Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 28-июлу №478
Мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүүчү уюмдардын тармактарынын абалы жана аларды өнүктүрүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 730, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июнундагы № 320 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2009-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасында 503 мамлекеттик, менчик жана 244 вариативдүү (жамааттык) мектепке чейинки билим берүүчү уюм иштейт, алар мектепке чейинки курактагы балдардын жалпы санынын 13,4%ын камтыйт. Андан тышкары 133 мектептен тышкаркы билим берүүчү уюм иштейт, алар окуучулардын жалпы санынын 7,8%ын камтыйт.
Бюджеттик каржылоону кыскартуу мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы уюмдарды кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө терс таасирин тийгизет. Мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарды күтүүгө 2008-жылы 702,7 млн.сом каражат бөлүнгөн, анын 559,9 млн.сому - бюджеттик каражаттар, бул "Билим берүү" бөлүмү боюнча бюджеттик каражаттардын жалпы чыгымынын 6,1%ын түзөт. Мектепке чейинки уюмдардын бюджеттик каражаттарынын чыгымдарынын түзүмүнүн 51,3 пайызын эмгек акы төлөө фонду, 27,5 пайызын тамактанууга чыгымдар, 9,4 пайызын коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө чыгымдар түзөт. Мектептен тышкаркы билим берүүчү уюмдарды күтүүгө бюджеттик каражаттардын чыгымдары 2000-2008-жылдар мезгили үчүн "Билим берүү" бөлүмү боюнча бюджеттик каражаттардын жалпы чыгымдарынан 1,3төн 2,2%ге чейинки пайызын гана түзгөн.
Мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүүдө педагогикалык кадрлар менен камсыз кылуу проблема бойдон калууда. Педагогикалык кадрлардын жетишсиздиги 11 пайызды түзөт.
Мектепке чейинки билим берүү боюнча адистерди республикада эки ЖОЖ - Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Ош педагогикалык институту даярдайт.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мектепке чейинки уюмдардын педагогдору статусу жана эмгек акысы боюнча баштапкы билим берүүнүн мугалимдерине теңештирилген. Мыйзамдардын ушул нормалары аткарылбагандыктан педагогикалык кадрлардын иштен бошоп кетүүлөрү көбөйүүдө.
Жаш адистерди мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарга жумушка тартуу үчүн аларды "Жаш мугалимдин депозити" программасына катышуу үчүн тартуу керек.
Мектепке чейинки билим берүүчү уюмдар нормадан 1,5-2 эсеге көп балдар менен иштейт. Бул 1991-жылдан 2002-жылга чейин 464 бала бакчанын имараты менчиктештирилгени жана кайра профилдештирилгени менен шартталган.
Мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүүчү уюмдарды куруу, оңдоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу маселеси абдан курч маселе. Акыркы 20 жылдын ичинде болгону 5 мектепке чейинки билим берүүчү уюм курулган.
Мектепке чейинки билим берүүгө жетүүнү кеңейтүү максатында мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарды курууну, оңдоону жана жабдуулар менен камсыз кылууну Мамлекеттик муктаждыктар үчүн курулуштардын жана объекттердин тизмесине киргизүү жана аларды каржылоону 2010-жылда жана андан кийинки жылдарда республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүү зарыл.
Бир баланы тамактандырууга белгиленген каржылоо күнүнө 36 сомду түзөт, анын 18 сому бюджеттен бөлүнөт, 18 сомун ата-энелер төлөйт, бул сумма балдарды толук тамактандыруу үчүн жетиштүү эмес. Тамактанууга каралган каражаттарды бөлүүнү көбөйтүүнү кароо зарыл.
Финансылык каражаттарына республиканын региондорунда вариативдүү (жамааттык) мектепке чейинки уюмдар түзүлгөн эл аралык уюмдардын долбоорлору азыркы мезгилде аяктагандыгына байланыштуу аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күтүүсүнө өткөрүп берүү маселеси келип чыгууда.
Мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүүнү андан ары өнүктүрүү маселелерин чечүү, ошондой эле "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2009-жылдын 10-июнунда айтылган, Кыргызстанда билим берүүнү реформалоо концепциясына ылайык жакынкы 5 жылга Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү системасын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын иштеп чыксын жана кароого киргизсин.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте республикалык бюджеттен каржылануучу, 2010-жылдагы курулуштардын жана объекттердин тизмесине мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы объекттерди белгиленген тартипте киргизүү үчүн сунуштарды 2009-жылдын аягына чейин даярдасын;
- 2010-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эл аралык уюмдардын долбоорлорунун алкагында түзүлгөн мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына өткөрүп берүүнү ишке ашырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик баалардын негизсиз жогорулашына жол бербестен, социалдык маанилүүлүгүн эске алуу менен жогорку кесиптик билим берүүнүн педагогикалык багыттарына жана адистиктерине окутуунун контракттык формасы үчүн акы төлөөнүн наркын жыл сайын карасын.
4. (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 730 токтому менен күчүн жоготту)
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июнундагы № 320 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |