Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2013-жылдын 17-апрели № 203
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691, 2020-жылдын 24-июнундагы № 356 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мурда кабыл алынган чечимдерди өркүндөтүү жана ченемдик укуктук актыларга шайкеш келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын турмушка ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишинин өзгөчөлүгүнө же турган жеринин өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу контролдук-кассалык машиналарды колдонбостон калк менен акчалай эсептөөлөрдү жүзөгө ашыра ала турган уюмдардын же жеке жактардын тизмесинде:
- 1-пункттагы "Финансы министрлиги" деген сөздөр "мыйзамына ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкү мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын:
"6-1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган коммерциялык банктар.";
- 7, 8, 9-пункттары күчүн жоготту деп табылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Контролдук-кассалык машиналарды колдонуу, каттоо жана пломбалоо тартибинде:
- 3-пунктунда:
төртүнчү жана бешинчи абзацтары күчүн жоготту деп табылсын;
сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын негизинде иш жүргүзгөн коммерциялык банктардан тышкары, юридикалык жактардын төлөм терминалдарында милдеттүү түрдө контролдук-кассалык машиналар (фискалдык каттоочулар) орнотулууга тийиш.";
- 6-пунктунун 3-пунктчасы жана 7-пунктунун 5-пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын;
- 13-пунктунун үчүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин" деген сөздөр "салык органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 19-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөр "салык органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салыктын базалык суммасын иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде аныктоо ыкмасында:
- 6-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Оңдоп-түздөлүүгө тийиш болгон ыктыярдуу патенттин суммасы региондор аралык башкармалыктар, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарлары боюнча салык органдарынын башкармалыктары тарабынан белгиленет.".
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Хронометраждык текшерүүнү жүргүзүү тартибинде:
- жогоруда аталган Тартиптин 1-тиркемесинде:
"Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөр "______________________________________________"
(салык органдын аталышы)
деген сөздөргө алмаштырылсын.".
2. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691, 2020-жылдын 24-июнундагы № 356 токтомдоруна ылайык күчүн жоготту
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 19-апрелинде № 30 жарыяланды
Премьер-министри
| Ж. Сатыбалдиев |