Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги N 236 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 5-июну № 361
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы №767 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин Бажы кызматын өнүктүрүү фонду тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 226 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин Бажы кызматын өнүктүрүү фонду тууралуу жобого төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- 6-пункттун "б" пунктчасына "ссуда берүүгө" деген сөздөрдөн кийин "жана "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пособие төлөөгө" деген сөздөр менен толукталсын.
2. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы №767 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
3. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | И.Чудинов |