Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 10-июлу №446
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика, бюджет жана финансы боюнча комитети демилге кылган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна корутунду жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-июлундагы №446 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика, бюджет жана финансы боюнча комитети демилге кылган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде чарбакер субъекттерге салык салуунун бирдиктүү ыкмасы каралган жана салыкты милдеттүү түрдө бюджетке төлөө, салык салуунун аныктыгы, адилеттүүлүгү, салык системасынын бирдиктүүлүгү принциптерине негизделген.
2009-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын жаңы Салык кодексинде экономикалык иш үчүн бир катар олуттуу жеңилдиктер, анын ичинде лизинг субъекттери жана агрардык сектор үчүн жеңилдиктер каралган. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын жаңы Салык кодекси колдонууга киргизилгендигине байланыштуу бюджеттин жоготуулары болжол менен 3,4 млрд. сомду түздү. Ошондой эле ушул Кодекс колдонууга киргизилген мезгилден баштап салык мыйзамдарына бир нече оңдоолор киргизилип, аларда кыймылсыз мүлк салыгын 2010-жылдын 1-январынан баштап киргизүүнү кошкондо, чарбакер субъекттер үчүн салыктын өзгөчө жеңилдиктери каралган. Ушуга байланыштуу бюджетке болжол менен 750 млн. сом түшпөй калган. Мындан тышкары, дүйнөлүк финансылык кризистин таасири астында экономиканын өсүш темпи жайлап калгандыгына байланыштуу 2009-жылдагы бюджетке киргизилген өзгөртүүлөргө жана оңдоолорго ылайык мамлекеттик бюджеттин салык кирешелериндеги жоготуусу жалпысынан алганда 4,4 млрд. сомду түзгөн.
Салык төлөөчүлөрдүн айрым категорияларына берилүүчү, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралбаган салык жеңилдиктери салык салуунун негизги принциптеринин бири болгон адилеттүүлүк принцибинин бузулушуна алып келет. Бул принцип салык төлөөчүлөрдүн бардык категориялары үчүн экономикалык иштин бирдей шарттарын жана салыктарды салык төлөөчүлөрдүн ортосунда адилеттүүлүк жана теңдештирүү принциби боюнча бөлүштүрүүнүн механизмин түзүүнү карайт. Экономикалык иштин кайсы бир түрүнө салык жеңилдиктерин бергенде, мамлекет албай калган кирешелердин ордун толтуруу үчүн иштин башка түрлөрүнө салык төлөмдөрүн жогорулатууга аргасыз болот. Мына ушунун айынан салык жүктөмүн тең эмес бөлүштүрүү келип чыгат.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жоболорунда лизингге жеңилдетилген салык салуу каралган.
Алсак, Кыргыз Республикасынын жаңы Салык кодексинде төмөнкүлөр каралган:
- чарбакер субъект финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча негизги каражаттарды импорттогондо, ушул чарбакер субъектти КНС төлөөчү катары катталган фактысына карабай, кошумча нарк салыгынан бошотуу;
- финансылык ижаранын (лизингдин) предмети болуп эсептелген негизги каражаттарды оңдоого кеткен чыгымдарды эсептен алып салуу;
- финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча лизинг берүүчү-резиденттер алган проценттерге проценттик салык салынбайт;
- финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча негизги каражаттарды жана төлөмдөрдү өткөрүп берүү лизинг берүүчү алууга тийиш болгон проценттердин суммасы бөлүгү салыктан бошотулган жеткирүүлөр болуп эсептелет;
- лизинг берүүчү алууга тийиш болгон финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча негизги каражаттарды жана төлөмдөрдү өткөрүп берүүдө төмөндө саналган шарттардын бири сакталса, КНСтен бошотулган жеткирүүлөр болуп эсептелет:
1) эгерде өткөрүлүп берилүүчү негизги каражаттарды импортоо ушул бөлүмгө ылайык КНС төлөмүнөн бошотулган болсо;
2) эгерде лизинг берүүчү аталган негизги каражаттарды салык салынбаган субъект болуп эсептелген чарбакер субъекттерден сатып алса.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мыйзам долбоорунда каралгандай 259-беренени 3-бөлүк менен толуктоо максатка ылайыктуу эмес деп эсептейт, себеби "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 3-пунктунун жобосу Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдарынын негизинде колдонулушу мүмкүн, тактап айтканда:
Кыргыз Республикасынын бажы аймагына айыл чарба техникасын жана/же жабдууну негизги каражат катары импорттоодо лизинг алуучу аныкталса, негизги каражатка Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 259-беренесинин жоболору колдонулушу мүмкүн.
Алсак, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 259-беренесинин 3-пунктуна ылайык ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган, өздүк өндүрүш максаттарында жана товардык-сервис кооперативинин жана/же чарбакер субъекттин мүчөлөрү үчүн финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча айыл чарба өндүрүүчү жана айыл чарбалык товардык-сервис кооперативи тарабынан тикелей жүргүзүлүүчү негизги каражаттарды импорттоо ушул чарбакер субъект КНС төлөөчү катары катталган фактысына карабай, КНС төлөөдөн бошотулат.
Кыргыз Республикасынын бажы аймагына айыл чарба техникасын жана/же жабдууну импорттоодо негизги каражатты алуучу катары лизинг алуучу аныкталбаса, негизги каражат бажы кампасынын бажы режимине жайгаштырылышы мүмкүн.
Алсак, Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 14-главасына ылайык бажы кампасы - бул бажы режими, анда Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып киргизилген товарлар бажы кампасы статусуна ээ болгон атайын жайларда же атайын аймактарда бажы контролдугунда, бажы алымдарын, салыктарын төлөөсүз сакталат, сактоо мезгилинде товарларга тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулбайт. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкалар каралбаса, товарлар бажы кампасы режиминде үч жыл бою сакталышы мүмкүн. Мындай учурда бажы органын алдын ала кабарлоо шарты менен бажы кампасындагы товарларды ажыратууга, аларды колдонуу, ээлөө же тескөө укуктарын өткөрүп берүүгө жол берилет. Бул Кодекске ылайык товарларды башка бажы режимине жайгаштырганда бажы кампасынын бажы режими аяктайт.
Ошентип, негизги каражат катары импорттолуп, бажы кампасына жайгаштырылган айыл чарба техникасын жана/же жабдуусун лизинг берүүчү негизги каражат катары андан ары башка бажы режимине жайгаштырып, тактап айтканда эркин жүгүртүү үчүн чыгарып, ага ээлик кылуу укугун лизинг алуучуга бериши мүмкүн. Эркин жүгүртүүгө чыгарганда аталган негизги каражатка Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 259-беренесинин жоболору колдонулушу мүмкүн.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-мартындагы № 84 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамында 2009-жылы кыймылсыз мүлк салыгына мораторий киргизүү каралган.
Мүлк салыгы боюнча көптөгөн эскертүүлөрдүн жана сунуштардын түшкөндүгүнө байланыштуу "Мүлк салыгы" деген XIII бөлүмгө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 31-январындагы № 43-б буйругу менен түзүлгөн Ведомстволор аралык комиссиянын ишинин алкаганда бир мыйзам долбоору менен комплекстүү киргизүү максатка туура келет деп эсептейбиз.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 18-декабрындагы № 826-IV токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө негизсиз салык жана бажы бошотууларын, салык жана бажы төлөмдөрү боюнча жеңилдиктерди жана мөөнөтүн узартууларды берүү практикасын токтотуу тапшырылган.
Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика, бюджет жана финансы комитети демилге кылган Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алуу максатка ылайык келбейт деп эсептейт.