Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-февралындагы № 109 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 5-июну № 363
"Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Спирт жана алкоголь продукциясын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 540 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Спирт жана алкоголь продукциясын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 540 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Спирт жана алкоголь продукциясын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Спирт жана алкоголь продукциясын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин кызматчыларынын чектик саны 51 штаттык бирдик санында (тейлөөчү персоналдарды кошпогондо) бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруучуукуктук жана башка маселелерди чечсин.
4. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 540 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Спирт жана алкоголь продукциясын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөттүнүн 2008-жылдын 2-майындагы № 198 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 363 токтомуна тиркеме |
┌─────────────────────────────────────────────────┐
│ Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана │
│ кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу │
│Спирт жана алкоголь продукциясын чыгаруу, сактоо │
│ жана сатып өткөрүү боюнча мамлекеттик агенттиги │
└───────────────────────┬─────────────────────────┘
│
V
┌─────┬─────────────────────────┬──────────────┐
│ │ │ │
V │ │ V
┌───────────────┐ │ ┌───────────────┐ │ ┌───────────────┐
│Баткен облусу │ │ │Ош облусу жана │ │ │Талас облусу │
│боюнча │ │ │Ош шаары │ │ │боюнча │
│региондук бөлүм│ │ │боюнча │ │ │региондук бөлүм│
└───────────────┘ │ │региондук бөлүм│ │ └───────────────┘
│ └───────────────┘ │
V V
┌────────────────────────┬───────────────────────────┐
│ │ │
V V V
┌───────────────┐ ┌───────────────┐ ┌───────────────┐
│Жалал-Абад │ │Нарын облусу │ │Ысык-Көл │
│облусу боюнча │ │боюнча │ │облусу боюнча │
│региондук бөлүм│ │региондук бөлүм│ │региондук бөлүм│
└───────────────┘ └───────────────┘ └───────────────┘
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр |
Н.Айтмурзаев |