ТоктомКүчүн жоготту

КР Ɵкмɵтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 787 «Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №119 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 18-декабры № 787

Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башкаруу схемасы.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-апрелиндеги № 125 токтомунун 1 жана 4-пункттары;

- "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-апрелиндеги № 125 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июлундагы № 293 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-апрелиндеги № 125 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 2-октябрындагы № 617 токтому.

3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

 

Премьер-министр

Д.Үсөнов

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 787 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башкаруунун сунушталган СХЕМАСЫ

 

                              ┌─────────┐        ┌──────────┐

                              │ Министр ├───────>│ Коллегия │

                              └────┬────┘        └──────────┘

                                   │

                                   v

                 ┌──────────────────────────────────┐

          ┌──────┤ Министрликтин борбордук аппараты ├──────┐

          │      └───────────────────────┬──────────┘      │

          │                              │                 │

          v                              v                 v

┌────────────────────────────────┐┌────────────────┐┌─────────────────┐

│  Республикалык ведомстволук    ││   Билим берүү  ││ Бишкек жана Ош  │

│ Кесиптик жогорку окуу жайлары  ││   мекемелерин  ││шаарларынын билим│

│  Кесиптик орто окуу жайлары    ││   (уюмдарын)   ││      берүү      │

│"Жаштык" спорттун ден соолукту  ││ аттестациялоо, ││ башкармалыктары │

│        чыңдоо мекемеси         ││      жана      ││   райондордун   │

│Балдар үйлөрү жана ошондой эле  ││аккредитациялоо,││  (шаарлардын)   │

│ ата-энесинин кароосуз калган   ││ лицензия берүү ││   билим берүү   │

│ балдар үчүн жана жетим балдар  ││     боюнча     ││    бөлүмдөрү    │

│     үчүн жатак-мектептери      ││   мамлекеттик  ││  (борборлору)   │

│    Республикага баш ийген      ││    инспекция   │└────────┬────────┘

│адистештирилген жатак-мектептер │└────────────────┘         │

│    Республикага баш ийген      │                           v

│        жатак-мектептер         │                  ┌─────────────────┐

│    Республикага баш ийген      │                  │   Жалпы билим   │

│          гимназиялар           │                  │берүүчү мектептер│

│Республикага баш ийген лицейлер │                  │Мектепке чейинки │

│Республикалык мектептен тышкары │                  │балдар мекемелери│

│          мекемелер             │                  │    Райондук     │

│ Кыргыз билим берүү академиясы  │                  │    мектептен    │

│"Кут билим" газетасынын, "Билим │                  │    тышкаркы     │

│ агартуу" жана "Русский язык в  │                  │   мекемелери    │

│школах Кыргызстана" журналдардын│                  └─────────────────┘

│         редакциялары           │

│ Курулуш жана капиталдык оңдоо  │

│      боюнча башкармалык        │

│ Кадрларды кайра даярдоо жана   │

│ дасыктыгын (квалификациясын)   │

│    жогорулатуу борборлору      │

│Областтар аралык психологиялык- │

│   медициналык-педагогикалык    │

│ консультация (масилет берүү)   │

│Республикалык мектептен тышкаркы│

│  мекемелерди жана областтык    │

│илим берүү мекемелерди тейлөөчү │

│борборлоштурулган бухгалтериялар│

│ Областтык мектептен тышкаркы   │

│           мекемелер            │

│     Мугалимдердин билимин      │

│жогорулатуучу институттар, билим│

│берүүнүн методикалык борборлору │

│ (окуу-методикалык кабинеттер)  │

└────────────────────────────────┘