Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы №817 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын мамлекеттик реестрин түзүүнүн ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-апрелиндеги № 203 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Бул эреже Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 109-статьясынын 4-бөлүгүнө ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын мамлекеттик реестринен (мындан ары - ККМдин мамлекеттик реестри) контролдук-кассалык машиналарды (мындан ары - ККМ) киргизүүнүн жана чыгаруунун тартибин аныктайт.
2. Бул эрежелер менен төмөнкү аныктамалар белгиленген:
Билдирүүчү - юридикалык жак (ККМди техникалык жактан тейлөөчү борбор) анын демилгеси боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ЫУМО) ККМдин мамлекеттик реестринен ККМдин Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 109-статьясынын талаптарына ылайык келген үлгүлөрүн киргизүү же чыгарып салуу жөнүндө маселени карайт;
Ишкердик субъектиси - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык калк менен акчалай эсептешүүлөрдү, соода операцияларынын учурунда жүргүзүлүүчү жана накталай акча, банктык төлөм карточкалары жана чектер аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашырууда ККМди колдонгон юридикалык же жеке жак;
ККМ - фискалдык эске тутуусу менен жабдылган контролдук-кассалык машиналар; электрондук эсептөөчү, анын ичинде жеке колдонуучу машиналар, программалык-техникалык комплекстер, (картты пайдалануу менен акча алмаштыруу боюнча жүргүзүлгөн аткарым); накталай акча менен төлөмдөрдүн ар кандай түрүн кабыл алуу боюнча калкка кызмат көрсөтүү үчүн каражат катары колдонуу үчүн багытталган өзү тейлөөчү соода аппараттары; ККМдин 4 түрүн аныкташат: ККМдин автономиялуу, пассивдүү системасы, активдүү системалуу ККМ жана фискалдык каттоочу;
Автономиялуу ККМ - киргизүү-чыгаруунун кошумча орнотмолорун туташтыруунун эсебинен гана функционалдык мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилген, анда жайгаштырылган программалар боюнча башкарылуучу ККМ. Автономиялуу ККМдерге электр тармагына туруктуу кошулбастан иштөө мүмкүнчүлүгү бар контролдук-кассалык машиналар дагы кирет;
Пассивдүү системдеги ККМ - компьютердик-кассалык системада иштөө
мүмкүнчүлүгү бар, бирок бул системанын ишин башкаруу мүмкүнчүлүгү жок ККМ. Пассивдүү системдүү ККМ автономиялуу ККМ катары пайдаланышы мүмкүн.
Активдүү системдеги ККМ - компьютердик-кассалык системада иштөө мүмкүнчүлүгү бар, ошол эле учурда системанын ишин башкаруучу ККМ. Активдүү системдеги ККМге фискалдык эске тутуусу менен, персоналдык компьютердин киргизүү-чыгаруу, маалыматты сактоо, иштеп чыгуу жана чагылдыруу мүмкүнчүлүгү бар POS-терминал ККМ кирет. Активдүү системдеги ККМ пассивдүү систем же автономиялуу ККМ катары колдонулушу мүмкүн;
Фискалдык каттоочу (ФК) - байланыш каналдары аркылуу маалымат алып компьютердик кассалык системада иштөөгө жөндөмдүү контролдук-кассалык машина. ФК - бул сатуу жөнүндөгү акча суммасынын маалыматтарын камтууга мүмкүнчүлүк берүүчү түрмөктүү (кээде төшөлүүчү) мөөрү менен чектердин принтери. Мындай принтердин электроникасында фискалдык эске тутуу блогу каралган, бул сатуулар жөнүндөгү маалыматтарды сактоого мүмкүндүк берет. Бардык ФКда РС232 интерфейс бар, ал аркылуу ФК com/esd компьютердин портуна, ошондой эле автоматтык акча ящигин туташтыруу үчүн сайгычтарга туташтырылат. ФК менен комплектиде программалык камсыз кылуунун топтому, операциялык систем үчүн(*) тесттик иштетүү, программалоонун мисалдары жана кеңири документация, анын ичинде пайдалануучунун нускамасы берилет. ФК басуунун принциптери боюнча айырмаланат. ФКлар басуунун анда кагаз чек ленталары, контролдук лента жана боечу картридж колдонулуучу классикалык матрицалык механизмдери менен болот. Кагаз чек ленталар эреже катары эки катмарлуу болот. ФКнын айрыкча белгилүү түрү - термикалык басуу менен болот. Басуунун бул түрү боечу картриджди талап кылбайт жана иш жүзүндө дабышсыз. Көптөгөн ФКларда чектерди бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берүүчү автоматтык кескич орнотулган.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-апрелиндеги № 203 токтомунун редакциясына ылайык)
3. ККМдин мамлекеттик реестри Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
4. Керектөөчү ККМдин мамлекеттик реестрине кирген ККМдин түрүн колдонууга гана укуктуу.
5. ККМди мамлекеттик реестрден чыгаруу же киргизүү ККМдин техникалык талаптарына дал келген же дал келбеген ККМдин түрүн таануу жол-жобосун билдирет.
6. ККМдин техникалык талаптарына ККМдин дал келишин же дал келбешин таануу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
7. ККМдин техникалык талаптары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
8. ККМдин жаңы түрлөрүн ККМдин мамлекеттик реестрине киргизүү же андан эски түрлөрүн чыгаруу жөнүндө маселени кароо үчүн билдирүүчүлөр ККМдин түрлөрүн ККМдин мамлекеттик реестрине киргизүү же чыгаруу жөнүндө негизделген сунуш менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылат.
9. ККМдин түрлөрү техникалык талаптарга ылайык келишин таануу жана аны ККМдин мамлекеттик реестрине киргизүү жөнүндө кийин демилге көтөрүү үчүн билдирүүчү арызы менен бирге ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй документтерди берет:
- кызматташуу жана ККМди берүүлөр жөнүндө даярдоочу завод менен түзүлгөн контракттын көчүрмөсү, анда ККМдин түрлөрү, алардын саны, ККМдин мамлекеттик реестрине киргизилүүчү ККМдин кепилдик жана кепилдиктен кийинки оңдоолор көрсөтүлөт;
- ККМдин мамлекеттик реестрине киргизилүүчү ККМдин шайкештик сертификаты;
- ККМдин техникалык мүнөздөмөлөрү;
- ККМди колдонуу боюнча документтер.
10. Билдирүү 30 күндүн ичинде каралат, ал аяктагандан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ККМдин түрү ККМдин техникалык талаптарына шайкеш келет же шайкеш келбей тургандыгы жөнүндө чечим кабыл алат.
11. Ушул эреженин 9-пунктунда көрсөтүлгөн билдирмелер жана документтер кабыл алынгандан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ыйгарым укуктуу салык кызматынын органдарынын кызматчыларын жана мамлекеттик органдардын тийиштүү адистерин ККМдин түрү ККМдин техникалык талаптарына шайкеш келе тургандыгы жөнүндө маселени кароо үчүн чакырат.
12. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ККМдин түрү ККМдин техникалык талаптарына шайкеш келет же шайкеш келбей тургандыгы жөнүндө масе-
лени кароо боюнча мамлекеттик органдардын кызматчыларынан жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнөн жумушчу топту түзүүгө милдеттүү.
13. ККМдин түрү төлөө системасынын серверине терминалдан эфир боюнча транзакцияларды берүү үчүн GSM модемин же антеннаны колдонсо, анда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ККМдин түрү ККМдин техникалык талаптарына шайкештигинин маселелери менен байланыш жана маалыматташтыруу жаатындагы мамлекеттик органга кайрылат. Байланыш жана маалыматташтыруу жаатындагы мамлекеттик орган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кайрылган күндөн баштап он күндүн ичинде ККМдин түрү ККМдин техникалык талаптарына шайкеш келет же шайкеш келбей тургандыгы жөнүндө корутундуну берет.
14. Керек болгон учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ыйгарым укуктуу салык органы менен бирдикте Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келүүсүнө карай ККМди сыноодон өткөрүүсү мүмкүн.
(*) "Токтом" МБ эскертүүсү: текст "Токтом" МБда кагаз түрүнө ылайык берилди.