Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 6-июлу № 446 токтомуна ылайык
кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 13-майы № 213
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июлундагы № 424 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 14-апрелиндеги № 295-V " 1994-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июлундагы № 424 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун жарактуулук мөөнөтү төмөнкүдөй узартылсын:
- 60 жашка чейинки курактагыларга 2011-жылдын 31-декабрына чейин;
- 60 жаштагы жана андан жогорку курактагыларга мөөнөтсүз.";
- 2-пунктта:
экинчи абзацтагы "2010-жылдын 31-декабрына чейин" деген сөздөр жана цифралар алып салынсын;
үчүнчү абзац күчүн жоготту деп табылсын;
төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- жарактуулук мөөнөтү ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык узартылган, Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорту 2012-жылдын 1-январынан баштап Кыргыз Республикасынан тышкары жактарга чыгуу үчүн жараксыз, буга Кыргыз Республикасынын жаранынын жарактуулук мөөнөтү аяктай элек паспорттору кирбейт.";
- 3-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пункттагы "2010" деген цифралар "2011" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулушу, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн".
2. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министр | А.Атамбаев |