Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 5-августу № 499
Дин иштери боюнча ведомстволор аралык кеңешти Диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш кылып кайрадан түзүү жөнүндө
Диний экстремизмдин, фундаментализмдин жайылышын алдын алууда жана аларга каршы аракеттенүүдө, диний негиздеги чыр-чатактарга жол бербөөдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын макулдашылган аракеттерин камсыз кылуу жана ишин координациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дин иштери боюнча ведомстволор аралык кеңеш Диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш болуп кайрадан түзүлсүн.
2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобо;
- Диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңештин курамы.
3. Диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңештин өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында кабыл алган чечимдери министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылаары белгиленсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-июлундагы № 404 "Дин иштери боюнча ведомстволор аралык кеңештин курамы жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-февралындагы № 115 "Дин иштери боюнча ведомстволор аралык кеңеш жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 4-декабрындагы № 571 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-февралындагы № 115 "Дин иштери боюнча ведомстволор аралык кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтому.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 499 токтому менен бекитилген |
Диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңештин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Координациялык кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орунбасары - Координациялык кеңештин төрагасынын орунбасары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орунбасары - Координациялык кеңештин төрагасынын орунбасары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору - Координациялык кеңештин төрагасынын орунбасары.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орунбасары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орунбасары;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орунбасары;
Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орунбасары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орунбасары;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орунбасары;
Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министринин орунбасары;
Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасынын орунбасары;
Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Ош шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орунбасары;
Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орунбасары;
Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орунбасары;
Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орунбасары;
Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орунбасары;
Талас облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орунбасары;
Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи (макулдашуу боюнча);
Орус православ чиркөөсүнүн Бишкек жана Орто-Азия боюнча епархиалдык башкармалыгынын өкүлү (макулдашуу боюнча).