Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 10-сентябры № 565
«Ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 9-декабрындагы № 435 «Ишкердик ишти жөнгө салуу жагында мамлекеттик саясатты өркүндөтүү жөнүндө» Жарлыгына жана «Лицензиялоо - уруксат берүү чөйрөсүндө ишкердикти жөнгө салуучу нормативдик укуктук базаны оптималдаштыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-сентябрындагы № 509 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) аталышында жана 1 жана 7-пункттарда «Ишкерликтин» деген сөз «Иштин» деген сөзгө алмаштырылсын;
- 5- пункт күчүн жоготту деп табылсын;
б) аталган токтом менен бекитилген Ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо:
- аталышында жана 1.1. жана 1.6-пункттарда «Ишкерликтин» деген сөз «Иштин» деген сөзгө алмаштырылсын;
- 2-главанын 2.5-пункту күчүн жоготту деп табылсын;
- 10-главанын 10.1-пунктунун 4-пунктчасында «коду (номери)» деген сөздөр «салыктык номери» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 16-главанын 16.2-пунктунда «код» деген сөз «салыктык номер» деген сезгө алмаштырылсын;
- 20-глава күчүн жоготту деп табылсын;
- 20-1-главада:
аталышында «, курулуш (курулма)» деген сөздөр алып салынсын;
1-пунктта:
- үчүнчү абзац алып салынсын;
- төртүнчү абзац «объекттер» деген сөздөн кийин «туруктуу орнотулган жана жылып жүрүүчү жүк көтөрүүчү механизмдер, эскалаторлор жана фуникулерлор пайдаланылган кооптуу өндүрүштүк объекттерди пайдаланууну кошпогондо» деген сөздөр менен толукталсын;
- бешинчи абзацтагы «, курулуш» жана «курулуштарда» деген сөздөр алып салынсын;
5-пунктта:
- биринчи абзац төмөнкудөй редакцияда баяндалсын:
«Лицензиянын тиркемелеринде белгиленүүчү шарттар:»;
- «б» пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын;
9-пункттун жетинчи абзацы «ишмердик» деген сөздөн кийин «, же болбосо лицензиат тарабынан аталган документтердин ээси менен келишимдин нотариуста күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү берилүүгө тийиш» деген сөздөр менен толукталсын;
- «Жеке менчик медициналык практиканы жүзөгө ашырууга байланыштуу иштерди лицензиялоо өзгөчөлүгү» деген 21-главада:
- 3- пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
« 3. Медициналык кызматтын төмөнкүдөй түрлөрү лицензиялоодон өтүшү керек:
1) саламаттык сактоо мекемелеринде жана (же) үйдөгү амбулатордук-поликлиникалык медициналык жардам:
- акушерлик жана гинекология;
- андрология;
- анестезиология жана реаниматология;
- генетика;
- гериатрия;
- дерматовенерология;
- иммунология;
- иммунопрофилактика;
- инфекциялык оорулар (өтө коркунучтуу эмес инфекциялар);
- колопроктология;
- косметология:
- терапевдик;
- хирургиялык;
- наркология;
- неврология;
- нейрохирургия (консультациялык-диагностикалык);
- отоларингология; сурдология;
- офтальмология;
- үй-бүлөнү пландоо жана репродукция:
- экстракорпоралдык уруктандыруу;
- педиатрия;
- психотерапия;
- сексопатология;
- стоматология;
- терапия:
гастроэнтерология;
физиотерапия;
нефрология;
кардиология;
гематология;
аллергология;
ревматология;
эндокринология;
- токсикология (консультациялыкдиагностикалык);
- травматология жана ортопедия;
- урология;
- хирургия;
- дарылоочу эндоскопия;
күндүзгү стационар (жүргүзүлүүчү иштердин түрлөрү көрсөтүлөт);
2) медициналык тез жардам;
3) диагностика:
- лабораториялык диагностика;
- нурдуу диагностика:
компьютердик жана магниттик-резонанстык томография;
рентгенологиялык;
ультраүндүү;
функционалдык диагностика;
эндоскопиялык диагностика;
4) жалпы дарыгерлик практика, үй-бүлөлүк медицина;
5) калкка стационардык медициналык жардам;
- акушердик жана гинекология:
экстракорпоралдык уруктандыруу;
- андрология;
- анестезиология жана реаниматология;
- генетика;
- гериатрия;
- дерматовенерология;
- диабетология;
- инфекциялык оорулар (өзгөчө коркунучтуу эмес);
- клиникалык трансфузиология;
- колопроктология;
- комбустиология;
- косметология:
хирургиялык;
- литотрипсия;
- наркология;
- нейрохирургия;
- неонатология;
- отоларингология;
- офтальмология;
- педиатрия;
- психотерапия;
- радиология;
- терапия:
гастроэнтерология;
физиотерапия;
нефрология;
кардиология;
аллергология;
ревматология;
эндокринология;
- токсикология;
- равматология жана ортопедия;
- урология;
- хирургия:
торакалдык хирургия;
жүрөк-кан тамырлар хирургиясы;
нейрохирургия;
бет-жаак хирургиясы;
- проктология;
- дарылоочу эндоскопия;
6) элдик (салттуу) медицина:
- гомеопатия;
- мануалдуу терапия;
- рефлексотерапия.»;
11-пунктта;
- экинчи абзац алып салынсын;
- үчүнчү абзацтагы «Кыргызстандарт» деген сөз «, белгиленген тартипте жүргүзүлгөн» деген сездөргө алмашылсын;
- 24-главада:
1-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Ушул пунктка киргизилген курулуш иштеринин түрлөрү көлөмдүкпландык жана конструктивдик чечимдерди өзгөртүү менен жаңы курулушта, реконструкцияда, кайра ыңгайлаштырууда жана кайра пландоодо долбоордук-изилдөөчү жана курулуштук-монтаждык иштердин аткарылышын карайт.»;
2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Лицензиардын аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик»;
аталган главанын тиркемесинде:
- «Инженердик изилдөөлөр» деген бөлүмдүн 3 жана 4-пункттары күчүн жоготту деп табылсын;
«Шаар куруу жана долбоорлоо иштери» бөлүмүндө:
- 2-пункттун үчүнчү абзацы алып салынсын;
- 3-пунктта:
үчүнчү жана жетинчи абзацтар алып салынсын;
төртүнчү абзацта «транспорттук курулмалар» деген сездөрдөн кийин «, эстакадалар» деген сөз менен толукталсын;
- 4-пунктта:
бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- төмөнкү басымдагы отканалар;»;
сегизинчи-он биринчи абзацтар алып салынсын;
- 5-пункттун экинчи абзацы алып салынсын;
«Курулуш-монтаждык жана объекттерде оңдоо иштерин аткаруу» деген бөлүмдө:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«II. Курулуш-монтаждоо иштери»;
- 2-пунктта:
биринчи абзац «курулмалар» деген сөздөн кийин «, чатыр түзүлүштөрү» деген сөздер менен толукталсын;
бешинчи абзац алып салынсын;
- 3-пуктта:
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- төмөнкү басымдагы отканалар»;
жетинчи - онунчу абзацтар алып салынсын;
4, 5, 8 жана 11-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
7-пункт «гидроэлектростанциялар» деген сөздөрдөн кийин «, гидротехникалык курулуштар» деген сөздөр менен толукталсын;
9-пункт «курулмалар» деген сөздөн кийин «, эстакадалар» деген сөз менен толукталсын;
- 25-главада:
2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Лицензиардын аталышы: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Билим берүү мекемелерин лицензиялоо, аттестациялоо жана аккредитациялоо боюнча мамлекеттик инспекция,»;
5-пункт «билим берүү» деген сөздөн кийин «жана илим» деген сөздөр менен толукталсын;
9-пункттун тогузунчу абзацындагы «Мамлекеттик автомобиль инспекциясы» деген сөздөр «Жол кыймылынын коопсуздугунун башкы башкармалыгы» деген сөздергө алмаштырылсын;
11-пунктта № 1-6 форманын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Билим берүү мекемелерин лицензиялоо, аттестациялоо жана аккредитациялоо боюнча мамлекеттик инспекция»;
- 26-главанын 2-пунктунун үчүнчү абзацындагы «облустук» деген сөз «региондук» деген сөзгө алмаштырылсын;
- 27-главада:
аталышында жана 1-пунктта «жумуштар» деген сөз «атайын жумуштар» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Лицензиардын аталышы: Жарандык авиация департаменти.»;
- 33-глава күчүн жоготту деп табылсын;
- 36-главанын 1-пунктундагы «теле- жана радиопрограммаларды жайылтуу, радио жыштыктык спектрди пайдалануу» деген сөздөр «телерадиоберүү» деген сөзгө алмаштырылсын;
- 37-главанын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Лицензиардын аталышы: Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департамент.»;
38-главада:
- главанын аталышындагы «парфюмердиккосметикалык жана химиялык заттар, күчтүү таасир этүүчү, уулуу жана радиоактивдүү заттар» деген сөздөр алып салынсын;
1-пункттун үчүнчү жана төртүнчү абзацтары алып салынсын;
3-пункттун үчүнчү жана төртүнчү абзацтары алып салынсын;
6-пункттагы «2» деген цифра «5» деген цифрага алмаштырылсын;
7-пункттун «а» жана «в» пунктчалары, 8-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
11-пункттун экинчи жана алтынчы абзацтары алып салсын;
- 42-главага «Лицензиялануучу камсыздандыруу ишмердигинин түрлөрү боюнча классификациялоо» деген тиркемеде:
1,2 жана 3-тиркемелерде «код» деген сөз «салык төлөөчүнүн салыктык номери» деген сөздөргө алмаштырылсын;
аталышында жана 43-главанын 1 жана 8-пункттарында «бажылык ташуучу» деген сөздөр алып салынсын.
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |