Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2025-жылдын 8-октябрындагы № 648 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2009-жылдын 19-сентябры №600

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин алдындагы "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасы жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 342 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн муктаждыктарын жана керектөөлөрүн камсыздоо үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 5-главасына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-бе-ренесине жана "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин алдындагы "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 342 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин алдындагы "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) тиркелген уставы бекитилсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 342 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Ишкананын ишин жалпы башкарууну жана координациялоону Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жүргүзөөрү белгиленсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 342 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- Ишкананы юстиция органдарынан мамлекеттик каттоодон өткөрсүн;

- Ишкананын ишин ушул токтомдон келип чыккан материалдык-техникалык, финансылык жана башка камсыздоонун маселелерин чечсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 342 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы N 398 "Улуттук коргонуу, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды коргоо жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Улуттук коргонуу, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды коргоо жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибине ылайык мамлекеттик заказды Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жүргүзөөрү белгиленсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 342 токтомунун редакциясына ылайык)

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

И.Чудинов