Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 19-сентябры №601

"Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу

Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык түзүлгөн келишимдер боюнча Кыргыз Республикасынын банктары сатып алган транспорт каражаттарын тариздөөдө жыйымдардын эки жолу алынышын болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 токтому менен бекитилген Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясында каттоо эрежелерине төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- 46-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:

"- менчик укугун өткөрүп бергенге чейин банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык түзүлгөн келишимдердин негизинде сатып алган автомототранспорт каражаттары боюнча Кыргыз Республикасынын банктары;".

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып үч айдан кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

И.Чудинов