Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-октябрындагы №249 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 19-февралындагы № 109
Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин алдындагы Этил спиртин жана алкоголдук продукциялардын өндүрүлүшүн жана жүгүртүлүшүн контролдоо боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө токтому
«Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин ишин натыйжалуу камсыз кылуу боюнча кээ бир чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 4-декабрындагы № 561 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин алдындагы Этил спиртин жана алкоголдук продукциялардын өндүрүлүшүн жана жүгүртүлүшүн контролдоо боюнча мамлекеттик инспекциясы жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин алдындагы Этил спиртин жана алкоголдук продукциялардын өндүрүлүшүн жана жүгүртүлүшүн контролдоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын башкаруу схемасы.
2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги белгиленген тартипте эки айлык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыккан ченемдик укуктук актыларды киргизсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 540 «Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Спирт жана алкоголь продукциясын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабрындагы № 672 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 2 пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 363 «Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Спирт жана алкоголь продукциясын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 540 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-февралындагы №109 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин алдындагы Этил спиртин жана алкоголдук продукциялардын өндүрүлүшүн жана жүгүртүлүшүн контролдоо боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу этил спиртинин жана алкоголдук продукциялардын өндүрүлүшүн жана жүгүртүлүшүн контролдоо боюнча мамлекеттик инспекция (мындан ары - Маминспекция) этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук подразделениеси болуп саналат.
2. Маминспекция өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышкан, белгиленген тартипте күчүнө кирген, эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Маминспекция мамлекеттик мекеме формасындагы юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы жазылган мөөрү, фирмалык бланктары, штамптары казына системасында алыш бериш эсептери болот.
4. Маминспекция өз ишинде Министрликке отчет берет.
5. Маминспекциянын борбордук аппаратын жана аймактык бөлүмдөрүн кармоого чыгымдарды каржылоо, республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынан жүргүзүлөт.
6. Маминспекциянын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 б, 4-кабат.
II. Маминспекциянын милдеттери
7. Маминспекциянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатын ишке ашыруу;
- этил спиртин жана алкоголдук продукциялардын өндүрүшүн жана жүгүртүшүн мамлекеттик жөнгө салуу.
III. Маминспекциянын функциялары
8. Негизги милдеттерди ишке ашыруу үчүн Маминспекция төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
- этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө тарифтик, фискалдык жана лицензиялык саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
- этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө экономикалык жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын иштеп чыгууга жана өз компетенциясынын алкагында ал чараларды ишке ашырууга катышуу;
- этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө улуттук стандарттарды, эл аралык стандарттар менен гармонизациялоо боюнча иштерге катышуу;
- этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча министрликке сунуштарды иштеп чыгуу жана киргизүү;
- этил спиртин жана алкоголдук продукциялардын өндүрүлүшүнө жана жүгүртүлүшүнө, анын сапатына жана коопсуздугуна мамлекеттик контрол уюштуруу жана жүргүзүү;
- этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү жаатында мыйзамдардын жана лицензиялык талаптарда жана техникалык регламенттерде каралган шарттардын сакталышына контрол жүргүзүү;
- этил спиртин өндүрүүгө жана жүгүртүүгө лицензия берүү, алкоголдук продукцияларды өндүрүүгө жана жүгүртүүгө (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүң жана чекене сатуу) лицензия берүү жана этил спиртин жана алкоголдук продукциялардын импортуна лицензия берүү;
- этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө техникалык регламенттерди иштеп чыгууга катышуу;
- этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү ишке ашыруучу чарбакер субъекттерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте текшерүү жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык укук бузган адамдарга администрациялык жаза берүүгө жана администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти кароого;
- Маминспекциянын жана анын регионалдык бөлүмдөрүнүн иши жөнүндө коомчулукту ачык - айкын, жеткиликтүү маалыматтар менен камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө жарандарды кабыл алуу, алардын ооз эки жана жазуу жүзүндө кайрылууларынын каралышын камсыз кылуу;
- жергиликтүү этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуу чараларын ишке ашырат;
- этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташууларга катышуу;
- этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө эсеп жана отчеттуулукту уюштуруу жана ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функциялар.
IV. Маминспекциянын укуктары
9. Маминспекция өзүнө жүктөлгөн милдеттери жана функцияларды ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык укук бузуу куралы же болбосо түздөн түз объектиси болуп саналган буюмдарды алууга;
- зарыл учурларда укук коргоо органдарына жана башка органдарга алардын компетенциясына тиешелүү материалдарды берүүгө, сотко доо арыз менен кайрылууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Маминспекциянын милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды суроого жана алууга;
- өз компетенциясынын чектеринде буйруктарды жана тескемелерди чыгарууга;
- өз компетенциясынын чектеринде анын структуралык подразделениелерине аткаруу үчүн милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берүүгө;
- Маминспекциянын штаттык тизимин жана түзүмүн бекитүү, өзгөртүү боюнча Министрликке сунуш берүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды ишке ашырууга.
V. Маминспекциянын ишин уюштуруу
10. Маминспекцияны Директор жетектейт, Ал кызматка Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министринин (мындан ары - Министр) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалат жана кызматтан бошотулат.
11. Маминспекциянын директорунун бир орун басары болот, ал Маминспекциянын директорунун сунушу боюнча Министр тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Маминспекциянын директору жок болгондо директордун орун басары анын кызматтык милдеттерин аткарат.
12. Маминспекциянын директору:
- Маминспекциянын, регионалдык бөлүмдөрдүн ишине жалпы жетекчилик жүргүзөт;
- Маминспекцияга жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткарууда жеке жоопкерчилик тартат;
- белгиленген штаттык тизимдин жана эмгек акы төлөө фондунун алкагында Маминспекциянын түзүмүн жана штаттык тизимин Министрдин бекитүүсүнө берет;
- белгиленген тартипте Маминспекциянын жана регионалдык бөлүмдөрдүн кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Маминспекциянын кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин аныктайт;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында буйруктарды жана тескемелерди чыгарат;
- Маминспекциянын түзүмдүк жана регионалдык бөлүмдөрү жөнүндө жобону бекитет;
- мамлекеттик органдарда, соттордо жана башка уюмдарда Маминспекциянын кызыкчылыгын коргойт;
- кесиптик кваликацияларды жогорулатууну уюштурат;
- белгиленген тартипте Маминспекциянын жана регионалдык бөлүмдөрдүн кызматкерлерине дициплинардык өндүрүп алууларды коет;
- белгиленген тартипте Маминспекциянын жана регионалдык бөлүмдөрдүн айырмаланган кызматкерлерине сыйлык берет, ошондой эле, Министрликке мындай кызматкерлерге ардак наамдарды берүү жана Кыргыз Республикасынын ведемстволук жана мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө сунуш берет;
- Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине ылайык администрациялык укук бузуу жөнүндө иштерди карайт жана администрациялык укук бузгандарга администрациялык жаза колдонот;
- Маминспекциянын директорунун орун басарынын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин маалыматын жана отчетун угат;
- Маминспекциянын аткарган иши жөнүндө кварталдык жана жылдык отчетторду Министрликке жиберет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Маминспекциянын ишин жетектөө боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
13. Маминспекциянын регионалдык бөлүмдөрү бар.
VI. Маминспекциянын мүлкү
14. Маминспекциянын оперативдүү башкаруу укугуна берилген мүлкү болот, ал мамлекеттик менчик болуп эсептелет.
15. Маминспекция ага бекитилген мүлктү, ошондой эле смета боюнча бөлүнгөн каражаттардын эсебинен сатып алынган мүлктү ажыратууга же башка ыкмалар менен колдонууга укуксуз.
VII. Өзгөртүп түзүү жана жоюу
16. Маминспекцияны өзгөртүп түзүү жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19 февралындагы №109 токтому менен бекитилген |
+---------------------------------------------+
¦ Кыргыз Республикасынын Экономикалык ¦
¦ тескөө министрлигин алдындагы Этил ¦
¦ спиртин жана алкоголдук продукциялардын ¦
¦ өндүрүлүшүн жана жүгүртүлүшүн ¦
¦ контролдоо боюнча мамлекеттик инспекция ¦
¦ (борбордук аппарат) ¦
+---------------------------------------------+
¦
+--------------------------+-------------------------+
v ¦ v ¦ v
+----------------+ ¦ +----------------------+ ¦ +----------------+
¦Баткен облусу ¦ ¦ ¦Ош облусу жана Ош ¦ ¦ ¦Талас облусу ¦
¦боюнча региондук¦ ¦ ¦шаары боюнча региондук¦ ¦ ¦боюнча региондук¦
¦бөлүмү ¦ ¦ ¦бөлүмү ¦ ¦ ¦бөлүмү ¦
+----------------+ ¦ +----------------------+ ¦ +----------------+
v v
+---------------------------------------------------+
v v v
+-----------------+ +----------------------+ +----------------+
¦Жалал-Абад облусу¦ ¦Нарын облусу боюнча ¦ ¦Ысык-Көл облусу ¦
¦боюнча региондук ¦ ¦региондук бөлүмү ¦ ¦боюнча региондук¦
¦бөлүмү ¦ ¦ ¦ ¦бөлүмү ¦
+-----------------+ +----------------------+ +----------------+
|
|