Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 6-июлу № 433
"Жаштар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы № 514 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 10-декабрындагы "Ч.Т.Айтматовдун элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жаштар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы № 514 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышында жана бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "жаштар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сыйлыктары" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-пунктта "Кыргыз Республикасынын Туризм, спорт жана жаштар саясаты мамлекеттик комитетине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикке" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пунктта "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү башкармалыгы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- аталган токтом менен бекитилген Жаштар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сыйлыгын изденип алууга чыгармаларды, иштер менен материалдарды көрсөтүү, кабыл алуу жана карап чыгуу тартиби жөнүндө жободо:
аталышында жана бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "жаштар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сыйлыктары" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-пункттун үчүнчү абзацында "Кыргыз Республикасынын Туризм, спорт жана жаштар саясаты мамлекеттик комитетине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикке" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4-пунктта "жаштардын сыйлыгын" деген сөздөр "Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5-пунктта "жаштар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сыйлыгын" деген сөздөр "Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6-пунктта "Кыргыз Республикасынын Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин жаштар саясаты бөлүмү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Жаштар иштери боюнча департаменти" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- Жаштар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сыйлыктарын ыйгаруу боюнча комиссиянын курамы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-октябрындагы № 476 "Жаштар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы № 514 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр |
И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-июлундагы № 433 токтомуна тиркеме
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-августундагы № 514 токтому менен бекитилген |
Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, комиссиянын төрагасынын орун басары.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жаштар, гендер саясаты, дене тарбия жана спорт боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Жаштар иштери боюнча департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин Жаштар эмгек биржасынын директору;
Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын директору;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын башкы окумуштуу катчысы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын балдар жана жаштар программасы студиясынын башкы редактору (макулдашуу боюнча);
Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт өнөрү музейинин директору;
Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору;
Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин Инновациялык кесиптер институтунун дизайн-студиясынын директору.".
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н.Айтмурзаев |