Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 536 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 27-июну № 418
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин ведомстволук форма кийимдери жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-ноябрындагы № 686 токтомунун редакциясына ылайык)
"Аскердик, атайын жана ведомстволук кийим кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 24-августундагы № 560 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин ведомстволук форма кийимдерин кийүү эрежеси;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин ведомстволук форма кийимдеринин сүрөттөлүшү;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин ведомстволук форма кийимдерин кийүү мөөнөтү.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде жыл сайын каралуучу каражаттын эсебинен ведомстволук форма кийим менен министрликтин кызматкерлерин камсыз кылуу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жыл сайын ведомстволук форма кийим менен кызматкерлерди камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине каралуучу каражаттардын чегинде республикалык бюджеттен каражат бөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-июнундагы № 418 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-ноябрындагы № 686 токтомунун редакциясына ылайык)
Эркектердин күнүмдүк форма кийиминин сүрөттөлүшү
Эркектердин күнүмдүк форма кийими: бешмант, шым, көйнөк, жагоо, ошондой эле бут кийимден турат. Кездеменин өңү жана курамы белгиленген тартипте Министрликтин жетекчилиги тарабынан аныкталат.
Бешмант
Бешмант денеге жарым-жартылай кынама, капталы тилик, көөдөнү ачык, бешмант тибиндеги жакасы бар, бир борттуу, диаметри 22 мм эки металл топчу менен топчуланат. Бешманттын өңүрлөрү белинен таналган жана капкалдырыктуу тилик жан чөнтөктөрү бар. Учасында тигиш дал ортосунан өтүп, этеги тилик. Жеңи орнотулма, кош тигиштүү, диаметри 14-16 мм эки металл топчу тагылат. Бешмант ичтелген, ичинин сол жана оң өңүрлөрүндө бир топчу менен топчулануучу эки ички чөнтөк, ошондой эле сол жагында төш чөнтөк жайгашкан.
Шым
Шым классикалык формада, кыр чыгарылып үтүктөлгөн, алдыңкы жарымына жан чөнтөк салынып, бүйрүлгөн кош тигиш менен сыдырма салынган. Шымдын арткы бөлүгү белинен таналган. Артынын оң жагында капкалдырыктуу тилик чөнтөк салынып, ал топчу менен топчуланат. Белине кашат салынып, ички бетине атайын кең тасма тигилет. Шымдын белинде 6 куркармагыч, илмек жана бүчүлүк жайгашкан. Шымдын багалегине атайын тасма тигилет. Шымдын алдынкы бөлүгү тизеге чейин ичтелет.
Көйнөк
Көйнөк түз тигилип, ага сегиз топчу тагылат. Тик жакалуу. Сол өңүрүнө каптама төш чөнтөк салынат. Учасы кокеткалуу. Жеңи эки топчулуу манжети, планкасы менен мезгилге жараша узун же кыска болот.
Жагоо
Костюмдун түсүнө өңдөш кездемеден жасалат.
Бут кийим
Туфли кара же кочкул түстө болот.
Аялдардын күнүмдүк форма кийиминин сүрөттөлүшү
Аялдардын күнүмдүк форма кийими: жакеттен, мезгилге жараша юбкадан же шымдан жана блузкадан, жагоодон, ошондой эле бут кийимден турат. Кездеменин өңү жана курамы белгиленген тартипте Министрликтин жетекчилиги тарабынан белгиленет.
Жакет
Жакет денеге жарым-жартылай кынама, капталы тилик, көөдөнү ачык, бешмант тибиндеги жакасы бар, бир борттуу, диаметри 22 мм эки металл топчу менен топчуланат. Жакеттин өңүрлөрү белинен таналган жана капкалдырыктуу тилик чөнтөктөрү бар. Учасында тигиш дал ортосунан өтүп, ийиндери таналган. Жеңи орнотулма, кош тигиштүү, диаметри 14-16 мм эки металл топчу тагылат.
Юбка
Юбка түз тигилип, арты тилик, бели таналган жана кашат салынган. Юбканын артынын тигиши дал ортосунан өтүп, сыдырмасы салынган жана бир топчу менен топчуланат.
Шым
Шым классикалык формада тигилип, кыр чыгарылып үтүктөлгөн, алдыңкы бөлүктөрүндө жан чөнтөктөрү бар, сыдырма салынган.
Блузка
Блузка түз тигилип, жети топчу менен топчуланат. Тик жакалуу. Эки өңүрү көкүрөгүнөн таналган. Мезгилге жараша жеңи кыска же узун.
Бут кийим
Бут кийим кара же кочкул түстө.
Талаа форма кийиминин сүрөттөлүшү
Талаа форма кийими: жылууланган кышкы күрмө, жаз-күз кийүүчү күрмө, талаа күрмөсү жана шым, жайкы кепка, кышкы кепка (жылууланган), пуловер, кыска жеңдүү майка (футболка) жана ботинкадан турат. Кездеменин курамы белгиленген тартипте Министрликтин жетекчилиги тарабынан аныкталат.
Жылууланган кышкы күрмө
Жылууланган кышкы күрмө. Жакасы - тик. Тилик жан чөнтөктүү. Учасы кокеткалуу. Өңүрлөрү түз тигилген, топчулугу жашыруун, сыдырма менен чыгарылма капюшону бар (жакага бекитүү үчүн тырс этме менен жабдылган). Күрмөнүн учасында айлана боюнча "ӨКМ Кыргызстан МЧС" деген жазуу бар. Жеңи орнотулма, кош тигиштүү. Ошондой эле сол жеңинде "МЧС Кыргызстан" деген шеврон тигилген. Топчулугу жашыруун. Кокетка сызыгы учасында, жең учтарына, чөнтөктөрүнүн четине кош тигиш салынган. Күрмөнүн бел сызыктары боюнча жашырын кулиса өтөт. Өңүрлөрүндө каптама чөнтөктөрү бар. Сол жак чөнтөгүндө "Кандын тобу" деген жазуу орун алган. Оң жак чөнтөгүндө "Кыргызстан же аты-жөнү" деген жазуу жайгашкан.
Жаз-күз кийилүүчү күрмө
Жакасы тик. Каптама жан чөнтөктүү. Өңүрлөрү түз тигилген, топчулугу жашыруун, сыдырма менен чыгарылма капюшону бар (жакага бекитүү үчүн тырс этме менен жабдылган). Күрмөнүн учасында айлана боюнча "ӨКМ Кыргызстан МЧС" деген жазуу бар. Сол жеңинде "МЧС Кыргызстан" деген шеврон тигилген. Кокетка сызыгы учасында, жең учтарына, чентөктөрүнүн четине кош тигиш салынган. Күрмөнүн бел сызыктары боюнча жашырын кулиса өтөт. Өңүрлөрүндө каптама чөнтөктөрү бар. Сол жак чөнтөгүндө "Кандын тобу" деген жазуу орун алган. Оң жак чөнтөгүндө "Кыргызстан же аты-жөнү" деген жазуу жайгашкан.
Жайкы талаа күрмөсү жана шым
Күрмө кайырма жакалуу, бооруна сыдырма салынган, бел курчалуу. Өңүрлөрү түз, сол жагында ички чөнтөк жана тырс этме менен топчулануучу фигуралуу капкалдырык бар. Учасы кокеткалуу. Күрмөнүн учасында айлана боюнча "ӨКМ Кыргызстан МЧС" деген жазуу бар. Жеңи алып-такма, бир тигиштүү орнотулма, манжети менен. Сол жеңинде "МЧС Кыргызстан" деген шеврон тигилген. Кокетканын учасына 3 сантиметрлүү жарык чагылдыруучу кездеме тигилген. Өңүрлөрүндөгү алдыңкы чөнтөктөргө сол жагынан - "Кандын тобу", оң жагынан - "Кыргызстан же аты-жөнү" деген жазуулар жайгашкан. Каптама чөнтөктөрүндө эки тараптан тең жашыруун сыдырма жайгашкан. Күрмөнүн белине чоймо тагылган. Күрмөнүн төмөн жагында сыдырмалуу чөнтөктөр бар.
Шымга кашат салынган, топчу менен топчуланат, кур өткөргүчү бар. Шымдын сол тарабына каптама чөнтөк салынган. Артына тегерете кийринди киргизилген.
Жайкы кепка
Кепка сүйрү формадагы төбөдөн, алкактан, кырбуу жана кайырмадан турат. Кепканын каптал жактарына үч желдетме металл көзөнөкчө жайгашкан. Алкактын маңдайына ушул эле кездемеден өрүлгөн боо тагылган. Алкакта Жарандык коргонуунун жана Куткаруучулардын эл аралык белгилери бастырылган.
Кышкы кепка (жылууланган)
Кепка сүйрү формадагы төбөдөн, алкактан, кырбуу жана жылуу кайырмадан турат. Алкактын маңдайына ушул эле кездемеден боо тагылган. Алкакта Жарандык коргонуунун жана Куткаруучулардын эл аралык белгилери бастырылган.
Пуловер
Пуловер узун жеңдүү, жакасы "V" түрүндө оюлган.
Чолок жеңдүү майка (футболка)
Майка - моюну боюнча манжет-чоймо салынган, учасында айлана боюнча "ӨКМ Кыргызстан МЧС" деген жазуу бар. Футболканын алдыңкы бөлүгүнүн сол жагында "МЧС Кыргызстан" деген шеврон тигилген. Жеңи орнотулма, бир тигиштүү, жең учуна жана футболканын этегине кош тигиш салынган.
Ботинка
Ботинка кара түстө.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-июнундагы № 418 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-ноябрындагы № 686 токтомунун редакциясына ылайык)
┌──┬───────────────────┬─────────────┬────┬─────────────┬─────────────┐
│№ │ Буюмдун аталышы │Өлчөө бирдиги│Саны│Мөөнөтү (жыл)│ Эскертүү │
├──┴───────────────────┴─────────────┴────┴─────────────┴─────────────┤
│ I. Күнүмдүк форма кийими │
├──┬───────────────────┬─────────────┬────┬─────────────┬─────────────┤
│1 │Жакет │ даана │ 1 │ 2 │ │
├──┼───────────────────┼─────────────┼────┼─────────────┼─────────────┤
│2 │Бешмант │ даана │ 1 │ 2 │ │
├──┼───────────────────┼─────────────┼────┼─────────────┼─────────────┤
│3 │Юбка │ даана │ 1 │ 2 │ │
├──┼───────────────────┼─────────────┼────┼─────────────┼─────────────┤
│4 │Аялдардын шымы │ даана │ 1 │ 2 │ │
├──┼───────────────────┼─────────────┼────┼─────────────┼─────────────┤
│5 │Эркектердин шымы │ даана │ 1 │ 2 │ │
├──┼───────────────────┼─────────────┼────┼─────────────┼─────────────┤
│6 │Блузка │ даана │ 4 │ 2 │2 даана кыска│
│ │ │ │ │ │жеңдүү, │
│ │ │ │ │ │2 даана узун │
│ │ │ │ │ │жеңдүү │
├──┼───────────────────┼─────────────┼────┼─────────────┼─────────────┤
│7 │Көйнөк │ даана │ 4 │ 2 │2 даана кыска│
│ │ │ │ │ │жеңдүү, │
│ │ │ │ │ │2 даана узун │
│ │ │ │ │ │жеңдүү │
├──┼───────────────────┼─────────────┼────┼─────────────┼─────────────┤
│8 │Эркектердин жагоосу│ даана │ 2 │ 2 │ │
├──┼───────────────────┴─────────────┴────┴─────────────┴─────────────┤
│9 │(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-ноябрындагы № 686 токтомуна ылайык │
│ │күчүн жоготту) │
├──┼───────────────────┬─────────────┬────┬─────────────┬─────────────┤
│10│Аялдардын бут │ жуп │ 2 │ 3 │ │
│ │кийими │ │ │ │ │
├──┼───────────────────┼─────────────┼────┼─────────────┼─────────────┤
│11│Эркектердин бут │ жуп │ 2 │ 3 │ │
│ │кийими │ │ │ │ │
├──┴───────────────────┴─────────────┴────┴─────────────┴─────────────┤
│ II. Талаа форма кийими │
├──┬───────────────────┬─────────────┬────┬─────────────┬─────────────┤
│12│Жылууланган кышкы │ даана │ 1 │ 2 │ │
│ │күрмө │ │ │ │ │
├──┼───────────────────┼─────────────┼────┼─────────────┼─────────────┤
│13│Жаз-күз кийилүүчү │ даана │ 1 │ 2 │ │
│ │күрмө │ │ │ │ │
├──┼───────────────────┼─────────────┼────┼─────────────┼─────────────┤
│14│Жайкы талаа күрмөсү│ к-т │ 1 │ 9 │ │
│ │жана шым │ │ │ │ │
├──┼───────────────────┼─────────────┼────┼─────────────┼─────────────┤
│15│Жайкы кепка │ даана │ 1 │ 2 │ │
├──┼───────────────────┼─────────────┼────┼─────────────┼─────────────┤
│16│Кышкы (жылууланган)│ даана │ 1 │ 2 │ │
│ │кепка │ │ │ │ │
├──┼───────────────────┼─────────────┼────┼─────────────┼─────────────┤
│17│Пуловер │ даана │ 1 │ 2 │ │
├──┼───────────────────┼─────────────┼────┼─────────────┼─────────────┤
│18│Майка (футболка) │ даана │ 4 │ 2 │ │
├──┼───────────────────┼─────────────┼────┼─────────────┼─────────────┤
│19│Ботинка │ жуп │ 1 │ 1 │ │
└──┴───────────────────┴─────────────┴────┴─────────────┴─────────────┘