Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-июлундагы №467 токтому менен бекитилген |
Мамлекеттик субсидияларды пайдалануу менен ипотекалык кредиттөө шарттарында Бишкек шаарынын "Жал" турак жай конушунун № 29 кичи районундагы № 26, 27, 28а, 286, 29а, 296 курулуп жаткан эксперименттик көп квартиралуу турак үйлөрдөн квартира укугун алуунун шарттары жана эрежелери жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
2. Турак үйлөрдү куруунун жана заказчы-куруучуну күтүү булактары
3. Турак жай-курулуш кооперативинин мүчөлөрүнүн субсидияларды
алуу тизмесин түзүүнүн тартиби
4. Субсидия берүү тартиби
1. Мамлекеттик субсидияларды пайдалануу менен ипотекалык кредиттөө шарттарында Бишкек шаарынын "Жал" турак жай конушунун №29 кичи районундагы № 26, 27, 28а, 286, 29а, 296 курулуп жаткан эксперименттик кеп квартиралуу турак үйлөрдөн (мындан ары - көп кабаттуу турак үйлөр) квартира укугун алуунун шарттары жана эрежелери жөнүндө бул жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 17-апрелиндеги № 326-IV "Турак жай-курулуш кооперативдерин уюштуруунун жана аларга жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө" токтомуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 507 "Кооперативдик турак жай курууну иретке салуу жөнүндө", 2007-жылдын 26-ноябрындагы № 562 "Кыргыз Республикасында турак жай курулушунун 2008-2010-жылдарга карата улуттук программасын бекитүү жөнүндө", 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 152 "Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун шаардын жанындагы жерлерин өз эркинче ээлеп алууга байланышкан абалды жайгаруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомдоруна ылайык иштелип чыкты.
2. Бул Жободо эксперименттик көп кабаттуу турак үйлөрдөн квартира жана Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен мамлекеттик субсидиялар (мындан ары - субсидиялар) алуунун шарттары жана эрежелери каралган.
3. Көп кабаттуу турак үйлөрдү куруунун булактары төмөнкүлөр болуп саналат:
- республикалык бюджеттин каражаттары;
- узак мөөнөттүү ипотекалык кредиттөөнүн банктык акчалай каражаттары;
- турак жай-курулуш кооперативинин мүчөлөрүнөн мүчөлүк акылары;
- тартылган башка каражаттар, анын ичинде ички жана тышкы инвестициялар;
- гранттык каражаттар.
4. Турак жай-курулуш кооперативинин заказчы-куруучусун күтүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-июнундагы № 423 "Объекттерди курууда заказчы-куруучунун кызматын күтүүгө чыгымдардын нормативин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык жүргүзүлөт.
5. Турак жай-курулуш кооперативинин мүчөлүгүнө кирүү укугуна Кыргыз Республикасынын төмөндөгү жарандары ээ болот:
- Бишкек шаарында кеминде үч жыл жашаган жана иштеген:
- он сегиз жашка чыккан;
- сатып алуучу квартиранын наркынын 30 проценттен кем эмес өлчөмдөгү үлүштүк акысын төккөн;
- жекече же биргелешкен менчикте турак жайы (үйү, квартирасы) болбогон же жекече же биргелешкен менчикте аянты санитардык нормаларга же талаптарга жооп бербеген турак жайы (үйү, квартирасы) болгон;
- баштапкы мүчөлүк акысын жана андан кийинки төлөмдөрдү турак жай-курулуш кооперативи менен жекече тартипте түзгөн режимге ылайык төккөн.
6. Турак жай-курулуш кооперативинин мүчөлүгүнө кирүү үчүн төмөнкү документтер берилет:
- арыз;
- паспортунун көчүрмөсү;
- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын турак жайга менчик укугу жок экендиги жөнүндө маалымкат;
- үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө жашаган жеринен алынган маалымкат;
- турак жай шарттарын иликтөө (жекече же биргелешкен менчикте турак жайы болсо);
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (болсо);
- иштеген жеринен маалымкат жана өтүнүч кат (эмгек ишин жүзөгө ашырып жаткан учурда).
7. Турак жайды сатып алуу үчүн турак жай-курулуш кооперативинин төмөнкү мүчөлөрү субсидия алуу укугуна ээ болушат:
- бюджеттик уюмдардын кызматкерлери;
- турак жай алууга муктаж жарандар;
- төлөөгө жөндөмдүү кепилдери бар социалдык-аялуу категориялардагы жарандар.
8. Мүчөлүк акыларды төлөө тартиби жана мөөнөттөрү мүчөлөр (үлүшчүлөр) менен турак жай-курулуш кооперативинин ортосундагы өзүнчө келишимде аныкталат.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен бекитилген квоталарга ылайык уюмдар жана турак жай-курулуш кооперативдери тарабынан субсидия алууга талапкер адамдарга кредиттик досье таризделет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттикке комиссиянын кароосуна берилет.
10. Субсидия алган адамдардын тизмесин бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин биргелешкен буйругу менен төмөнкүлөрдүн өкүлдөрүн камтыган, кеминде жети адамдан турган комиссия түзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин паспорттук-визалык кызматынын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органынын;
- заказчы-куруучунун.
11. Комиссиянын ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка жактан камсыз кылуу, ошондой эле комиссиянын жыйналыштарын өткөрүү үчүн зарыл документтерди даярдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлөт.
12. Комиссия субсидия алууга укуктуу адамдардын тизмесине киргизүү үчүн турак жай-курулуш кооперативинин мүчөлөрүнө келип түшкөн кредиттик досьени белгиленген тартипте иликтейт жана талап кылынган документтердин толук пакети алынгандан кийин гана субсидия алуучулардын тизмесине киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат.
13. Комиссия мезгил-мезгили менен, бирок айына бир жолудан кем эмес жыйналыш өткөрөт. Комиссиянын учурдагы ишин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик жүргүзөт.
14. Комиссиянын чечими субсидия бөлүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин чечимин даярдоо үчүн негиз болуп саналган тийиштүү протокол менен таризделет.
15. Турак жай-курулуш кооперативинин субсидия алууга укуктуу адамдардын тизмесине киргизүү үчүн документтерин берген мүчөлөрү, ошондой эле документтерди берген уюмдар алардын аныктыгы үчүн жоопкерчиликтүү болот.
16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик субсидиянын өлчөмүн аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине турак жай-курулуш кооперативинин турак үйлөрдү куруусунун наркы жөнүндө корутунду берет.
17. Турак жай курулушун узак мөөнөттүү ипотекалык кредиттөөнүн калктын кеңири катмары үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 26-ноябрындагы № 562 "Кыргыз Республикасында турак жай курулушунун 2008-2010-жылдарга карата улуттук программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги баштапкы мүчөлүк акы жана ипотекалык кредиттөө шарттарында курулган турак жайды сатып алууга банктын проценттик ставкаларын жарымжартылай жабуу үчүн республикалык бюджеттен субсидиялоону камсыз кылат.
18. Баштапкы мүчөлүк акыны субсидиялоо үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоону жана курууну ишке ашыруу үчүн заказчы-куруучунун алыш-бериш эсебине которулат.
19. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги кредит берүүчү коммерциялык банкты аныктайт жана аны менен жарым-жартылай мамлекеттик субсидиялоонун шарттары жана ипотекалык кредиттердин проценттик ставкаларынын өлчөмдөрү жөнүндө белгиленген тартипте макулдашуу түзөт.
20. Ипотекалык кредиттөөнүн шарттарында курулган турак жайды сатып алууга банктын проценттик ставкаларын жарым-жартылай жабууга бөлүнгөн каражаттар карыз алуучулардын кредиттик банкта ачылган ссудалык эсебине чегерилет.
21. Турак жай-курулуш кооперативи каражаттарды турак үйлөрдүн курулушуна жумшайт жана бюджеттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышына техникалык көзөмөл жүргүзөт.
22. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик турак үйлөрдүн курулушунун жүрүшүнө, курулуштун өз убагында бүткөрүлүшүнө контролдук жүргүзөт.