Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 22-июлу № 467
Ипотекалык кредиттөө шарттарында Бишкек шаарынын "Жал" турак жай конушунун № 29 кичи районундагы № 26, 27, 28а, 286, 29а, 296 көп квартиралуу турак үйлөрдү эксперименттик долбоорлоо, куруу жана субсидиялоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 26-ноябрындагы №562 "Кыргыз Республикасында турак жай курулушунун 2008-2010-жылдарга карата улуттук программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында турак жай курулушунун 2008-2010-жылдарга карата улуттук программасын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик субсидияларды пайдалануу менен ипотекалык кредиттөө шарттарында Бишкек шаарынын "Жал" турак жай конушунун № 29 кичи районундагы № 26, 27, 28а, 286, 29а, 296 курулуп жаткан эксперименттик турак үйлөрдөн квартира укугун алуунун шарттары жана эрежелери жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Бишкек шаарынын "Жал" турак жай конушунун № 29 кичи районундагы № 26, 27, 28а, 286, 29а, 296 көп квартиралуу турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу, жаратылыш ресурстарын пайдалануу эсебинен жылытуу системасынын альтернативалык булактарын киргизүүнү эске алуу менен эксперименттик долбоор деп эсептелсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги баштапкы мүчөлүк акыны жана коммерциялык банктын ипотекалык кредити боюнча проценттик ставканы субсидиялоо үчүн тийиштүү каражаттарды караштырсын.
4. Төмөнкүлөр аныкталсын:
- көрсөтүлгөн турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиги;
- турак үйлөрдү куруу боюнча техникалык заказчы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин Турак жай-жарандык курулуш башкармалыгы.
5. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясат бөлүмүнө жана курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |