ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-августундагы №0518 «Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын аймагындагы эски, авариялык абалдагы имараттарды жана курулмаларды бузуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 13-августу № 518

Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын аймагындагы эски, авариялык абалдагы имараттарды жана курулмаларды бузуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Турак жай имараттарын жана турак үйлөрдөгү жана башка курулмалардагы турак жайларды, бузуу, капиталдык оңдоо, реконструкциялоо, жаңылоо же кайра жабдуу жөнүндө маселени чечүүдө жашоо үчүн жараксыз категорияларга киргизүү жана адамдардын өмүрүнүн жана саламаттыгынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптарды аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын аймагындагы эски, авариялык абалдагы имараттарды жана курулмаларды бузуу тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыялангандан кийин 2010-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

И.Чудинов