ЖарлыкКүчүн жоготту

КР Президентинин 2016-жылдын 18-августундагы ПЖ № 185 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 7-мартындагы «Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жарлыгы

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Президентинин 2022-жылдын 11-майындагы № 149 жарлыгынын негизинде

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2016-жылдын 18-августу ПЖ № 185

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 7-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине жана "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясына ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 7-мартындагы № 54 "Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңешинин курамында:

Кеңештин курамынан А.Ш.Осмоналиев, Т.И.Султанов, К.О.Иманалиев чыгарылсын;

Кеңештин курамына А.Ш.Султанов - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы, А.Ш.Дикамбаев - Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору, А.Ы.Мусаев - Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору киргизилсин.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Президент

 

А. Атамбаев