Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 10-августу № 510
"Республикалык жана областтык маанидеги шаарлардын аймактарында жайгашкан администрациялык-аймактык бирдиктерди жоюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты З.И.Жамалдинов тарабынан демилге көтөрүлгөн "Республикалык жана областтык маанидеги шаарлардын аймактарында жайгашкан администрациялык-аймактык бирдиктерди жоюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-августундагы №510 токтому менен жактырылган |
"Республикалык жана областтык маанидеги шаарлардын аймактарында жайгашкан администрациялык-аймактык бирдиктерди жоюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты З.И.Жамалдинов тарабынан демилге көтөрүлгөн "Республикалык жана областтык маанидеги шаарлардын аймактарында жайгашкан администрациялык-аймактык бирдиктерди жоюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктун жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алуу менен төмөнкүлөрдү белгилейт.
Көрсөтүлгөн Мыйзам долбоору менен Ош шаарында жайгашкан Жапалак айылдык округун жана Кызыл-Кыя шаарында жайгашкан Ак-Булак айылдык округун жоюу боюнча нормаларды алып салуу сунушталат. Бирок, аталган айылдык округдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө" мыйзамдарынын нормаларына туура келбегендигине байланыштуу "Республикалык жана областтык маанидеги шаарлардын аймактарында жайгашкан администрациялык-аймактык бирдиктерди жоюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жоюлган.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык мамлекеттик башкарууну жана жергиликтүү башкарууну уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагы мыйзамдарда белгиленген администрациялык-аймактык бирдиктерге бөлүнөт.
"Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин биринчи бөлүгүндө администрациялык-аймактык бирдик мамлекеттик бийлик же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик башкарууну же өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырган алардын аймактарынан турат деп көрсөтүлгөн. Бул норма боюнча администрациялык-аймактык бирдик бир же бир нече калктуу конуштардын жана башка калк отурукташпаган аймактардын тураары белгиленет.
Ушул себептен, айылдык округдардын шаардын курамында болуусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жогоруда аталган нормаларына шайкеш келбейт.
Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 2-пунктуна ылайык айылдык округдардын жана поселоктордун өкүлчүлүктүү органдарынын системасын айылдык округдардын жана поселоктордун кеңештери түзөт, аткаруучу-тескөөчү органдары болуп айыл өкмөтү, поселкалык башкармалыктар саналат, ал эми республикалык жана облустук маанидеги шаарларда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана кызмат адамдар системасын шаардык кеңештер жана мэриялар түзөт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 1-пунктуна ылайык айылдык округдардын, поселкалардын жана райондук маанидеги шаарлардын башчылары жергиликтүү мамлекеттик администрациянын сунушу боюнча тиешелүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары аркылуу мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте шайланат.
Республикалык жана облустук маанидеги шаарларда, айылдык округдун башчысынын кандидатурасын сунуштоого укуктуу болгон жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын институту жоктугун белгилеп кетүү керек, башкача айтканда мындай абалда айылдык округдун (поселканын) башчысын дайындоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн эмес.
Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлерине айылдык округдун (поселканын) башчысынын кандидатурасын сунуштоо Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карама-каршы келет.
Сунушталган Мыйзам долбоорун ишке ашыруу, бюджетти түзүүдө кошумча булактардын жоктугу шартында, түзүлгөн айылдык округдарды тейлөө боюнча административдик-башкаруу аппараттын көбөйүшүнө алып келээри максатка ылайыксыз.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Республикалык жана областтык маанидеги шаарлардын аймактарында жайгашкан администрациялык-аймактык бирдиктерди жоюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.