Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 4-июлу №428
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.С.Керимова демилге кылган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | И.Чудинов
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-июлундагы №426 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешининтдепутаты Н.С.Керимова демилге кылган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.С.Керимова демилге кылган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү билдирет.
Кароого киргизилген мыйзам долбоорунда мүлк салыгын эсептөөнүн жаңы механизми жана коммерциялык эмес уюмдардын (муктаж болгон балдарды, кары-картаңдарды жана майыптарды социалдык колдоону жүргүзгөн) жана кайрымдуулук уюмдарынын мүлк объекттерин мүлк салыгынан жана жер салыгынан бошотуу сунуш кылынган.
Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин заседаниесинин жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2009-жылдын 30-октябрына чейинки мөөнөттө кыймылсыз мүлк салыгын эсептөөнүн жана төлөөнүн механизмине дифференциалдык эсептөөлөрдү жана тиешелүү түрдө ылдыйлатылган коэффициентти камтыган өзгөртүүлөрдү киргизүүнү кароо менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыгуу тапшырылган.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-мартындагы № 84 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамында 2009-жылы кыймылсыз мүлк салыгын колдонууга мораторий киргизүү каралган.
Азыркы учурда чарбакер субъекттердин, ишкерлердин жана мекемелердин көптөгөн кайрылууларына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын жаңы Салык кодексинин айрым жоболорунун натыйжалуулугун иликтөө жана баалоо максатында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2009-жылдын 31-январындагы № 43 буйругу менен ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн.
Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул мыйзам долбоорун кабыл алуу али эрте, ошондой эле мыйзам долбоорунда сунуш кылынган оңдоолорду жогоруда аталган ведомстволор аралык комиссиянын ишинин алкагында карап чыгуу максатка ылайыктуу деп эсептейт.