Загрузка документа…
|
| |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 499 токтому менен бекитилген | |
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-сентябрындагы № 524 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш (мындан ары - Координациялык кеңеш) диний экстремизмге жана фундаментализмге, диний-экстремисттик, деструктивдик, тоталитардык топторго жана уюмдарга каршы аракеттенүү, ошондой эле диний негиздеги чыр-чатактарга жол бербөө чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты калыптандыруу жана жүргүзүү максатында түзүлгөн.
2. Координациялык кеңеш укук коргоо органдарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, диний уюмдарды жана бирикмелерди кошкондо, аткаруу бийлигинин органдарынын туруктуулукту сактоого, диний чөйрөдөгү карама-каршылыктардын күчөп кетүүсүнө жол бербөөгө, диний экстремизмге каршы аракеттенүүгө, этникалар аралык жана диндердин ортосундагы сабырдуулукка жетишүүгө багытталган күч-аракеттерин координациялоого арналган.
3. Координациялык кеңеш өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка нормативдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдерге жана ушул Жобого ылайык жүргүзөт.
4. Координациялык кеңеш өз ишин Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, диний, коммерциялык эмес, коомдук уюмдар жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен эриш-аркак жүргүзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-сентябрындагы № 524 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Координациялык кеңештин негизги максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- укук коргоо органдарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, диний уюмдарды жана бирикмелерди кошкондо, аткаруу бийлигинин органдарынын диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча ишин координациялоо;
- мамлекеттин жана диний уюмдардын кызыкчылыктарынын шайкеш келүүсүнө жетишүү;
- диний экстремизмге жана фундаментализмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууда жана жүргүзүүдө аткаруу бийлигинин органдарына көмөктөшүү;
- диний негиздеги чыр-чатактарга жол бербөө жана диний-экстремисттик, деструктивдик, тоталитардык топтордун жана уюмдардын ишине каршы аракеттенүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүргүзүү.
6. Координациялык кеңештин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- диний экстремизмге жана фундаментализмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүргүзүү боюнча сунуштарды, диний негиздеги чыр-чатактарга жол бербөө жана диний-экстремисттик, деструктивдик уюмдардын ишине каршы аракеттенүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу;
- республиканын аймагында диний экстремизмге жол бербөө боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн чараларын аныктоо;
- абийирдин жана дин тутуунун эркиндигине болгон жарандардын укугун ишке ашыруу боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизүү;
- диний чөйрөдө иш-чараларды жүргүзүү, мамлекет менен диний конфессиялардын ортосунда теңдештирилген мамилелерди түзүү боюнча аткаруу бийлигинин органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине көмөк көрсөтүү;
- диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча жана жалпысынан алганда диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты жүргүзүү боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана диний кырдаалга тиешелүү болгон сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү.
7. Координациялык кеңеш төмөнкүдөй функцияларды жүргүзөт:
- диний экстремизмге каршы аракеттенүүдө мамлекеттик саясатты жүргүзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- абийирдин жана дин тутуунун эркиндигине болгон жарандардын укугун ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзүү маселелери боюнча, ошондой эле диндер жана диний уюмдар жөнүндө министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын, мамлекеттик жергиликтүү администрациялардын, мэриялардын, шаардык башкармалыктардын жана айыл өкмөттөрүнүн жетекчилеринин маалыматтарын угуу;
- зарыл болгон учурда Координациялык кеңештин ишине мамлекеттик органдардын жетекчилерин, диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча иш-чараларды өткөрүүгө тартылган диний уюмдардын өкүлдөрүн, тийиштүү эксперттерди жана адистерди тартуу, ошондой эле анын компетенциясына кирген маселелер боюнча максаттуу жумушчу топторду түзүү;
- диний экстремизмге каршы аракеттенүүнү уюштуруу, коомдогу туруктуулукту камсыз кылуу, конфессиялык ынтымакты камсыз кылуу, калктын руханиятын жана адеп-ахлагын бекемдөө менен байланышкан маселелер боюнча диний уюмдар менен иш-аракеттерди координациялоо боюнча консультацияларды өткөрүү;
- мамлекеттин жана диний уюмдардын кызыкчылыктарынын шайкеш келүүсүн камсыз кылуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- диний чөйрөдөгү саясатты жүргүзүү боюнча аткаруу бийлигинин органдарынын милдеттерине жана диний кырдаалга тиешелүү болгон маселелерди Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-сентябрындагы № 524 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Координациялык кеңештин заседаниелери Координациялык кеңештин төрагасы тарабынан зарыл болгон учурда, бирок жылына эки жолудан кем эмес чакырылат.
9. Заседаниеге маселелерди даярдоо, Координациялык кеңештин ишинин учурдагы маселелерин чечүү Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-сентябрындагы № 524 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Координациялык кеңештин заседаниелеринин материалдары Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө заседаниеге чейин 5 жумушчу күн калганда берилет.
11. Координациялык кеңеш курамынын үчтөн экиси болгондо, чечим кабыл алууга укуктуу. Чечим Координациялык кеңештин катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.