Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы № 156 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 28-июлу №477
2009-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана экинчи жарым жылдык үчүн милдеттер жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында дүйнөлүк финансылык-экономикалык кризистин уланып жаткан терс таасирине жана энергетикалык сектордогу туруксуз кырдаалга карабай Кыргыз Республикасынын экономикасы кризистик көрүнүштөргө болгон туруктуулугун көрсөттү деп белгилейт.
Ички дүң продукциянын (ИДП) реалдуу өсүшү 0,3 процентти, "Кумтөр" кенин иштетүү боюнча ишканаларды кошпогондо, 1,3 процентти түздү.
Өнөр жайдагы кырдаалдын начарлашы 2009-жылдын биринчи жарым жылдыгында экономикалык өсүш темптеринин төмөндөөсүнүн негизги фактору болуп калды, ошол эле мезгилде экономиканын калган секторлорунда өсүштүн оң темптери белгиленген.
Акча-кредиттик жана бюджеттик-салык саясатын жүргүзүүдөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эриш-аркак иштөөсү, ошондой эле негизги керектөө товарларына болгон дүйнөлүк баалардын өсүшүнүн төмөндөөсү 2009-жылдын башынан баштап инфляциянын өсүш темпинин төмөн болушуна өбөлгө болду, ошол эле учурда 2009-жылдын 1-июлунда Кыргыз Республикасында керектөө бааларынын индекси 2008-жылдын декабрына карата 100,6 процентти түздү, өткөн жылдын ушул мезгилинде инфляциянын деңгээли 15,2 процентке туура келген.
Дүйнөлүк финансылык-экономикалык кризистин Кыргыз Республикасынын банк системасына тийгизген таасири улантылды. 2009-жылдын январь-июнь айларында коммерциялык банктардын депозиттик базасы 1,9 процентке кыскарды, ал эми банк системасынын кредиттик портфели жыл башына салыштырганда 2009-жылдын 1-июлуна карата 3,9 процентке кыскарды.
Соодадагы негизги өнөктөш өлкөлөрдө (Россияда жана Казакстанда) болуп жаткан девальвациялык процесстер жана төлөөгө жөндөмдүү болгон сурамдын кыскаруусу соодадагы негизги өнөктөштөр менен өз ара жүргүзүлүүчү сооданын көлөмүнүн азаюусуна алып келди. Алсак, 2008-жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда, тышкы соода жүгүртүү 2009-жылдын январь-май айларында 20,1 процентке кыскарган. Экспорттун көлөмү 7,7 процентке азайып, 459,5 млн АКШ долларын түзүп, импорт 24,3 процентке азайып, 1114,3 млн АКШ долларын түзгөн.
Тышкы соодадагы кырдаалды жакшыртуу максатында нормативдик укуктук актылар кабыл алынып, алар тышкы соода жол-жоболорун оптималдаштырууга жана ички сооданы ирээтке келтирүүгө, ошондой эле тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүүгө багытталды.
Тышкы сурамдын кыскаруусу өнөр жайдын бюджет түзүүчү негизги тармактарында өндүрүш көлөмүнүн олуттуу түрдө төмөндөөсүн жаратты. Өнөр жайдын өсүш темпи тамак-аш азыктарынын (97,3 процент), текстиль жана тигүү буюмдарынын (60,1 процент), курулуш материалдарынын (47,8 процент), электрондук жана оптикалык жабдуулардын (71,2 процент), металлургия өндүрүшүнүн, даяр металл буюмдарынын (72,5 процент) өндүрүштөрүнүн жана электр энергиясын өндүрүүнүн жана бөлүштүрүүнүн (87 процент) көлөмүнүн төмөндөөсүнүн эсебинен кыскарып, 81,1 процентти ("Кумтөр" кенин иштетүү боюнча ишканаларды кошпогондо, 82,0 процентти) түздү. Металл өндүрүшүндөгү өсүш темптеринин 72,5 процентке чейин төмөндөшү тынчсыздандырууну жаратууда, бул өндүрүштө негизги үлүштү "Кумтөр" кенин иштетүү боюнча ишканалар ээлейт. Алтынды өндүрүү боюнча иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрдүн божомол кылынган көрсөткүчтөрдөн олуттуу түрдө айырмалангандыгына байланыштуу ушул кырдаалды талдоонун жана "Кумтөр" ЖАКнын ишин турукташтыруу боюнча чараларды иштеп чыгуунун зарылдыгы жаралууда.
Шаар түзүүчү ишкана болуп эсептелген Хайдаркен сымап акционердик коомунда проблемалар бар, "Жардамчы" шахтасындагы биринчи категориядагы аварияны жоюу талап кылынууда, мунун өзү үч жыл бою 595 тонна сымапты өндүрүүгө мүмкүндүк бермекчи.
Айыл чарбасында өсүш темптери 102,1 процентти түздү, бул 2008-жылдын ушул мезгилине караганда 0,3 процентке аз (102,4 процент). Айыл чарбасындагы өсүш этке төгүлүүчү малдын жана канаттуулардын башынын өсүшү (101,4 процент), сүттү (103,6 процент), жүндү (100,8 процент), картошканы (114,9 процент), жашылчаларды (112,9 процент) өндүрүүнүн көлөмүнүн көбөйүшүнүн эсебинен камсыз кылынган. Канаттуулар фабрикаларынын айрымдарынын ишинин токтоп калуусунун айынан көлөмдүн төмөндөшү жумуртка өндүрүүдө болуп өттү (96,4 процент).
Ошону менен бирге эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 27-ноябрындагы "2009-жылы жазгы-талаа жумуштарын ийгиликтүү өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан айылдык товар өндүрүүчүлөрдү колдоо боюнча чаралар көрүлгөн. Бардык облустардын жана райондордун чарбакер субъекттери зарыл болгон үрөндөрдү, минералдык жер семирткичтерди, айыл чарба техникаларына КММ, запастык тетиктерди сатып алуу, ошондой эле жазгы-талаа жумуштарын жүргүзүүдө сервистик кызматтарды алуу үчүн "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун региондук бөлүкчөлөрүнөн 150,0 млн сом өлчөмүндөгү кредиттик каражаттарды алышкан.
2009-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча өсүш темптеринин оң багытка өзгөрүүсү негизги капиталга инвестицияларды өздөштүрүү чөйрөсүндө белгиленди (өткөн жылдын ушул мезгилине карата 135,2 процент), бул негизинен Камбар-Ата ГЭС-2 курулушунда өздөштүрүлгөн инвестициялардын өсүшүнүн эсебинен болду. 2008-жылдын январь-июнь айларына салыштырганда, курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 1,3 эсе өсүп, 9845,1 млн сомду түздү.
Чүй облусунда кирпич чыгаруу боюнча завод жана колбаса азыктарын чыгаруу боюнча цех ишке киргизилди.
2009-жылдын январь-июнь айларында рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы көлөмү 108,5 млрд сомду, анын ичинде калкка кызмат көрсөтүү 70,9 млрд сомду түздү, алардын көлөмү 2008-жылдын январь-июнь айларына салыштырганда тиешелүү түрдө 3,9 жана 6,1 процентке өстү.
Чакан жана орто бизнес субъекттеринин дүң кошумча наркынын республиканын ИДПсындагы үлүшү 2009-жылдын январь-март айлары үчүн 39,1 процентти (12610,3 млн сомду) түздү. Чакан жана орто ишкердиктин субъекттери тарабынан 4498,1 млн сом суммасындагы айыл чарба продукциясы, же республиканын продукциясынын жалпы көлөмүнүн 41,8 проценти (өткөн жылдын ушул мезгилинде 4364,8 млн сом, же 47,7 процент) өндүрүлгөн.
Жүргүзүлүп жаткан чаралар катталган ишканалардын санын көбөйтүүгө, экономикадагы көмүскө сектордун үлүшүн төмөндөтүүгө мүмкүндүк берип, иштеп жаткан ишканалардын өсүшүнө, чакан жана орто бизнести, шаарлардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө, бизнес жүргүзүүдөгү бюрократтык жана администрациялык тоскоолдуктарды төмөндөтүүгө, ошондой эле чет элдик инвестициялардын көлөмүнүн көбөйүшүнө, Кыргызстанда жагымдуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү инвестициялык климатты түзүүгө өбөлгө болмокчу.
Республиканын экономикасына тикелей чет элдик инвестициялардын (ТИИ) келүүсү 2009-жылдын январь-март айлары үчүн, 2008-жылдын ушул мезгилиндеги 117191,2 миң АКШ долларына караганда, 152777,1 миң АКШ долларын же 30,4 процент өсүштү түздү.
ТИИнин кетүүсү 2009-жылдын I кварталында 163047,1 миң АКШ долларын (келген ТИИнин 106,7 процентин) түздү, же өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 3,9 эсе көбөйдү (2008-жылдын I кварталында 41856,9 миң АКШ долларын түзгөн). Мындай жагдай финансылык кризистин кесепеттери менен, ошондой эле ишканалардын чет элдик ээлеринин алган кредиттерди жана товардык кредиттерди толук эмес тындыруусу менен түшүндүрүлөт.
Жакынкы мезгилде "Бизнес жүргүзүүнүн" бардык 10 индикатору боюнча реформалоонун үчүнчү этабын иштеп чыгуу башталат, буга контракттардын аткарылышы жана бизнести жабуу сыяктуу жаңы индикаторлор кошулат.
Алдын ала маалыматтар боюнча 2009-жылдын январь-июнь айларында мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө 29788,8 млн сом, же планга караганда 102,6 процент (29033,7 млн сом) түштү. 2008-жылдын ушул мезгилине салыштырганда, түшүүлөр 6780,2 млн сомго (29,5 процентке) өстү.
Бир кызматкердин айлык орточо номиналдык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 5754 сомду түздү жана 2008-жылдын январь-майына салыштырганда 18,8 процентке көбөйдү, ал эми анын керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген реалдуу өсүшү 4,0 процентти түздү. Минималдуу керектөө бюджети 2008-жылдын I кварталына салыштырганда 10,7 процентке өстү.
"Жаш мугалимдин депозити" программасынын алкагында Программанын шарттарын аткарган 72 жаш мугалимге 4,3 млн. сом суммада каражат төлөндү.
Пенсионерлердин жашоо деңгээлин колдоо жана пенсияларды инфляциядан сактоо үчүн пенсиялардын өлчөмү такай көбөйтүлүүдө.
Баштапкы маалыматтар боюнча, 2009-жылдын 1-июлунан баштап республика боюнча пенсиянын орточо өлчөмү электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөрдү кошо эсептегенде 2138 сомду түздү, же 2008-жылдагыга караганда 712 сомго көбүрөөк.
2009-жылы пенсиянын өлчөмүнүн жалпы көбөйтүлүшү пенсиянын өткөн жылдагы өлчөмүнө салыштырганда 50 процентти түзөт.
Региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн анализи өнөр жайлык продукция өндүрүүнүн айрыкча жогорку көрсөткүчтөрү Ош жана Нарын облустарында жетишилгенин көрсөтүүдө. Башка бардык облустарда жана Бишкек шаарында өндүрүштүн физикалык көлөмүнүн индекси азайганы белгиленди. 2008-жылы өндүрүштүн кыйла төмөн темпи Ысык-Көл облусунда жана Ош шаарында болду.
2009-жылдын январь-июнунда чарбакер субьекттер (юридикалык жана жеке жактар) көрсөткөн рыноктук кызматтардын көлөмү бардык региондордо көбөйгөн, бирок өсүш темптери мурунку жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда байкаларлык азайган.
Отчеттук мезгилдин ичинде мамлекеттик башкаруу органдары кабыл алынган стратегиялык программаларды ишке ашыруу боюнча чараларды көрүштү.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 31-мартындагы 183 Жарлыгы менен бекитилген 2009-2001-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын иш-чаралар планынын анализи ушул жылдын биринчи жарымына пландаштырылган 101 иш-чаранын ичинен 14 иш-чара (пландаштырылган иш-чаралардын жалпы санынын 14 проценти) аткарылбаганын, 65 иш-чара (65 проценти) толук же айрым бөлүктөрү аткарылганын көрсөттү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги коюлган милдеттер аткарылышын камсыздашкан эмес.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-февралындагы № 116 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2009-жылга карата иш-чаралар планынын аткарылышына мониторинг жана берилген баа министрликтер менен ведомстволор 2009-жылдын 1-июлуна карата 48 иш-чара боюнча коюлган милдеттердин аткарылышын толук же айрым бөлүгүн камсыздашканын көрсөттү, бул 2009-жылдын биринчи жарымына пландаштырылган алардын жалпы санынын 84 процентин түзөт. 9 иш-чара аткарылган эмес, анын ичинде: Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги (2 иш-чара), Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети (2), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик (1), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик (1), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик (1), жергиликтүү мамлекеттик администрациялар (2) иш-чараны аткарбаган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-декабрындагы №724 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын экономикасына дүйнөлүк финансылык кризистин кесепеттерин минималдаштыруу жана экономикалык өсүштүн темптерин сактоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракеттеринин планында белгиленген 42 иш-чарадан 17 иш-чара аткарылган, 20 иш-чара аткаруу стадиясында турат, 5 иш-чаранын айрым бөлүктөрү аткарылган, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде (1), Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинде (1), Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинде (1), Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматында (2).
Коюлган милдеттерди аткарбагандар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын айрым борбордук органдары (Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги).
Жалпысынан Кыргыз Республикасынын экономикасы быйылкы жылдын биринчи жарымында пессимисттик сценарий боюнча өнүктү. Үстүбүздөгү жылдын жыйынтыгы боюнча ИДП 100,9 процент деңгээлде өсүшү күтүлүүдө. Божомол баа берүүлөр боюнча, айыл чарбада өсүш малдын саны көбөйүшүнүн, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттары кеңейишинин, каржылоо жакшырышынын эсебинен 101,0 процентти түзөт. Өнөр жайда жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды, анын ичинде Кызыл-Кыя цемент заводун, Ош шаарында металл продукция чыгаруу боюнча заводду, Таш-Көмүр шаарында поликристалл кремний чыгаруу боюнча заводду ишке киргизүүнүн, иштеп жаткан ишканаларды активдештирүүнүн жана токтоп турган ишканаларды иштетүүнүн эсебинен ушул жылдын аягына чейин 93,4 процент деңгээлде өсүш темпи күтүлүүдө.
2009-жылы ички сооданы, байланыш кызматын өнүктүрүүнүн, ошондой эле ири чекене соода ишканаларынын тармагын андан ары өнүктүрүүнүн эсебинен кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө өсүш темпи 104,0 процент деңгээлде болушу күтүлүүдө. Курулушта өсүш темпи ушул жылдын аягына чейин 88,5 процент деңгээлде болоору күтүлүүдө, бул уланып жаткан дүйнөлүк финансылык-экономикалык кризис менен шартталган.
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын биринчи жарымындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын, ошондой эле алдыдагы мезгилдеги проблемаларды жана милдеттерди эске алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлигинин 2009-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана экинчи жарым жылдык үчүн милдеттер жөнүндө маалыматы көңүлгө алынсын.
2. Төмөндөгүлөрдүн иштери жетишсиз экени белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-февралындагы №116 "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2008-жылдагы жыйынтыктары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылга карата Иш-аракеттеринин программасы жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылга карата Иш-аракеттеринин программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруудагы иштери;
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 31-мартындагы № 183 Жарлыгы менен бекитилген 2009-2011-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча иштери.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин башка органдары:
- төмөнкүлөрдү өз убагында аткаруу боюнча көрсөткүчтөрдү карманышсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 31-мартындагы № 183 Жарлыгы менен бекитилген 2009-2011-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-февралындагы № 116 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылга карата Иш-аракеттеринин программасын;
- 2009-жылдын IV кварталында коллегиялардын заседаниелеринде тармактык, сектордук, ведомстволук, региондук стратегиялык документтерди ишке ашыруунун жыйынтыктарын карашсын жана натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат беришсин;
- Стратегиялык документтерди иштеп чыгуу боюнча талапка (методикалык колдонмого) ылайык тейлөөчү багыттар боюнча өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу сунушталсын жана 2009-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөткө чейин министрликтердин жана ведомстволордун ички буйруктары (коллегиянын чечимдери) менен кийин аларды бекитүү үчүн Кыргыз Республикасын стратегиялык башкаруу боюнча Координациялык борбордун кароосуна белгиленген тартипте киргизишсин;
- жумуштуулук деңгээлинин азайышына жол бербөө, учурда иштеп жаткан жумушчу орундардын сакталышын камсыздоо, жаңы туруктуу жумушчу орундарды түзүү боюнча чараларды көрүшсүн жана квартал сайын жүргүзүлгөн иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымат беришсин;
- бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине эмгек акы төлөө боюнча тоскоолдуктарды болтурбашсын.
4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийликтин борбордук органдары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 31-мартындагы №183 Жарлыгы менен бекитилген 2009-2011-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын иш-чаралар планын өз учурунда аткаруу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүшсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен бирдикте 2009-жылдын 1-сентябрына чейин "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнү каттоо жол-жоболорун ишке киргизүү жагында толуктап иштеп чыксын;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги экспортко багытталган продукцияны чыгаруучу ишканаларды кирешеге салык төлөөдөн экспортко багытталган продукциянын чыгарылышын кеңейтүүгө кирешенин бөлүгүн кайра инвестициялоо үчүн продукциянын жаңы экспорттук түрү киргизилген жылдан кийинки бир жылга бошотуу мүмкүнчүлүгүн караштырсын жана 2009-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымат берсин;
2009-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери жана соода өкүлчүлүктөрү аккредиттелген чет мамлекеттердин рынокторунда продукциянын экспортун жылдырууга ата мекендик өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү боюнча чараларды көрсүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымат берсин;
- кызыкдар министрликтер жана ведомстволор менен бирдикте 2009-жылдын 1-сентябрына чейин жиктелген мамиле жана тиешелүү төмөндөтүүчү коэффициенттер менен кыймылсыз мүлккө салыкты эсептөөнүн жана төлөөнүн механизмин өзгөртүүнү караштыруучу Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин;
- 2009-жылдын 1-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги жана облустардын мамлекеттик администрациялары менен бирдикте Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары жайгашкан картасын жана региондордун айыл чарба продукциясын чыгаруу боюнча адистешүүсүн эске алуу менен ички рыноктун керектөөлөрүн камсыздоочу айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча кошумча өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүү жана колдо болгондорун андан ары өнүктүрүү, ошондой эле иштетилген айыл чарба продукциясынын экспортун көбөйтүү боюнча уюштуруу иш-чаралар планын даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- эки айлык мөөнөттө мурда даярдалган продукция үчүн ата мекендик товар өндүрүүчүлөр алдында карызда жоюу үчүн бюджеттик уюмдарды каржылоо мүмкүнчүлүгүн тапсын жана жыйынтыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымат берсин;
- 2009-жылдын 1-сентябрына чейин белгиленген тартипте каржылоо булактары менен бекитилбеген нормативдик укуктук актылардын жана айрым жоболорунун колдонулушун убактылуу токтотуу же күчүн жоготту деп табуу жөнүндө сунуштарды киргизсин;
- 2009-жылдын 21-октябрына чейин белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин 2009-жылдын 9 айы үчүн иш жүзүндө аткарууну эске алуу менен "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сунуштарды киргизсин;
- 2009-жылдын 10-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен бирдикте машина-тракторду станция (МТС) жана мамлекеттик лизинг компаниясын түзүү боюнча иш-чараларды каржылоо маселелерин иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизсин;
- 2010-жылга республикалык бюджеттин долбоорунда ата-мекендик өндүрүүчүлөрдөн айыл чарба техникасын сатып алууга 500,0 млн. сом караштырсын;
- августтан сентябрга чейин компакттуу энергия үнөмдөөчү люминесценттик лампаларды (КЭЛЛ) сатып алуу үчүн заказдарды каржылоого 5 млн. сомдон караштырсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги менен бирдикте бир айлык мөөнөттө өндүрүш темпинин басаңдоо себептерин белгилөө үчүн ири өнөржай ишканаларына талдоо жүргүзсүн жана кырдаалды жакшыртуу боюнча конкреттүү чараларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берсин.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик бир айлык мөөнөттө учурдагы жылдын биринчи жарым жылында тоо кен тармагындагы жана металлургия өнөр жайындагы өндүрүштүн төмөндөшүнө тышкы жана ички факторлордун тийгизген таасирин талдоону жүргүзсүн жана 2009-жылдын экинчи жарым жылында жагдайды түзөтүү боюнча таасирдүү иш-чаралар планын бекитсин.
9. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
- 2009-жылдын экинчи жарым жылында республиканын автомобиль жолдорундагы курулуш жана ремонт иштеринин планын аткарууну камсыз кылсын, ошондой эле 2010-жылы автомобиль жолдорун курууга жана ремонт иштерине даярдык боюнча бардык зарыл иш-чараларды белгиленген мөөнөттө жүргүзсүн;
- "Кыргызтелеком" ААКы менен бирге Баткен облусундагы пилоттук долбоорду ишке ашыруунун тажрыйбасынын негизинде Кыргыз Республикасынын облустарында санариптик эфирдик берүүлөр тармагын жайылтуу боюнча ишти улантсын жана санарип телерадиоберүү программаларын кабыл алуу үчүн республиканын калкын санарип ресиверлери менен камсыз кылуу боюнча сунуш киргизсин.
10. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен бирге бир айлык мөөнөттө 2000-жылдан тартып 2009-жылга чейинки мезгил ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында айыл чарба өсүмдүктөрүн айдоонун түзүмүнүн өзгөрүшүнө талдоо жүргүзсүн жана рыноктук керектөөлөрдү эсепке алуу менен аны пландаштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизсин.
11. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Москва шаарында 2009-жылдын 4-июнунда кол коюлган, Өкмөттөр аралык кыргыз-москва комиссиясынын заседаниесинин Протоколунун 3.5-п. ылайык Кыргыз маданий-ишкердик борборун жана Кыргыз Республикасынын Соода үйүн куруу үчүн Россия Федерациясынын Москва шаарынын аймагында жер участогун бөлүп берүү маселесин чечүү боюнча чара көрсүн жана 2009-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө жасалган иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымат берсин.
12. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- 2009-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө "Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенттин долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте киргизсин;
- 2009-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө "Манас таалими" саламаттык сактоону реформалоонун улуттук программасын ишке ашыруу мөөнөтүн 2011-жылга чейин узартуу жөнүндө маселени толук иштеп чыксын;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2010-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагынан чыгарылгандыгына байланыштуу 2009-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө министрликти башкаруунун жобосуна жана схемасына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тийиштүү сунуштарын киргизсин.
13. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте керектөөнүн кепилдик минималдуу деңгээлинин өлчөмүн 200 дөн 240 сомго чейин жогорулатуунун мүмкүнчүлүгүн караштырсын.
14. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги менен бирге бир айлык мөөнөттө:
- бөлүштүрүүчү электр энергетикалык компаниялардын акцияларынын мамлекеттик пакеттерин менчиктештирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлорун киргизсин;
- отун-энергетикалык сектордун ишканаларынын Директорлор кеңештеринин катышуусу менен үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча бул ишканалардын аткаруу органдарынын жетекчилеринин ишин караштырсын жана алар боюнча белгиленген тартипте чечим кабыл алсын.
15. Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети:
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен бирдикте уюмдарды жоюуга же кызматкерлердин санын же штатын кыскартууга байланыштуу кызматкерлерди бошотуу, ошондой эле калктын толук эмес ишке орношуусу мониторингин ай сайын ишке ашырсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымдасын;
- 2010-жылы эмгек миграциясына квотаны аныктоодо эмгек миграциясын кыскартуу боюнча квотага Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эң чоң санын аныктоочу тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырсын.
16. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети 2009-жылдын аягына чейин ири салык төлөөчүлөрдүн салык калдыгын кыскартуу боюнча чараларды көрсүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2010-жылдын 15-январына карата жасалган иш жөнүндө маалымат берсин.
17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттик жыл сайын 15-майга чейинки мөөнөттө тийиштүү адистиктер боюнча абитуриенттерди кабыл алуучу жумушчу кесиптер боюнча кадрларга муктаждыкты түзсүн.
18. Облустук мамлекеттик администрациялардын башчылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери айыл чарба продукциясын жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн азык-түлүк товарларын ири калктуу конуштарда сатуу боюнча жума сайын жарманкелерди уюштуруу боюнча чараларды көрсүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ай сайын маалымдасын.
19. Ысык-Көл жана Нарын облустарынын мамлекеттик администрацияларынын башчылары кылкандуу дан өсүмдүктөрүн эң кыска мөөнөттө оруп-жыюуну өткөрүүгө чаралар көрсүн.
20. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |