Загрузка документа…
КР Президентинин 2018-жылдын 2-августундагы ПЖ № 162 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2018-жылдын 19-январы ПЖ № 6
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы "2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы № 39 "2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы "2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 4-июлундагы № 126 Жарлыгынын 1-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С. Жээнбеков |
Тиркеме
2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын КУРАМЫ
Ниязов Ф.А. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси, Комиссиянын төрагасы; |
Комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Аттокуров Д.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Маматканов У.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
Мурзалиев А.Дж. | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; |
Мамытова Л.У. | - | Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары; |
Абилова М.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык өнүктүрүү, тарых жана маданият маселелери боюнча бөлүмүнүн эксперти; |
Амандыков М.Л. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директорунун орун басары; |
Кудайбергенов Т.Н. | - | "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Жамгырчиев А.М. | - | "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Мискенбаев М.Дж. | - | "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин башкармасынын мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Айдабосунова Н.И. | - | "Мекен шейиттери" коомдук бирикмесинин тең төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Бианки М. | - | "Мекен шейиттери" коомдук бирикмесинин тең төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Камаева А.Ү. | - | "Эр Теги" коомдук бирикмесинин тең төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Давлетбаев Т.М. | - | "Апрель. Элим. Кыргызстан" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча). |