8. "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомуна "Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалал-Абад электр" жана "Түндүк электр" ачык акционердик коомдорунун бөлүштүрүүчү компаниялары менен бирдикте балдардын жайкы эс алуу мезгилинде балдардын ден соолугун чыңдоочу борборлорду электр энергиясы менен камсыздоодо үзгүлтүккө жол бербөө боюнча чараларды көрүү сунушталсын.
9. 2009-жылы балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча республикалык штаб тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
10. 2009-жылы балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча республикалык штабдын ишин уюштуруу жана башка иштерин камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жүктөлсүн.
11. 2009-жылы балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча республикалык штаб Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргызстан профсоюздар федерациясына ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө маалыматты 2009-жылдын 1-ноябрына чейин берсин.
12. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Кыргызстан профсоюздар Премьер-министри федерациясынын төрагасы |
И.Чудинов Б.Иманалиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргызстан профсоюздар федерациясынын 2009-жылдын 3-июнундагы №345/24/12 токтому менен бекитилген |
2009-жылы балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча республикалык штабдын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы.