Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2013-жылдын 19-апрелиндеги № 209 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-мартындагы №148 токтому менен бекитилген |
"Улуттук" статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кошпогондо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кызматка дайындоо жана бошотуу тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 8-августундагы № 557 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисинин кызмат ордун
ээлөө тартибине коюлуучу талаптар жана мамлекеттик
жогорку окуу жайдын жетекчисин дайындоого сунуш киргизүүнүн тартиби
I. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамынын 38-беренесине ылайык иштелип чыккан жана "улуттук" статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кошпогондо мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисинин бош кызмат ордун ээлөө тартибине коюлуучу талаптарды белгилейт жана аталган кызматка дайындоонун жана кызматтан бошотуунун тартибин аныктайт.
2. "Улуттук" статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кошпогондо мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилери ушул Жободо каралган тартипте Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат.
"Улуттук" статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилери кызматка Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат жана бошотулат.
3. Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилери кызматка беш жылдык мөөнөткө эмгек келишиминин шарттарында дайындалат. Типтүү эмгек келишими Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан аныкталат.
4. Бир эле адам мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчиси болуп катары менен эки мөөнөттөн ашык дайындала албайт.
5. Бул Жободо каралган мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин дайындоонун тартиби "улуттук" статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайларын кошпогондо кандайдыр бир мамлекеттик органдын системасында иштегендигине карабай бардык мамлекеттик жогорку окуу жайларына карата колдонулат.
II. Мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисинин кызмат ордун ээлөө тартибине коюлуучу талаптар жана мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисин дайындоого сунуш киргизүүнүн тартиби
6. Мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисинин кызматына курагы 65 жаштан ашпаган, жогорку билимдүү, окуу жайдын профили жана адистешүүсү боюнча илимдин доктору же педагогикалык же илимий иште, анын ичинде жогорку окуу жайдын жетекчисинин орун басары, түзүмдүк же ведомстволук баш ийүүдөгү бөлүкчөнүн жетекчиси кызматында 10 жылдан кем эмес стажы бар илимдин кандидаты окумуштуулук даражасына ээ адамдар дайындала алат.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин дайындоодо илимдин доктору же илимдин кандидаты окумуштуулук даражасына ээ болуу талабы эске алынбашы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 8-августундагы № 557 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисинин кызматына дайындоого сунушту мамлекеттик жогорку окуу жайдын иштеп жаткан жетекчисинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаарына бир ай калганда, ал эми өз ыктыяры менен кызматтан бошосо - бош орун пайда болгон күндөн баштап бир айдын ичинде Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри киргизет. Мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисинин бош кызмат ордуна жетекчи дайындалганга чейин мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисинин биринчи орун басары мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисинин милдетин аткарат.
Башка мамлекеттик органдын карамагына кирген мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисин дайындоого сунушту ошол мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри киргизет.
8. Мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисинин кызматына сунуш кылынган талапкерди дайындоо жөнүндө сунушка төмөнкү документтер тиркелет:
- кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча;
- илимий эмгектеринин тизмеси;
- билими, окумуштуулук даражасы жана наамдары жөнүндө документтердин көчүрмөсү;
- сыйлыктары, анын ичинде мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө маалымат;
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү.
Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органынын карамагына кирген мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисин дайындоого көрсөтүүдө ошол мамлекеттик жогорку окуу жайы карамагына кирген мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу кошумча берилет.
9. Көрсөтүлгөн талапкер Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан четке кагылса, ошол күндөн баштап он жумушчу күндөн кечиктирбей Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри башка талапкерди киргизет.
10. Мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисинин ыйгарым укугу ыйгарым укуктун мөөнөтү аяктаганда, же ошондой эле ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулганда токтотулат.
11. Мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисин мөөнөтүнөн мурда бошотуу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде, дайындалуучу адам менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ортосунда түзүлгөн эмгек келишиминде көрсөтүлгөн негиздер боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы N 53 "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто билим берүүчү уюмдарынын иш-аракеттерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүүчү уюмдары жөнүндө жободо каралган негиздер боюнча ишке ашырылышы мүмкүн.
Билим берүү ишмердигине лицензияны токтотуу же чакырып алуу же Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин окумуштуулар кеңеши же коллегиясы тарабынан ушул окуу жайынын ишин канааттандыраарлык эмес деп табуу мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисин ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу үчүн негиз болушу мүмкүн.
12. Мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчиси жазык-процесстик, эмгек мыйзамдарында же билим берүү жөнүндө мыйзамдарда каралган учурларда жана тартипте ээлеген кызматынан четтетилиши мүмкүн.