Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 748 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 14-августу №526
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-августундагы №419 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо ишин өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-августундагы №419 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 1-пункт менен төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Өкмөт мыйзам чыгаруу демилгеси укугун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине (мындан ары - Жогорку Кеңеш) мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин планына ылайык (пландуу мыйзам долбоорлору) же бул пландан тышкары (пландан тышкары мыйзам долбоорлору) киргизүү аркылуу ишке ашырат.";
- 2-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин актылары, Өкмөттүн чечимдери" деген сөздөр алып салынсын;
- 3-пунктта:
"а" пунктчасынын үчүнчү абзацында ", ошондой эле корутунду" деген сөздөр алып салынсын;
"б" пунктчасынын бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү;";
"в" пунктчасында:
- биринчи абзацтагы ", Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо ишин координациялоочу аткаруу бийлик органы катары" деген сөздөр алып салынсын;
- үчүнчү абзацтагы "жылдык жана келечектеги" деген сөздөр "учурдагы жана келечектеги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жетинчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын инвентаризациялоо боюнча Өкмөттүк комиссиянын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- сегизинчи абзацтагы "мыйзам долбоорлоо ишинин техникасын жакшыртуу жана" деген сөздөр алып салынсын;
"г" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"г) министрликтер жана ведомстволор үчүн:
- мыйзам долбоорлоо ишин талдоо жана пландаштыруу;
- мыйзам долбоорлорун Өкмөттүн тийиштүү жылга мыйзам долбоорлоо иштеринин планына кошуу жөнүндө сунуштарды киргизүү;
- мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары иштеп чыгып жаткан мыйзам долбоорлорун даярдоого катышуу;
- Жогорку Кеңеште Өкмөт тарабынан киргизилген, министрликтер менен ведомстволор расмий өкүлдөрү болуп саналган мыйзам долбоорлору боюнча Өкмөттүн кызыкчылыктарынын өкүлдөрүн камсыздоо.";
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"4. Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иши пландык да, ошондой эле пландан тышкары негизде да жүзөгө ашырылат. Министрликтер менен ведомстволордун пландуу мыйзам долбоорлоо иши Өкмөттүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планына (мындан ары - План) ылайык жүзөгө ашырылат.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлордун өз убагында жана сапаттуу аткаруу жоопкерчилиги мамлекеттик органдардын жетекчилерине, ошондой эле тескеген маселелери боюнча алардын орун басарларына жүктөлөт.";
5-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иштеринин планы учурдагы жана келечектеги пландар болушу мүмкүн";
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"7. Министрликтерде жана ведомстволордо мыйзам долбоорлоо ишин уюштуруу жана алардын Өкмөт жана Жогорку Кеңеш менен өз аракеттенүүсүн камсыз кылуу Өкмөттүн расмий өкүлдөрүнө, Юстиция министрлигине, жетекчилерге, тескеген маселелер боюнча алардын орун басарларына, министрликтер менен ведомстволордун юридикалык кызматтарына жүктөлөт.";
- 8-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- министрликтерде жана ведомстволордо - жетекчилерге, ошондой эле тескеген маселелери боюнча алардын орун басарларына.";
- 12-пункттун бешинчи-жетинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- мыйзам долбоорун иштеп чыгуу мөөнөтү жана мыйзам долбоорун жактыруу жана аны Жогорку Кеңештин кароосуна жиберүү жөнүндө Өкмөттүн токтомун кабыл алуу мөөнөтү.
Пландын долбоорун түзүү боюнча сунуштар Юстиция министрлигине жыл сайын, учурдагы жылдын 1-ноябрынан кечиктирилбей берилет.
Кыргыз Республикасынын кодекстерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштар Юстиция министрлиги тарабынан жалпыланат жана Өкмөттүн кароосуна жылына эки жолу гана киргизилет.";
- 13-15-пункттар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"13. Юстиция министрлиги министрликтерден жана ведомстволордон, мамлекеттик жана башка уюмдардан, илимий уюмдардан, жарандардан жана алардын бирикмелеринен келип түшкөн сунуштарды жалпылайт жана тийиштүү мезгилге карата План долбоорун түзөт.
Пландын долбоору төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:
- мыйзам долбоорунун аталышын;
- мыйзам долбоорун, ошондой эле ишке ашыруу үчүн мыйзам долбоору иштелип чыгып жаткан нормативдик укуктук актыны киргизүүнүн максатын;
- мамлекеттик органдын - жооптуу аткаруучунун аталышын жана кошо аткаруучулардын тизмесин;
- мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун жана Өкмөткө берүүнүн мөөнөтүн;
- мыйзам долбоорун жактыруу жана аны Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү жөнүндө Өкмөттүн токтомун кабыл алуу мөөнөтүн.
Пландын акыркы долбоорун түзүүдө жыл сайын кабыл алынуучу мыйзам долбоорлору, ошондой эле төмөнкүлөрдөн улам иштелип чыгып жаткан мыйзам долбоорлору милдеттүү түрдө билдирилет:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин кайрылууларынан жана билдирүүлөрүнөн;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин тапшырмаларынан;
- Өкмөттүн иш-аракеттер программасынан;
- өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасынан;
- Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден келип чыккан, Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелеринен.
Илимий мекемелердин, жарандардын жана алардын бирикмелеринин сунуштары, эгерде алар төмөнкүлөргө багытталса План долбооруна киргизилет:
- адамдын негизги укуктары менен эркиндиктерин коргоого;
- кийинкиге калтырууну талап кылбаган коомдук мамилелерди жөнгө салууга.
14. Бул регламенттин 10-13-пункттарынын талаптарына ылайык даярдалган План долбоору сунуштар киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Юстиция министрлиги тарабынан 10-ноябрдан кечиктирилбестен жиберилет.
Пландын акыркы долбоору кызыкдар министрликтер жана ведомстволор менен макулдашылат жана 31-декабрдан кечиктирилбестен Өкмөттүн бекитүүсүнө жиберилет.
15. Пландан пункттарды чыгарып салуу же аларды аткаруу мөөнөттөрүн жылдыруу Өкмөттүн токтомуна караганда кыйла жогорку юридикалык күчкө ээ болгон нормативдик укуктук актыларга ылайык гана жүзөгө ашырылат.".
- 17-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"17. Мыйзам долбоорлоо иштеринин ведомстволук ички пландары төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:
- мыйзам долбоорлорунун аталышын жана аларды иштеп чыгуунун негиздемелерин;
- түзүмдүк бөлүмчөнүн - жооптуу аткаруучунун аталышын жана кошо аткаруучулардын тизмесин;
- мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жүктөлгөн адистердин аты-жөнүн, алардын байланыш телефондорун;
- мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуунун жана аларды Өкмөткө киргизүүнүн мөөнөттөрүн, алар Планда көрсөтүлгөн мөөнөттөргө дал келбөөгө тийиш;
- мыйзам долбоорун жактыруу жана аны Жогорку Кеңештин кароосуна жиберүү жөнүндө Өкмөттүн токтомун кабыл алуу мөөнөтүн.";
- 19-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"19. Мыйзам долбоорлоо иштеринин ведомстволук ички пландарынын аткарылышына контролдукту министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери, тескеген маселелери боюнча алардын орун басарлары, ошондой эле министрликтер менен ведомстволордун юридикалык кызматтары жүргүзүшөт.";
- 20-пункттагы ", ошондой эле мыйзам чыгаруу демилгеси иретинде Өкмөт киргизген мыйзам долбоорлорун кабыл алууну камсыз кылуу боюнча Жогорку Кеңештин ишине тиркемеге ылайык формада катышуу" деген сөздөр алып салынсын;
- 21 жана 22-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
- 26-пунктта:
төртүнчү абзацтагы "айкын-ачык формада" деген сөздөр алып салынсын;
алтынчы абзац алып салынсын;
жетинчи абзацтагы "таза" деген сөз алып салынсын;
- 27-пункттагы ", белгиленген тартипте бекитилген" деген сөздөр алып салынсын;
- 28-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"28. Юстиция министрлиги менен макулдашууда министрликтер жана ведомстволор мыйзам долбоорлорунун кагаздагы варианты менен бирге электрондук вариантын жана коштомо документтерин жалпы тааныштыруу үчүн Юстиция министрлигинин "WEB-сайтында жайгаштыруу максатында мамлекеттик жана расмий тилдерде берүүгө милдеттүү.
Юстиция министрлигине жиберилген мыйзам долбоорунун текстине төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:
- министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери виза койгон, төмөнкүлөрдү камтыган түшүндүрмө кат (негиздеме-маалымкат):
а) мыйзам долбоорлорунун кеңири мүнөздөмөсүн, анын максаттарын, негизги жоболорун, колдонуудагы мыйзамдар системасындагы ордун, ошондой эле аны кабыл алуунун социалдык-экономикалык жана башка натыйжаларынын болжолун;
б) финансылык-экономикалык негиздемени (ишке ашырылышы финансылык жана материалдык чыгашаларды талап кылган мыйзам долбоору киргизилген учурда). Финансылык-экономикалык негиздеме учурдагы жана (же) кийинки жылдардагы каржылоо булактары жөнүндө эсептерди жана маалыматтарды камтууга тийиш;
в) мыйзамдарда каралган учурларда жүргүзүлгөн адистештирилген экспертиза (укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупцияга каршы ж.б.) жөнүндө маалыматты;
г) бул мыйзам долбоорун кабыл алууга байланыштуу күчүн жоготту деп табууга, токтото турууга, өзгөртүүгө, толуктоого же иштеп чыгууга жаткан мыйзам актыларынын тизмесин;
д) бул мыйзамды ишке ашыруу үчүн кабыл алуу зарыл болгон нормативдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жөнүндө сунушту;
- мыйзам долбооруна карата салыштырма таблицаны;
- мыйзам долбоору ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган учурда, ишкердик субъекттеринин ишинин Нормативдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин (ЖСТ) талдоо методикасына ылайыктуулугу жөнүндө корутундуну;
- гендердик экспертизанын корутундусун;
- мыйзам долбоорун жактыруу, мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке киргизүү жана мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралган учурда Өкмөттүн расмий өкүлүн дайындоо жөнүндө Өкмөттүн токтомунун долбоорун. Өкмөттүн токтомунун долбоорунда киргизилген мыйзам долбоорунун пландуу мүнөздө экендиги көрсөтүлөт;
- мыйзам долбооруна карата министрликтердин жана ведомстволордун макулдашуу баракчасын.
Юстиция министрлиги бул пунктта көрсөтүлгөн документтер жок болгон, Өкмөттүн Регламентинин талаптары сакталбаган учурда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршылык негиздери боюнча долбоорду демилгечиге кайра кайтарат.
Юстиция министрлиги мыйзам долбоорлорун он күндүк мөөнөттө карап чыгып, кийин Өкмөттүн Регламентинде белгиленген тартипте иштеп чыгуучу органга корутундусун жиберет.";
- 29-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"29. Министрликтер жана ведомстволор мыйзам долбоорун Өкмөттүн кароосуна бул Регламенттин 28-пунктунда көрсөтүлгөн материалдарды тиркөө менен жиберишет.";
- 33-берененин биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламентинде каралган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 35-пунктта:
биринчи абзацтын экинчи сүйлөмү алып салынсын;
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Пландан тышкаркы мыйзам долбоорлорун макулдашуунун жыйынтыгы боюнча Юстиция министрлиги өзүнүн корутундусун Өкмөттүн Регламентинде белгиленген тартипте иштеп чыгуучу органга жиберет.";
- 36-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"36. Пландан тышкаркы мыйзам долбоорлорунун Жогорку Кеңеште өтүүсүнүн мониторинги, аларды кабыл алууну камсыз кылуу мыйзам долбоорлорун иштеп чыккан министрликтер жана ведомстволор тарабынан жүзөгө ашырылат.";
- 37-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"37. Өкмөткө мыйзам чыгаруу демилгеси субъекттери тарабынан киргизилген мыйзам долбоорлору боюнча Өкмөттүн корутундусу токтом жана кат формасында берилет.
Өкмөттүн токтом формасындагы корутундусу төмөнкүдөй учурларда берилет:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык (мыйзам чыгаруу субъекти каржылоо булактарын аныктоо боюнча Өкмөттүн корутундусун сурайт);
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесинин 2-пунктунун 7-пунктчасына ылайык (мыйзам долбоору мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдардын көбөйүшүн же анын кирешелүү бөлүгүнүн кыскарышын караштырат).
Өкмөттүн кат формасындагы корутундусу төмөнкү учурларда берилет:
- мыйзам долбоору Өкмөткө сын-пикирлерин жана сунуштарын берүү үчүн экспертизага (макулдашууга) киргизилет;
- мыйзам долбоору анын жөнгө салуу предмети боюнча Өкмөттүн позициясын аныктоо (тактоо) максатында киргизилет;
- мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине шилтемесиз корутунду берүү үчүн киргизилет жана мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдардын көбөйүшүн же анын киреше бөлүгүнүн кыскарышын караштырбайт.
Сын-пикирлерин жана сунуштарын берүү үчүн экспертизага (макулдашууга) киргизилген мыйзам долбооруна корутунду (кат формасындагы) тийиштүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын сунуштары менен сын-пикирлеринин негизинде Өкмөттүн Аппараты тарабынан даярдалат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр тарабынан анын расмий бланкында кол коюлат.
Мыйзам долбоору жөнгө салуучу предмет боюнча Өкмөттүн позициясын аныктоо (тактоо) максатында киргизилген, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине шилтемесиз Өкмөттүн корутундусун алуу үчүн киргизилген жана мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдардын көбөйүшүн караштырбаган мыйзам долбооруна корутунду (кат формасында) тийиштүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын сунуштары менен сын-пикирлеринин негизинде Өкмөттүн Аппараты тарабынан даярдалат жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри (анын тапшырмасы боюнча - бул маселени тескеген, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри) тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий бланкында кол коюлат.
Өкмөттүн Аппаратынын дарегине киргизилген мыйзам долбоорлоруна корутунду бул пункттун нормаларын эске алуу менен каралат.";
- 38-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"38. Корутундунун долбоорун даярдоодо анда төмөнкүдөй маалыматтар чагылдырылууга тийиш:
- мыйзам долбоорун ишке ашырууга байланышкан, болжолдонгон чыгымдарды каржылоо булактарынын бар экендиги жөнүндө;
- мыйзам долбоорун кабыл алуу, күчүнө кирүү датасы боюнча Өкмөттүн позициясы жөнүндө;
- башка маалыматтар.";
- 39-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өкмөткө көз каранды эмес жагдайлар боюнча өз убагында корутунду берүүгө мүмкүнчүлүк болбогон учурда (корутунду берүү үчүн зарыл маалыматтар, долбоорду кабыл алуунун финансылык-экономикалык негиздемелери, социалдык-экономикалык жана башка натыйжаларынын болжолу берилбегенде) кат жүзүндө корутунду берүүнүн мөөнөтү жөнүндө маселе мыйзам чыгаруу демилгеси субъекти менен Өкмөттүн ортосундагы макулдашуу боюнча чечилет.";
- 40-пунктта:
"мыйзам долбоору" деген сөздөр "мыйзам долбоору" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"жана Өкмөткө жиберилет" деген сөздөр алып салынсын;
- 41-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"41. Өкмөт өзү киргизген мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Жогорку Кеңешке сунуш киргизүүгө укуктуу. Түзөтүүлөр тийиштүү министрликтер жана ведомстволор тарабынан мурда Өкмөттүн чечими менен жактырылган мыйзам долбоорунун тийиштүү түзүмдүк элементтерин өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду жактыруу жөнүндө Өкмөттүн токтомунун долбоору түрүндө даярдалат жана Өкмөткө жиберилет.";
- 43-пункттагы "мурда" деген сөз алып салынсын;
- 44-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"44. Мыйзам долбоорлоо ишин маалыматтык камсыз кылуу Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иши жөнүндө электрондук маалыматтар базасын түзүү аркылуу жүзөгө ашырылат, ал Юстиция министрлигине келип түшкөн мыйзам долбоорлорунун ичинен түзүлөт.";
- 47-пункттагы "Юстиция министрлигинин маалыматтык-укуктук борбору" деген сөздөр "Юстиция министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 48-пунктта:
"отурумдарына" деген сөз "жыйналышына" деген сөзгө алмаштырылсын;
"мыйзам долбоору" деген сөздөр "мыйзам долбоору" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"гана" деген сөз алып салынсын;
- 49-пункттагы "жана үзгүлтүксүз байланыш" деген сөздөр алып салынсын;
- 50-пунктта:
"отурумдарына" деген сөз "жыйналышына" деген сөзгө алмаштырылсын;
"башка" деген сөз алып салынсын;
- 52-пункттун биринчи абзацында:
"тыгыз" деген сөз "натыйжалуу" деген сөзгө алмаштырылсын;
"жана Юстиция министрлиги" деген сөздөр алып салынсын;
- 55, 57 жана 58-пункттар күчүн жоготту деп табылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | И.Чудинов |