Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2017-жылдын 11-апрели ПЖ № 73

Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. (КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 18-июлундагы № 161 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) Жарлыктын бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "коргоо" деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү "коопсуздук" деген сөз менен алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган Жарлыктын 2-тиркемесинин 1-пунктундагы "Коргоо" деген сөз "Коопсуздук" деген сөз менен алмаштырылсын.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Президент

 

А. Атамбаев