Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 11-сентябры № 574
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 12-майындагы № 254 "Элдик жакшы каада-салттар менен үрп-адаттарды өнүктүрүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Элдик жакшы каада-салттарды жана үрп-адаттарды координациялоо жана иштеп чыгуу боюнча комиссиянын ишин жаңылоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 12-майындагы № 254 "Элдик жакшы каада-салттар менен үрп-адаттарды өнүктүрүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - көрсөтүлгөн токтом менен түзүлгөн Элдик жакшы каада-салттарды жана үрп-адаттарды координациялоо жана иштеп чыгуу боюнча комиссиянын курамы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин; - 5-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык өнүктүрүү департаменти" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү" деген сөздөргө алмаштырылсын. 2. Элдик жакшы каада-салттарды жана үрп-адаттарды координациялоо жана иштеп чыгуу боюнча комиссия Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен бирдикте алты айлык мөөнөттө элдик каада-салттардын жана үрп-адаттардын жакшы формаларын өнүктүрүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
Элдик жакшы каада-салттарды жана үрп-адаттарды координациялоо жана иштеп чыгуу боюнча комиссиянынКУРАМЫ
Абдуллаева У.А. - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы; Жакиев Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, комиссия нын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
Комиссия мүчөлөрү:
Абдрашев А.Б. - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин статскатчысы; Абыкеев Ч.А. - Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Мамлекеттик архив агенттигинин директору; Айдаров О.Б. - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министринин орун басары; Акмолдоева Б.Б. - көз карандысыз эксперт, этнограф (макулдашуу боюнча); Жумагулов Т.Р. - Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы (макулдашуу боюнча); Исмаилов К.И. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы; Мамашов Т.Ч. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; Молдокасымов К.С. - "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору – башкы редактору; Оморов Т.Т. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти; Өмүрова Т.Ө. - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин дин таануу кафедрасынын башчысы; Өмүркулов И.Ш. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана маалыматтык саясат боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Пазылов А.П. - Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Кинематография боюнча департаментинин директору; Турдумаматов А.И. - Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматынын жетекчиси (макулдашуу боюнча); Садыков С.М. - "Эркин-Тоо" гезитинин башкы редактору; Чынаев Ж.Ч. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейинин директору; Эргешов А.К. - Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысы (макулдашуу боюнча); Эшимканов М.А. - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча).
|
|