Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы N 787 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 2-октябры № 617
"Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-апрелиндеги № 125 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана мекемелеринде ички аудит кызматтарын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 177 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-апрелиндеги № 125 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- III бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү жана он төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- Министрликти, ошондой эле ага караштуу уюмдарды эффективдүү үнөмдүү жана натыйжалуу башкарууга жетишүү үчүн ички контролдоонун комплекстүү жана эффективдүү системасын уюштурат, буга бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттулук, нормативдик укуктук актыларды, ички актыларды сактоо, укукка каршы жосундарды болтурбоо жана аныктоо, активдердин сакталышын камсыздоо, финансылык жана башкаруу отчеттору менен маалыматтардын тууралыгын, ишенимдүүлүгүн жана адекваттуулугун камсыздоо, ошондой эле аларды даярдоо кирет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча жогорку окуу жайлардын уставдарын бекитет.";
- IV бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- ички аудит объектилеринде ички аудиттик текшерүү жүргүзүү жана башка аудиттик тапшырмаларды аткаруу.".
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | И.Чудинов
|