ТоктомКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-июнундагы №419 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы №313 «Токой жана аңчылык чарбалардын, мамлекеттик коруктардын жана улуттук жаратылыштык парктардын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү тартипке келтирүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу»токтомуна

Редакция27.062009 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 27-июну № 419

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы № 313 "Токой жана аңчылык чарбалардын, мамлекеттик коруктардын жана улуттук жаратылыштык парктардын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы № 313 "Токой жана аңчылык чарбалардын, мамлекеттик коруктардын жана улуттук жаратылыштык парктардын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"2. Токой жана аңчылык чарбалардын, мамлекеттик коруктардын жана улуттук жаратылыштык парктардын кызматкерлери үчүн Бирдиктүү тарифтик торчонун биринчи разрядынын өлчөмү төмөнкүдөй белгиленсин:

- 2007-жылдын 1-июлунан тартып - 340 сом;

- 2008-жылдын 1-январынан тартып - 530 сом;

- 2009-жылдын 1-январынан тартып - 690 сом.".

 

Премьер-министр

И.Чудинов