ТоктомКүчүн жоготту

2009-жылдын 11-сентябрындагы N 574 «Өкмөтүнүн 1999-жылдын 12-майындагы N 254 «Элдик жакшы каада-салттар менен үрп-адаттарды өнүктүрүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жонундо токтому

Редакция11.09.2009 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2009-жылдын 11-сентябры № 574

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 12-майындагы № 254 "Элдик жакшы каада-салттар менен үрп-адаттарды өнүктүрүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Элдик жакшы каада-салттарды жана үрп-адаттарды координациялоо жана иштеп чыгуу боюнча комиссиянын ишин жаңылоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 12-майындагы № 254 "Элдик жакшы каада-салттар менен үрп-адаттарды өнүктүрүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- көрсөтүлгөн токтом менен түзүлгөн Элдик жакшы каада-салттарды жана үрп-адаттарды координациялоо жана иштеп чыгуу боюнча комиссиянын курамы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;

- 5-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык өнүктүрүү департаменти" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Элдик жакшы каада-салттарды жана үрп-адаттарды координациялоо жана иштеп чыгуу боюнча комиссия Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен бирдикте алты айлык мөөнөттө элдик каада-салттардын жана үрп-адаттардын жакшы формаларын өнүктүрүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.

 

Премьер-министри

И.Чудинов

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнт 2009-жылдын 11-сентябрындагы № 574 токтомуна тиркеме

 

 

 

Элдик жакшы каада-салттарды жана үрп-адаттарды координациялоо жана иштеп чыгуу боюнча комиссиянын

КУРАМЫ

 

Абдуллаева У.А. - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, комиссиянын  төрагасы;

Жакиев Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, комиссия нын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).

 

 Комиссия мүчөлөрү:

 

Абдрашев А.Б. - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин статскатчысы;

Абыкеев Ч.А. - Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Мамлекеттик архив агенттигинин директору;

Айдаров О.Б. - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министринин орун басары;

Акмолдоева Б.Б. - көз карандысыз эксперт, этнограф (макулдашуу боюнча);

Жумагулов Т.Р. - Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы (макулдашуу боюнча);

Исмаилов К.И. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;

Мамашов Т.Ч. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;

Молдокасымов К.С. - "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору – башкы редактору;

Оморов Т.Т. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти;

Өмүрова Т.Ө. - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин дин таануу кафедрасынын башчысы;

Өмүркулов И.Ш. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана маалыматтык саясат боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Пазылов А.П. - Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Кинематография боюнча департаментинин директору;

Турдумаматов А.И. - Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);

Садыков С.М. - "Эркин-Тоо" гезитинин башкы редактору;

Чынаев Ж.Ч. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейинин директору;

Эргешов А.К. - Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысы (макулдашуу боюнча);

Эшимканов М.А. - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча).

 

Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр

Н.Айтмурзаев