Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
|
|
2009-жылдын 4-сентябры № 560
2010-жылда түшүм алуу үчүн кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн күздүк себүүсүн өткөрүү боюнча иш-чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү республиканын нан азык-түлүгү коопсуздугунун негизин түзүүчү 2009-жылы түшүм берүүчү күздүк буудай 260,7 миң га аянтка же мурдагы жылга салыштырганда 36,6 миң га аянтка көп аянтка себилген.
2002-жылы күздүк буудай 315,3 миң га аянты ээлеп, ал учурда республика өзү өндүргөн азык-түлүк буудайы менен толук камсыз болгон. Республикага макарон жана башка кондитердик азык-түлүктөрдү даярдоо үчүн буудайдын катуу сорттордогу даны алып келинген.
Республиканын өрөөндөрүндөгү жана тоо этектериндеги, күздүк буудай өстүрүү үчүн жарактуу орточо алганда 50-80 миң га жерге жыл сайын жаздык буудай себилет. Жаздык буудайдын түшүмдүүлүгү күздүк буудайдыкынан дээрлик 30 процентке төмөн болот, натыйжада республика 50 миң тоннага чейин азык-түлүк дан эгинин жоготот.
Күздүк буудайды оптималдуу агротехникалык мөөнөттөрдө себүүнү мындан ары кеңейтүү жолу менен өлкөнүн азык-түлүктүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2010-жылда түшүм алуу үчүн кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн күздүк себүүсүн өткөрүүнүн тиркелген программасы бекитилсин.
2. Облустардын жана райондордун мамлекеттик администрацияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары төмөнкүлөргө контролдук жүргүзүүнү камсыз кылсын:
- күздүк кылкандуу дан өсүмдүктөрүн себүү үчүн кыртышты өз убагында даярдоого;
- сугат жерлеринде айдоо алдында сугарууну жүргүзүүгө;
- сугат жерлеринде күздүк буудайдын себүү аянттарын максималдуу кеңейтүүгө;
- кыртышты даярдоодо жана себүү өнөктүгүн өткөрүүдө иштеген кыртышты иштетүүчү, себүү, үрөн тазалоочу жана дарылоочу айыл чарба техникасын, транспорт каражаттарын ремонттоону жана техникалык жактан күтүүнү жүргүзүү боюнча механикалаштырылган сервистик кызматтардын үзгүлтүксүз иштөөсүнө;
- себүү үчүн республиканын үрөн чарбалары өстүргөн үрөн материалдарынан тышкары, башка чарба субъекттери өстүргөн, сорттук себүүлөрү мамлекеттик үрөн инспекциялары тарабынан сыноодон өткөрүлгөн үрөн материалынын пайдаланылышына;
- айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн товардык кредиттер түрүндө алынган мамлекеттик займдык каражаттарын өз убагында жоюусуна.
3. Республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө азык-түлүк буудай данын бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттер, ошондой эле Япония Өкмөтүнүн гранттары линиясы боюнча берилген кредиттер (10 жыл ичинде жоюу мөөнөтү менен берилген кредиттерден башкалар) боюнча карыздарын жоюунун эсебинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик резервдер фондуна жооптуу сактоого төгүүсүнө уруксат берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги Кыргыз Республикасынын Нефтетрейдерлер ассоциациясы менен бирге 2010-жылда түшүм алуу үчүн күздүк себүүнү тиркемеге ылайык көлөмдөрдө жүргүзүү үчүн айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн күйүүчү-майлоочу материалдарга муктаждыгына ылайык күйүүчү-майлоочу материалдарды топтоону камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттуу үрөндөрүнүн республикалык мамлекеттик үрөн фондунда суперэлита, элита, күздүк буудайдын жана күздүк арпанын биринчи, экинчи жана үчүнчү репродукциясынын үрөндөрүн өз убагында топтоо жана аларды өз убагында бөлүштүрүү үчүн:
- 2009-жылдын 25-сентябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүү программасын аткаруу үчүн облустар боюнча үрөнчүлүк чарбаларынын жана чарба субъекттеринин үрөнгө болгон керектөөлөрү жөнүндө маалымат берсин;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттуу үрөндөрүнүн республикалык мамлекеттик үрөн фондунда топтоо үчүн күздүк буудайдын жана күздүк арпанын суперэлита, элита, биринчи, экинчи жана үчүнчү репродукциясынын сорттуу үрөндөрүн себүү кондициясына өз убагында жеткирүүгө контролдукту камсыз кылсын;
- 2010-жылдагы түшүм үчүн күздүк себүүгө үрөндөрдүн көлөмү боюнча материалдарды Товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик республикалык комиссиянын кароосуна оперативдүү түрдө киргизсин.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду 2010-жылдагы түшүм үчүн күздүк себүү программасын жүргүзүүнү аткаруу үчүн:
- республиканын үрөн чарбалары жана башка чарба субъекттери менен айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттуу үрөндөрүнүн республикалык мамлекеттик үрөн фондунда суперэлита, элита, биринчи, экинчи жана үчүнчү репродукциядагы күздүк буудайдын жана күздүк арпанын үрөнүн топтоо үчүн алардын займдык каражаттар боюнча (Япония Өкмөтүнүн гранттары жана Кытай Эл Республикасынын гранты линиясы боюнча 10 жыл ичинде жоюу мөөнөтү менен алынган кредиттерден тышкары) карыздарын жоюунун эсебинен кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн үрөнүн кабыл алуу боюнча макулдашууларды түзсүн;
- 2010-жылдын 1-декабрына чейин кайтарып берүү мөөнөтү менен процентсиз товардык кредит алуу тартибинде кредиттик жана күрөө келишимдерин өз убагында тариздөөнү жүргүзсүн:
үрөн чарбалары менен - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги тарабынан түздөн-түз сатып алуу методу менен сатып алынган күздүк буудайдын жана күздүк арпанын суперэлита жана элита үрөндөрүн алуу;
үрөн чарбалары жана айылдык товар өндүрүүчүлөр менен - Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттуу үрөндөрүнүн республикалык мамлекеттик үрөн фондунда топтолгон жана товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча республикалык, облустук, райондук мамлекеттик комиссиялардын чечимдерине ылайык бөлүштүрүлгөн суперэлита, элита, биринчи, экинчи жана үчүнчү репродукциядагы үрөндөрдү алуу.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду менен бирдикте 2009-жылы бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттер, ошондой эле Япония Өкмөтүнүн гранттарынын линиясы боюнча үч жыл ичинде кайтарып берүү мөөнөтү менен берилген кредиттер боюнча 2005-2008-жылдар үчүн карыздарын жоюунун эсебинен айыл чарба өндүрүүчүлөрү мамлекеттик резервге (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик материалдар резервдик фондунун жооптуу сактоосуна) тапшырылган азык-түлүктүк буудай даны жана арпа үчүн өз ара эсептешүүнү жүргүзсүн;
- бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттер, ошондой эле Япония Өкмөтүнүн гранттарынын линиясы боюнча берилген кредиттер боюнча (10 жылдын ичинде жоюу мөөнөтү менен берилген кредиттерден тышкары) карызы бар айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн азык-түлүктүк буудай данын кабыл алууну камсыз кылсын;
- төмөнкүлөрдү жүргүзсүн:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик белгилеген бааларга ылайык айылдык товар өндүрүүчүлөр мамлекеттик резервге тапшырган азык-түлүк буудай даны жана арпа үчүн өз ара эсептешүүнү жүргүзсүн;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-февралындагы № 114 "2009-жылы жазгы-талаа иштерин ийгиликтүү өткөрүүнү камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 27-ноябрындагы Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна ылайык сатылып алынган, дизель отунунун тандалбаган көлөмүн республикалык айылдык товар өндүрүүчүлөргө берсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-сентябрындагы № 560 токтому менен бекитилген
|
(республика жана облус миң га, райондор - га)
┌───────────────────────────┬────────────┬────────────┬───────────────┐
│ Облустардын жана │ Күздүк │ Күздүк │ Бардык күздүк │
│ райондордун аталышы │ буудай │ арпа │дан өсүмдүктөрү│
├───────────────────────────┼────────────┼────────────┼───────────────┤
│ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │
├───────────────────────────┼────────────┼────────────┼───────────────┤
│Республика боюнча │ 271,0 │ 9,0 │ 280,0 │
├───────────────────────────┼────────────┼────────────┼───────────────┤
│Баткен облусу │ 16,3 │ 0,4 │ 16,7 │
├───────────────────────────┼────────────┼────────────┼───────────────┤
│Баткен району │ 3300 │ │ 3300 │
├───────────────────────────┼────────────┼────────────┼───────────────┤
│Кадамжай району │ 7700 │ │ 7700 │
├───────────────────────────┼────────────┼────────────┼───────────────┤
│Лейлек району │ 4100 │ 400 │ 4500 │
├───────────────────────────┼────────────┼────────────┼───────────────┤
│Кызыл-Кыя шаары │ 1200 │ │ 1200 │
├───────────────────────────┼────────────┼────────────┼───────────────┤
│Жалал-Абад облусу │ 42,4 │ 0,25 │ 42,7 │
├───────────────────────────┼────────────┼────────────┼───────────────┤
│Аксы району │ 3500 │ │ 3500 │
├───────────────────────────┼────────────┼────────────┼───────────────┤
│Ала-Бука району │ 8200 │ │ 8200 │
├───────────────────────────┼────────────┼────────────┼───────────────┤
│Базар-Коргон району │ 6000 │ │ 6000 │
├───────────────────────────┼────────────┼────────────┼───────────────┤
│Ноокен району │ 7900 │ │ 7900 │
├───────────────────────────┼────────────┼────────────┼───────────────┤
│Сузак району │ 15750 │ 250 │ 16000 │
├───────────────────────────┼────────────┼────────────┼───────────────┤
│Токтогул району │ 630 │ │ 630 │
├───────────────────────────┼────────────┼────────────┼───────────────┤
│Жалал-Абад шаары │ 500 │ │ 500 │
├───────────────────────────┼────────────┼────────────┼───────────────┤
│Ысык-Көл облусу │ 21,9 │ │ 21,9 │
├───────────────────────────┼────────────┼────────────┼───────────────┤
│Ак-Суу району │ 6000 │ │ 6000 │
├───────────────────────────┼────────────┼────────────┼───────────────┤
│Жети-Өгүз району │ 4500 │ │ 4500 │
├───────────────────────────┼────────────┼────────────┼───────────────┤
│Ысык-Көл району │ 4600 │ │ 4600 │
├───────────────────────────┼────────────┼────────────┼───────────────┤
│Тоң району │ 600 │ │ 600 │
├───────────────────────────┼────────────┼────────────┼───────────────┤
│Түп району │ 6200 │ │ 6200 │
├───────────────────────────┼────────────┼────────────┼───────────────┤
│Ош облусу │ 61,5 │ 0,25 │ 61,8 │
├───────────────────────────┼────────────┼────────────┼───────────────┤
│Алай району │ 500 │ │ 500 │
├───────────────────────────┼────────────┼────────────┼───────────────┤
│Араван району │ 6200 │ │ 6200 │
├───────────────────────────┼────────────┼────────────┼───────────────┤
│Кара-Кулжа району │ 2000 │ │ 2000 │
├───────────────────────────┼────────────┼────────────┼───────────────┤
│Кара-Суу району │ 21500 │ │ 21500 │
├───────────────────────────┼────────────┼────────────┼───────────────┤
│Ноокат району │ 14330 │ │ 14330 │
├───────────────────────────┼────────────┼────────────┼───────────────┤
│Өзгөн району │ 17000 │ 250 │ 17250 │
├───────────────────────────┼────────────┼────────────┼───────────────┤
│Талас облусу │ 15,9 │ │ 15,9 │
├───────────────────────────┼────────────┼────────────┼───────────────┤
│Бакай-Ата району │ 4000 │ │ 4000 │
├───────────────────────────┼────────────┼────────────┼───────────────┤
│Кара-Буура району │ 4700 │ │ 4700 │
├───────────────────────────┼────────────┼────────────┼───────────────┤
│Манас району │ 4900 │ │ 4900 │
├───────────────────────────┼────────────┼────────────┼───────────────┤
│Талас району │ 2300 │ │ 2300 │
├───────────────────────────┼────────────┼────────────┼───────────────┤
│Чүй облусу │ 112,9 │ 8,1 │ 121,0 │
├───────────────────────────┼────────────┼────────────┼───────────────┤
│Аламүдүн району │ 9200 │ 1200 │ 10400 │
├───────────────────────────┼────────────┼────────────┼───────────────┤
│Жайыл району │ 17700 │ 1800 │ 19500 │
├───────────────────────────┼────────────┼────────────┼───────────────┤
│Кемин району │ 5500 │ 100 │ 5600 │
├───────────────────────────┼────────────┼────────────┼───────────────┤
│Москва району │ 22000 │ 1500 │ 23500 │
├───────────────────────────┼────────────┼────────────┼───────────────┤
│Панфилов району │ 16400 │ 100 │ 16500 │
├───────────────────────────┼────────────┼────────────┼───────────────┤
│Сокулук району │ 20100 │ 1600 │ 21700 │
├───────────────────────────┼────────────┼────────────┼───────────────┤
│Ысык-Ата району │ 14000 │ 1500 │ 15500 │
├───────────────────────────┼────────────┼────────────┼───────────────┤
│Чүй району │ 8000 │ 300 │ 8300 │
└───────────────────────────┴────────────┴────────────┴───────────────┘
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-сентябрындагы № 560 токтомуна тиркеме
|
(тонна менен)
┌─────────────────────┬────────────┬──────────┬───────────┬───────────┐
│ Облустардын аталышы │Дизель отуну│ Бензин │Дизель майы│ Автол │
├─────────────────────┼────────────┼──────────┼───────────┼───────────┤
│Республика боюнча │ 15000 │ 4500 │ 525 │ 173 │
├─────────────────────┼────────────┼──────────┼───────────┼───────────┤
│Баткен облусу │ 850 │ 255 │ 30 │ 10 │
├─────────────────────┼────────────┼──────────┼───────────┼───────────┤
│Жалал-Абад облусу │ 2000 │ 600 │ 70 │ 23 │
├─────────────────────┼────────────┼──────────┼───────────┼───────────┤
│Ысык-Көл облусу │ 1250 │ 375 │ 44 │ 14,5 │
├─────────────────────┼────────────┼──────────┼───────────┼───────────┤
│Ош облусу │ 3400 │ 1020 │ 119 │ 39 │
├─────────────────────┼────────────┼──────────┼───────────┼───────────┤
│Талас облусу │ 1000 │ 300 │ 35 │ 11,5 │
├─────────────────────┼────────────┼──────────┼───────────┼───────────┤
│Чүй облусу │ 6500 │ 1950 │ 227 │ 75 │
└─────────────────────┴────────────┴──────────┴───────────┴───────────┘
Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр | Н.Айтмурзаев |