Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн жана КР УБ 2011-жылдын 25-апрелиндеги №189/11/4 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 14-августу №527/32/6
"Накталай эмес төлөмдөр системасын киргизүү жана Кыргыз Республикасында төлөмдөрдүн натыйжалуу өтүшүн камсыз кылууга жөндөмдүү инфраструктураны түзүү боюнча 2003-2005-жылдарга иш-чаралардын мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2002-жылдын 31-декабрындагы № 916 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2005-жылдын 30-декабрындагы № 632/26/7 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Накталай эмес төлөмдөр системасын киргизүү жана Кыргыз Республикасында төлөмдөрдүн натыйжалуу өтүшүн камсыз кылууга жөндөмдүү инфраструктураны түзүү боюнча 2003-2005-жылдарга иш-чаралардын мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2002-жылдын 31-декабрындагы № 916 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2005-жылдын 30-декабрындагы № 632/26/7 токтому менен бекитилген Мамлекеттик программанын негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2008-жылдын 22-мартындагы № 98/11/3 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункттун үчүнчү жана төртүнчү абзацтары алып салынсын.
3. "Накталай эмес төлөмдөр системасын киргизүү жана Кыргыз Республикасында төлөмдөрдүн натыйжалуу өтүшүн камсыз кылууга жөндөмдүү инфраструктураны түзүү боюнча 2003-2005-жылдарга иш-чаралардын мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2002-жылдын 31-декабрындагы № 916 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2005-жылдын 30-декабрындагы № 632/26/7 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2006-жылдын 26-июнундагы № 453/16/10 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улуттук банкынын төрагасы |
И.Чудинов М.Алапаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2009-жылдын 14-августундагы № 527/32/6 токтомуна тиркеме "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2005-жылдын 30-декабрындагы № 632/26/7 токтому менен бекитилген |
Мамлекеттик программанын негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын мүчөсү, маалыматтык системалар башкармалыгынын куратору;
Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системалар башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнүн эксперти;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн эксперти;
"Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары;
"Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары;
"Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
"Түндүк электр" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
"Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы "Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
"Эсептик-аманат компаниясы" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Банктар ассоциациясынын аткаруучу директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
"Банктар аралык процессингдик борбору" жабык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Кыргызстан" коммерциялык банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
"Азия Универсал Банк" ачык акционердик коомунун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системалар башкармалыгынын адиси, Ведомстволор аралык комиссиянын катчысы.".