Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 16-июлу № 457
2009-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн өз убагында жана уюшкандыкта жыйноону камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө
Дан жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн оптималдуу агротехникалык мөөнөттө өз убагында жана уюшкандыкта жыйноону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Облустардын жана райондордун мамлекеттик администрацияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары:
- облустар, райондор, айылдык округдар боюнча кылкандуу дан эгиндеринин түшүмүн жыйноонун тиешелүү графиктерин бир жумалык мөөнөттө иштеп чыгышсын жана бекитишсин, дандын бышуу мөөнөттөрүн эске алып, эгин оруп-жыйноочу комбайндардын жүрүү маршруттарынын схемаларын түзүшсүн;
- эгин оруп-жыйноочу комбайндардын жана транспорттук техниканын даярдыгын катарга коюуну уюштурушсун;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо мезгилинде айыл чарба техникасын оңдоо жана техникалык күтүү боюнча мобилдүү тейлөө кызматтарынын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылышсын;
- үрөн тазалоо техникаларынын, кырмандардын жана кампалардын, тараза чарбасынын ишке даярдыгын камсыз кылышсын, өстүрүлгөн түшүмдү тездикте кайрадан иштетүү жана сактоо үчүн зарыл шарттарды түзүшсүн;
- ар бир айылдык округда:
кылкандуу дан эгиндеринин эң жакшы сортторунун себүүлөрүн үрөндүк максатта бөлүшсүн, алардын түшүмдөрүн түшүмдү жыйнагандан кийин жана тиешелүү түрдө даярдагандан кийин 2010-жылы түшүм алуу үчүн күздүк жана жаздык себүүгө колдонушсун;
андан ары талаага сээп көрүү жана райондор аралык жана райондук мамлекеттик үрөн инспекциялары тарабынан тиешелүү сорттук документтерди тариздөө менен текшерүүлөрдү, түрдүк жана сорттук отоолорду жүргүзүшсүн;
түшүм топтоо үчүн жүгөрүнү жана техникалык өсүмдүктөрдү өстүрүү боюнча зарыл болгон иш-чараларды жүргүзүүнү уюштурушсун;
химиялык жана өсүмдүктөрдү коргоонун башка каражаттарын колдонуу менен айыл чарба өсүмдүктөрүнүн илдеттерине жана зыянкечтерине каршы күрөшүүнү жүргүзүшсүн.
2. Ысык-Көл жана Нарын облустарынын мамлекеттик администрацияларынын башчылары:
- Чүй облусунан эгин оруп-жыйноочу комбайндарды тартууну уюштурушсун;
- кылкандуу дан эгиндеринин түшүмүн жыйноо боюнча үзгүлтүксүз иштөө үчүн тартылган комбайнчыларга шарттарды түзүп беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги:
- республиканын үрөн чарбаларындагы жогорку репродукциядагы (суперэлита жана элита) күздүк жана жаздык буудайдын, күздүк жана жаздык арпанын үрөндүк себүүлөрүн эсепке алууну жүргүзсүн, түрдүк жана сорттук отоолорду жана талаадагы сээп көрүүлөрдү контролдосун;
- дан өсүмдүктөрүнүн үрөндүк себүүлөрүн өз убагында жыйнап алууну, жыйналган түшүмдү алгачкы даярдоону жана себүүгө чейинки кондицияга жеткирүүнү, үрөндөрдү маркировкалоону жана таңгактоону, сорттук жана себүү сапаттарын сактоону контролдоону камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик 2009-жылдын 25-июлуна чейинки мөөнөттө төмөнкүлөрдү белгилесин:
- айылдык товар өндүрүүчүлөр тарабынан мамлекеттик займдык каражаттар боюнча карыздарды тындыруунун эсебинен берилүүчү, Мамстандарттын 9353-90 "Буудай. Даярдоодогу жана жеткирүүдөгү талаптар" деген талаптарына жооп берген азык-түлүк буудай данына коюлган бааларды;
- республикалык мамлекеттик үрөн фондунда топтолгон жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги тарабынан сатып алынуучу күздүк буудайдын жана күздүк арпанын сорттуу үрөндөрүнө коюлуучу сатып алуу бааларын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-февралындагы №114 "2009-жылы жазгы-талаа иштерин ийгиликтүү өткөрүүнү камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 27-ноябрындагы Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна ылайык сатып алынган дизелдик отундун 5,07 миң куб.м өлчөмүндөгү алынбаган калдыктарын 2009-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо үчүн айылдык товар өндүрүүчүлөргө сатсын;
- мамлекеттик материалдык резервден жаңыртуу тартибинде жана товардык кредит түрүндө мурда берилген азык-түлүк буудай данын кайтаруу боюнча чараларды көрсүн.
6. "Агроазык-түлүк корпорациясы" ачык акционердик коомуна республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн колдоо максатында азык-түлүк буудай данын сатып алуунун шарттары жөнүндө сунуштарды 2009-жылдын 25-июлуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү сунуш кылынсын.
7. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өстүрүлгөн түшүмүн жыйноону үзгүлтүксүз жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги Кыргыз Республикасынын Нефти трейдерлери ассоциациясы менен бирдикте күйүүчү-майлоочу материалдарды тиркемеге ылайык көлөмдө топтоону камсыз кылсын.
8. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы:
- республиканын кант өстүрүүчүлөрүнөн алынган кант кызылчасын кабыл алуу пункттарынан баштап иштетүүчү жерлерге чейин ташуу үчүн "Кайыңды-Кант" ачык акционердик коомунун табыштамаларынын негизинде вагондорду үзгүлтүксүз бөлүп берүүнү камсыз кылсын;
- 2009-жылдагы кант кызылчасынын түшүмүн кабыл алууда жана ташууда жүктөө жана түшүрүү үчүн вагондордун туруп калуусунун экономикалык жактан негизделген нормативдерин белгилесин.
9. Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук институтуна менчиктин бардык түрлөрүндөгү чарбакер субъекттердин айыл чарба өсүмдүктөрдүн түшүмүн жыйноо мезгилинде тартылган тараза чарбасын жана өлчөө приборлорун өз убагында текшерүүнү уюштуруу сунуш кылынсын.
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-июлундагы №457 токтомуна тиркеме |
2009-жылы тушүм жыйноо үчүн айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн күйүүчү-майлоочу материалдарга болгон муктаждыгы
Облустардын аталышы | Дизелдик отун | Бензин | Дизелдик май | Автол |
Баткен облусу | 2160 | 648 | 71 | 23 |
Жалал-Абад облусу | 5160 | 1548 | 170 | 56 |
Ысык-Көл облусу | 6458 | 1938 | 214 | 70 |
Нарын облусу | 3602 | 1080 | 118 | 39 |
Ош облусу | 5775 | 1732 | 190 | 63 |
Талас облусу | 3474 | 1042 | 115 | 38 |
Республика боюнча | 13990 | 4197 | 462 | 152 |
Чүй облусу | 40619 | 12185 | 1340 | 441 |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр |
Н. Айтмурзаев |