Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 8-октябры № 624
"Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугунун" жалпы техникалык регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугунун" жалпы техникалык регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аталган мыйзам долбоорун караганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министри | И.Чудинов |
Долбоор
1-берене. Бул Жалпы техникалык регламентти кабыл алуунун максаты
Бул "Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугунун" жалпы техникалык регламенти (мындан ары - Техникалык регламент) адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо, имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу жагында керектөөчүлөрдү адаштыруучу иштерди болтурбоо максатында кабыл алынды.
2-берене. Колдонуу чөйрөсү
1. Бул Техникалык регламент:
1) имараттарды жана курулмаларды долбоорлоодогу (инженердик изилдөөлөр менен кошо), куруудагы, эксплуатациялоодогу, капиталдык оңдоодогу, реконструкциялоодогу, профилин өзгөртүүдөгү, ажыратуудагы жана бузуудагы минимум керектүү талаптарды белгилейт;
2) имараттардын жана курулмалардын инженердик жабдуу системаларына талаптарды белгилейт;
3) имараттардын жана курулмалардын коопсуздуктун негизги талаптарына шайкештигине баалоо жүргүзүү тартибин жана жол-жоболорун аныктайт.
2. Бул Техникалык регламент Кыргыз Республикасынын аймагында курулчу турак жана коомдук имараттарга жана курулмаларга, өнөр жай, айыл чарба, суу чарба, айылдык жана шаардык чарба ишканаларынын имараттарына жана курулмаларына, транспорттун жана байланыштын, энергетиканын курулмаларына, гидротехникалык жана ирригациялык курулмаларга карата колдонулат.
3. Бул Техникалык регламент жарылгыч заттарды жана жардыруу каражаттарын өндүрүү жана сактоо үчүн арналган имараттарга жана курулмаларга, шахтанын үстүндөгү имараттарга, кен иштетүүчүлөргө, ошондой эле мамлекеттик коопсуздук жана коргонуу өнөр жайы чөйрөсүнө тиешелүү имараттарга жана курулмаларга карата колдонулбайт.
4. Бул Техникалык регламентти колдонуу үчүн имараттар жана курулмалар ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык, жоопкерчилик деңгээли боюнча ушул Техникалык регламенттин 16-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык идентификацияланышат.
3-берене. Негизги түшүнүктөр
Бул Техникалык регламенттин максаты үчүн "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген негизги түшүнүктөр пайдаланылат. Алар менен кошо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
долбоордун автору - квалификациялык сертификаты бар адис же автордук коллектив;
техникалык регламент менен өз ара байланыштуу нормативдик документтер - ушул Техникалык регламенттин коопсуздук талаптарын ишке ашыруучу нормативдик документтер;
үстүңкү суулар - кыртыш алдындагы суулардын горизонтунан жогоруда турган жана жер кыртышына кыйла жакын жаткан басымсыз жер астындагы суулар;
демонтаж - имараттардын жана курулмалардын курулуштук конструкцияларын жана системаларын ажыратуу;
курдуруучу (заказчы) - өзүнө таандык жер участогунда долбоордук документтердин иштелип чыгышы, инженердик изилдөөлөрдүн аткарылышы жана долбоордун даярдалышы, ошондой эле курулуштун жүрүшү жана курулуш жумуштарына техникалык көзөмөл каржыланышын камсыздоочу жак;
имарат - адамдар жашашы жана (же) иштеши, өндүрүштөр жайгаштырылышы, продукция сактоо же жаныбарларды багуу үчүн бөлмө-жайлары бар жер үстүндөгү же жер астындагы курулган курулма;
инженердик текшерүүлөр - жаңы имараттарды же курулмаларды долбоорлоодо же мурдатан барларын реконструкциялоодо курулуш курулчу районду техникалык жана экономикалык изилдөөнүн комплекси, ал анын орду, техникалык параметрлери тууралыгын негиздөөгө мүмкүндүк берет. Курулуш үчүн инженердик изилдөөнүн курамына инженердик-геодезиялык, инженердик-геологиялык, инженердик-гидрометеорологиялык жана инженердик-экологиялык текшерүүлөр кирет;
капиталдык ремонт - турган имараттын жана курулманын курулуштук конструкцияларындагы жана инженердик жабдууларындагы физикалык жана моралдык эскирүүлөрдү жоюу, ошондой эле анын эксплуатациялык көрсөткүчтөрүн жана функциялык арналышын сактоо максатында аткарылчу жумуштардын комплекси;
кызыл сызык - курулуш курулчу участоктордун деталдуу пландоонун долбоорунда белгиленчү чеги;
калктын аз мобилдүү топтору - өз алдынча кыймылдашы, жүрүшү, кызматтардан пайдаланышы, керектүү маалыматтарды алышы же мейкиндикти баамдашы оор адамдар. Калктын аз мобилдүү топторуна картайган адамдар, ден соолугу убактылуу же узакка бузулгандар, кош бойлуу аялдар жана баланын коляскасын сүйрөп жүргөн адамдар киришет;
ташуунун механикалык каражаттары - лифттер, эскалаторлор, көтөргүчтөр, горизонталдуу кыймылдачу механизмдер жана башка адамдарды көтөрүү, түшүрүү жана горизонталь ташуу үчүн арналган техникалык түзүлүштөр;
бөлмөнүн микроклиматы - бөлмөнүн ичинде адамга, жаныбарга же өсүмдүктөргө таасир этүүчү, абанын температурасынын же нымдуулугунун көрсөткүчтөрү менен мүнөздөлчү абал;
нормативдик документ - иштин ар кыл түрлөрүнө же алардын натыйжаларына тиешелүү нормаларды жана эрежелерди, жалпы принциптерди же мүнөздөмөлөрдү белгилечү документ;
коопсуздукту камсыздоо - адамдын өмүрүнө же саламаттыгына, анын мүлкүнө жана (же) айлана-чөйрөгө, анын ичинде өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнө зыян келтирүү ыктымалдыгына байланыштуу опурталды болтурбоо боюнча инженердик-техникалык жана уюштуруу чараларынын комплексин аткаруу;
көлөмдүк-пландык чечилиш - имараттын же курулманын элементтеринин тийиштүү эксплуатациялык жана конструкциялык талаптарды канааттандыруучу айкашуусу;
коркунучтуу калдыктар - курамында төмөнкүдөй коркунучтуу касиеттердин бирине ээ заттар бар калдыктар: уулуу, жарылгыч, тез от алгыч, реакция болуу жөндөмү жогору, радиациясы көп жана алар адамдардын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө өзү дагы, башка заттар менен контакт болгондо дагы потенциалдуу коркунучтуу;
курулуштун опурталдуу объекттери - тез от алгыч, күйүүчү, кычкылдануучу, жарылгыч, уулуу жана радиоактивдүү заттар өндүрүлчү, кайрадан иштетилчү, пайдаланылчу, сакталчу, ташылчу, жок кылынчу, сатылчу; 0,07 МПа ашык басымда же суу 115 град. Цельсия жана андан жогору температурада ысып иштеген жабдуулар; туруктуу орнотулган жана көчмө жүк көтөргүч механизмдер, эскалаторлор, аркан жолдор, фуниклерлор пайдаланылчу имараттар жана курулмалар;
профилин өзгөртүү - имараттардын же курулмалардын функциялык арналышын өзгөртүү;
бөлмө-жай - имараттын ичиндеги, тийиштүү функциялык арналыштагы жана курулуштук конструкциялар менен чектелген мейкиндик;
адамдар көп болуучу жайлар - адамдар 50 кв.м же андан көп аянттуу жайда адамдар 1 кв.м жерде 1 адамдан ашык такай же убактылуу (авариялык кырдаалдан башкаларында) болчу жайлар (театрлардын, кинотеатрлардын залы жана фойеси, чогулуш, кеңешме болчу залдар, лекциялык аудиториялар, ресторандар, вестибюлдар. Кассалык залдар, өндүрүштүк жана башка ушул сыяктуу жайлар);
бекемдиктин бузулушу - конструкциянын материалы эсептелген жүктөмдүн жана таасирлердин натыйжасында бузулушу, негизиндеги кыртыштын физикалык-механикалык касиеттери жол берилгис азайып, анын кесепетинен имараттардын жана курулмалардын, алардын бөлүктөрүнүн же айрым конструкциялык элементтеринин тирөөчтүк жөндөмү толук же айрым жок болушу;
потенциалдуу коркунучтуу заттар - тез от алгыч, кычкылдангыч, уулуу, бат реакция болгуч, радиоактивдүү касиеттерге ээ, адамдардын жашоо-шартына жана айлана-чөйрөгө коркунучтуу заттар;
долбоордук документтер - имараттарды жана курулмаларды куруу үчүн жана кабыл алынган долбоордук чечилиштерди негиздөө үчүн керектүү чиймелердин, эсептөөлөрдүн комплекти жана түшүндүрмө кат;
прогрессивдүү кулоо - кайсы бир кабаттын локалдуу бузулушунун натыйжасында имараттардын жана курулмалардын тирөөсү жок калган конструкцияларынын кулашы;
жумушчу документация - объекттерди курууда пайдаланылчу деталдуу чиймелер;
реконструкция - көлөмдүк-пландык жана конструкциялык чечилиштерди, ошондой эле инженердик жабдууну өзгөртүүгө байланыштуу имараттардын жана курулмалардын өзгөртүп жасалышы;
тобокел - курулушта имараттардын жана курулмалардын бузулуу ыктымалдыгын жана анын кесепеттеринин оордугун мүнөздөөчү коркунучтун даражасы;
жер титирөөгө туруктуулук - имараттардын жана курулмалардын жер титирегенде өзүнүн эксплуатациялык сапаттарын колдонуудагы нормалардын жоболорунда каралган чекте сактоо менен чыдоого жарактуулугу;
инженердик жабдуу системасы - имараттын жана курулманын суу менен камсыздоочу, сууну четке чыгаруучу, жылытуучу, желдетүүчү жана абаны кондициялоочу, газ жана электр менен камсыздоочу жабдуулардын тобунан турган бөлүгү;
түтүндөн сактоо системасы - күйгөндөгү түтүндүн, жогорку температуранын жана уулуу продуктулардын адамга таасир этишин болтурбоого багытталган уюштуруу иш-чараларынын жана техникалык каражаттардын комплекси;
татаал жаратылыштык шарттар - курулуштун аймагында жана имаратты же курулманы эксплуатациялоо процессинде курамы жана абалы боюнча спецификалуу топурактын болушу жана коркунучтуу жаратылыштык процесстер жана (же) техногендик натыйжалар болушу (күчөшү) менен мүнөздөлгөн шарттар;
бузуу - физикалык жана моралдык эскиришине байланыштуу имараттарды жана курулмаларды жок кылуу;
курулма - курулуш ишинин тийиштүү керектөө функцияларын аткарууга арналган бир натыйжасы;
адамдарды сактоо - өрттүн таасири же башка коркунучтар болгондо адамдарды имараттардын жана курулмалардын чегинен сыртка аргасыздан чыгаруу;
курулуштук конструкция - имараттын же курулманын тирөөчү, тосуучу жана (же) эстетикалык функцияларды аткарчу бөлүгү;
курулуштук буюм - имараттардын жана курулмалардын курулуштук конструкцияларынын элементи катары пайдаланууга арналган нерсе;
курулуш материал - имараттардын жана курулмалардын курулуштук буюмдарын жасоо үчүн арналган материал;
техногендик таасирлер - өнөр жайлык объекттердеги авариянын, өрттүн, жарылуунун же энергиянын ар кандай түрлөрүнүн чыгышынын, ошондой эле байланыштуу аймактагы курулуштук иштердин натыйжасында жана имаратты же курулманы эксплуатациялоо процессинде курулуш участогундагы табигый шарттын өзгөрүшүнө алып келиши мүмкүн болгон коркунучтуу таасирлер;
техникалык жактан өзгөчө татаал жана уникалдуу объекттер - бийиктиги 60 м ашык имараттар жана курулмалар, ТЭСтердин жана чоң ГЭСтердин башкы корпустары, ортосундагы асма аралык 60 м ашык курулмалар, тоннелдер, ошондой эле консолу 15 м ашык, же конструкцияларын эсептөө үчүн эсептөөнүн стандарттуу эмес (атайын) ыкмалары колдонулган же иштелип чыккан имараттар жана курулмалар;
коркунуч - адамдардын өмүрүнө же саламаттыгына, мүлкүнө, айлана-чөйрөгө, жаныбарларга жана өсүмдүктөргө зыян келүү мүмкүндүгү;
утилдөө - коркунучтуу жана пайдаланылбачу курулуштук калдыктарды жок кылуу жана көмүү боюнча уюштуруучу-технологиялык жумуштардын комплексин аткарууга байланышкан иш же калдыктарды экинчи сырье жана пайдалуу продукция алуу максатында зыянсыздоо;
эвакуация - өрт же башка өзгөчө кырдаал болгон учурда адамдардын имараттардын жана курулмалардын чегинен сыртка уюшкандыкта чыгуу процесси;
имараттардын жана курулмалардын элементтери - курулуштук конструкциялар жана алардын элементтери, ошондой эле имараттардын жана курулмалардын курулуш объектинин бекемдигин, туруктуулугун жана ишеничтүүлүгүн камсыздоочу башка курамдык бөлүктөрү.
4-берене. Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу жагында техникалык жөнгө салуунун укуктук негиздери
Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу жагында техникалык жөнгө салуунун укуктук негиздери болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы, "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын архитектура, шаар куруу жана курулуш жагындагы мыйзамдары, ушул Техникалык регламент жана Кыргыз Республикасынын ушул Техникалык регламенттин таасир этүү чөйрөсүнө тиешелүү башка нормативдик укуктук актылары.
Кыргыз Республикасы катышып, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана макулдашуулар, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана нормалары Кыргыз Республикасынын укук системасынын курамдык бөлүгү болуп эсептелишет.
5-берене. Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугун камсыздоо
1. Имараттардын жана курулмаларды долбоорлоодогу (инженердик изилдөөлөр менен кошо), куруудагы, эксплуатациялоодогу, капиталдык оңдоодогу, реконструкциялоодогу, профилин өзгөртүүдөгү, демонтаждоодогу жана бузуп жок кылуудагы коопсуздук талаптары, ошондой эле имараттардын жана курулмалардын инженердик жабдууларынын системаларына карата талаптар ушул Техникалык регламенттин талаптарына, ошондой эле ушул Техникалык регламент менен өз ара байланыштагы, системасы ушул Техникалык регламенттин тиркемесинде берилген нормативдик документтердин талаптарына ылайык болууга тийиш.
2. Башка техникалык регламенттердин талаптары ушул Техникалык регламент менен белгиленген коопсуздук талаптарын жокко чыгара же азайта алышпайт.
3. Ушул Техникалык регламент менен өз ара байланыштагы нормативдик документтердин тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
4. Ушул Техникалык регламент менен өз ара байланыштагы нормативдик документтерде белгиленген талаптарды бузууга жол берилбейт.
5. Имараттарды жана курулмаларды, ошондой эле имараттардын жана курулмалардын инженердик жабдууларынын системаларын долбоорлоодо (инженердик изилдөөлөр менен кошо), курууда, эксплуатациялоодо, капиталдык оңдоодо, реконструкциялоодо, профилин өзгөртүүдө, демонтаждоодо жана бузуп жок кылууда механикалык, өрткө каршы, сейсмикалык, термикалык, биологиялык, химиялык, радиациялык жана экологиялык коопсуздуктун, жарылуу коопсуздугунун жана электромагниттик айкашуунун талаптары аткарылууга тийиш.
6-берене. Механикалык коопсуздукту камсыздоого талаптар
1. Имараттын жана курулманын конструкциялары жана негиздери курууда, эксплуатациялоодо, капиталдык оңдоодо, реконструкциялоодо, профилин өзгөртүүдө жана демонтаждоодо төмөнкүлөрдүн натыйжасында коркунуч болбогудай касиеттерге ээ болууга тийиш, алар:
1) айрым тирөөч конструкциялардын же алардын элементтеринин бузулушунда;
2) имарат же курулма бүт же айрым бөлүгү бузулганда;
3) конструкциялар, негиздер жана туташкан геологиялык массивдер жол берилгис өлчөмдө деформацияланганда;
4) имараттын же курулманын, инженердик же технологиялык жабдуунун, өткөргүч түтүктөрдүн бөлүктөрү тирөөч конструкциялардын орчундуу деформациясынын же жылышуусунун, анын ичинде вертикалдан четтөөнүн натыйжасында бузулганда.
2. Имараттардын жана курулмалардын механикалык коопсуздугун камсыздоо үчүн жалпы эле имараттардын жана курулмалардын, ошондой эле алардын айрым элементтеринин бекемдигин, туруктуулугун жана мейкиндиктеги өзгөрбөстүгүн камсыздоочу конструкциялык схемаларды караштыруу зарыл.
3. Механикалык коопсуздук талаптарын аткаруу ушул Техникалык регламентте көрсөтүлгөн, имаратты же курулманы долбоорлоо, эксплуатациялоо, капиталдык оңдоо, реконструкциялоо, профилин өзгөртүү жана демонтаждоо процессинде жүктөмдөрдүн жана таасирлердин бир убакта таасир этүүсүнүн эске алынган варианттарындагы бекемдикти жана туруктуулукту ырастачу эсептөөлөргө же башка ыкмаларга негизделет.
4. Имараттын же курулманын кабыл алынган конструкциялык чечилиштеринин коопсуздугун негиздечү эсептөөлөр долбоорлончу объекттин жооптуулук деңгээлине жараша жүргүзүлөт.
5. Адамдарды көтөрүү, түшүрүү жана горизонталь ташуу үчүн арналган механикалык ташуу каражаттары коопсуз жана тийиштүү техникалык регламенттердин коопсуздук талаптарына ылайык болууга тийиш.
7-берене. Өрт жана жарылуу коопсуздуктарын камсыздоо боюнча талаптар
1. Потенциалдуу коркунучтуу заттарды сактоо, иштетүү же процесстерди пайдалануу үчүн арналган имараттар жана курулмалар жарылгыч заттардан сактануу системалары менен жабдылууга тийиш.
2. Имараттардын жана курулмалардын өрт коопсуздугуна жалпы талаптар өрт коопсуздугу боюнча тийиштүү техникалык регламент менен белгиленет.
8-берене. Жер титирөөдөн коопсуздукту камсыздоо боюнча талаптар
1. Имараттарды жана курулмаларды куруу, эксплуатациялоо, капиталдык оңдоо, реконструкциялоо жана профилин өзгөртүү жумуштары жер титирөөдөн коопсуздукту камсыздоочу иш-чаралар, ошондой эле жер титирегенде адамдарды шашылыш эвакуациялоонун шарттары каралган долбоорлор боюнча ишке ашырылат.
2. Төмөндөгү талаптарды аткаруу имараттардын сейсмикалык таасирлерден бузулушун азайтуу үчүн зарыл шарт болот, алар:
1) курулуш үчүн жакшы аянтты тандоо;
2) имараттардын жана курулмалардын көлөмдүк-пландык жана конструкциялык чечилиштерин сейсмикалык таасирде абдан аз бузулгудай кылып тандоо;
3) жер титирөөгө каршы атайын долбоордук-техникалык жана курулуштук-конструкциялык чечимдерди кабыл алуу;
4) куруу-монтаждоо жумуштарынын жогорку сапатын камсыздоо.
3. Имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугуна карата талаптар ушул Техникалык регламент менен өз ара байланыштагы тийиштүү нормативдик документтерде белгиленет.
9-берене. Ысыкка каршы коопсуздук талаптары
1. Имаратты же курулманы адамдар жана жаныбарлар имараттардын же курулмалардын элементтерине же конструкцияларына тийгенде күйүп калбагыдай кылып долбоорлоо зарыл.
2. Ысыкка каршы коопсуздук адамдардын жана жаныбарлардын өтө ысык же өтө муздак температурадагы нерселерге тийүүсүн болтурбоочу конструкциялык чечимдерди кабыл алуу менен камсыздалат.
10-статья. Химиялык, радиациялык, биологиялык жана экологиялык коопсуздукту камсыздоого талаптар
1. Имараттарды жана курулмаларды курууда, эксплуатациялоодо, капиталдык оңдоодо, реконструкциялоодо, профилин өзгөртүүдө, демонтаждоодо жана бузуп жок кылууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголуучу айлана-чөйрөгө зыян келтирүү коркунучу болбоого тийиш.
2. Имаратты жана курулманы эксплуатациялоо процессинде же эксплуатациялоону токтоткондо химиялык, радиациялык жана биологиялык таасирлер адамдардын саламаттыгына коркунуч жаратпагыдай кылып долбоорлоо зарыл.
Бул максатта жер кыртышында, атмосфералык абада, ичүүчү сууда, радиациялык фонддо адамдар жана жаныбарлар үчүн потенциалдуу коркунучтуу химиялык, биологиялык заттардын, биологиялык жана микробиологиялык организмдердин жана иондоштурчу нурлануунун болушунун санитардык-гигиеналык нормативдеринин талаптары аткарылат.
3. Пайдаланылчу курулуш материалдарга, буюмдарга жана конструкцияларга тийиштүү ыйгарым укуктуу органдар колдонуу үчүн уруксат бериши, аларда зыяндуу заттар адамдардын жана жаныбарлардын организмине түз же кыйыр таасир эткидей санда болбошу жана бөлүнүп чыкпашы керек.
4. Пайдаланылчу курулуш материалдардын, буюмдардын жана конструкциялардын радиациялык коопсуздугу "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген талаптарды аткаруу жолу менен камсыздалат.
5. Курулуш үчүн аянтты тандоо санитардык-коргоочу, сууну коргоочу зоналарды, скважиналарды коргоо боюнча зоналарды, жерлердин категорияларын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексине жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына катуу ылайык ишке ашырылат.
6. Имараттардын жана курулмалардын экологиялык коопсуздугуна жалпы талаптар экологиялык коопсуздук боюнча тийиштүү техникалык регламент менен белгиленет.
11-берене. Электромагниттик айкашууну камсыздоо талаптары
1. Имараттардын жана курулмалардын электр жабдуулары адамдар жана жаныбарлар электрдик түзүлүштөрдүн ток жүрүүчү бөлүктөрүнө тийишинен сактоо камсыздалгыдай долбоорлонуп жана орнотулууга тийиш.
2. Электр жабдууларынын коопсуздугуна карата талаптар электромагниттик айкашуу боюнча тийиштүү техникалык регламент менен белгиленет.
12-берене. Ички микроклиматка, инсоляцияга, күндөн сактанууга, жарык кылууга, ызы-чуудан жана нымдан сактоого карата талаптар
1. Имараттардын жана курулмалардын ичинде керектүү микроклимат, жетишерлик табигый жана жасалма жарык камсыздалып, инсоляцияга жана күндөн сактанууга, ошондой эле ызы-чуудан жана нымдан сактоого карата талаптар аткарылууга тийиш.
2. Керектүү микроклиматты камсыздоо үчүн имараттын жана курулманын сыртты тосуучу конструкцияларынын имарат-жайдагы микроклиматтын нормага салынчу параметрлерин камсыздоочу конструкциялык чечилиштери тандалат.
3. Инсоляцияга жана күндөн сактанууга карата талаптар бөлмөлөрдү дүйнөнүн тараптарына багыттоо, ошондой эле конструкциялык жана пландоо жагындагы чаралар менен камсыздалат.
4. Адамдар такай болуучу, жер үстүндөгү кабаттардагы бөлмө-жайларда табигый жана жасалма жарык камсыздалат, ал эми жер астындагы кабаттарда - адамдардын саламаттыгына зыян келүү коркунучун болтурбоо үчүн жетишерлик жасалма жарыктандыруу камсыздалат.
5. Адамдарды тышкы жана ички булактарда жаралуучу абанын жана ызы-чуунун эпкининен сактоо үчүн чаралар каралат.
6. Тосмо конструкциялардын ашыкча нымдашуусун. Алардын беттери сууланышын болтурбоо жана ал конструкциялардын узакка чыдамдуулугун камсыздоо боюнча чаралар көрүлөт.
7. Ички микроклиматка, инсоляцияга жана күндөн сактоого, табигый жана жасалма жарыктандырууга, ызы-чуудан жана нымдан сактоого карата жалпы талаптар ушул Техникалык регламент менен өз ара байланыштуу нормативдик документтерде белгиленет.
13-берене. Татаал табигый шарттарда имараттардын жана курулмалардын коопсуздугун камсыздоо боюнча талаптар
1. Имаратты жана курулманы аны эксплуатациялоо учурунда табигый процесстер жана (же) техногендик таасирлер ушул Техникалык регламенттин 6-беренесинде айтылгандай кесепеттерге жана (же) адамдардын өмүрүнө, саламаттыгына, мүлкүнө жана айлана-чөйрөгө зыян келтирүү коркунучун жаратуучу окуяларга дуушарлантпагыдай долбоорлоо жана куруу керек.
2. Коркунучтуу табигый процесстерде имараттарга жана курулмаларга жалпы талаптар ушул Техникалык регламент менен өз ара байланыштуу нормативдик документтерде белгиленет.
14-берене. Инженердик изилдөөлөргө карата талаптар
1. Инженердик изилдөөлөрдү жүргүзүүдө ушул Техникалык регламенттин жана ушул Техникалык регламент менен өз ара байланыштуу тийиштүү нормативдик документтердин инженердик изилдөөлөр жана курулуш үчүн топуракты изилдөөлөр боюнча талаптарын аткаруу зарыл.
2. Инженердик изилдөөлөрдүн жыйынтыгы туура жана имараттын же курулманын параметрлеринин жана башка долбоордук касиеттеринин негизделген маанилерин аныктоо үчүн жетиштүү болууга тийиш.
3. Инженердик изилдөөлөр иштин аткарылган комплексинин натыйжасында төмөнкүлөрдү камсыздоого тийиш, алар:
1) аянтты негиздүү тандоо үчүн курулуш объектин жайгаштыруучу жердин табигый жана техногендик шарттары жөнүндө керектүү жана жетиштүү материалдарды (маалыматтарды) алууну;
2) имараттардын жана курулмалардын принциптүү көлөмдүк-пландык жана конструкциялык чечилиштерин кабыл алууну;
3) курулуш объекттерин жайгаштыруу схемаларын (кырдаалдык жана башкы пландар) түзүүнү;
4) имараттардын жана курулмалардын негиздерин, фундаменттерин жана конструкцияларын эсептөөнү;
5) курулуш объектинин айлана-чөйрөгө таасирин баалоону.
4. Объекттерди куруу, эксплуатациялоо, реконструкциялоо жана демонтаждоо мезгилиндеги инженердик изилдөөлөр төмөнкүлөр үчүн аткарылат, алар:
1) жумушчу документацияда көрсөтүлгөн табигый шарттардын иш жүзүндөгү шарттарга ылайык же ылайык эместигин аныктоо;
2) тургузулчу курулмалардын жана алардын негиздеринин сапатын баалоо, алардын долбоордук талаптарга шайкештигин текшерүү;
3) имараттардын жана курулмалардын абалын, алардын инженердик коргоо системаларынын натыйжалуулугун баалоо;
4) имараттардын жана курулмалардын туруктуулугун, ишеничтүүлүгүн жана эксплуатациялык жарактуулугун жогорулатууну;
5) атайын инженердик-геодезиялык, инженердик-геологиялык, гидрогеологиялык, кадастрлык жана башка жумуштарды жана изилдөөлөрдү (байкоолорду) аткаруу;
6) айлана-чөйрөнүн компоненттеринин өзгөртүү абалдарын мониторингдөө;
7) объекттерди демонтаждагандан жана бузгандан кийин аймакты рекультивациялоону (зарыл болсо).
5. Инженердик-геодезиялык изилдөөлөр курулуштун аймагындагы табигый жана техногендик шарттарды комплекстүү баалоо жана объекттерди долбоорлоону, курууну жана эксплуатациялоону негиздөө үчүн керектүү топографиялык-геодезиялык материалдардын жана аймактагы абал жана рельеф жөнүндө маалыматтардын алынышын камсыздоого тийиш.
6. Инженердик-геологиялык изилдөөлөр долбоорлонуп жаткан курулуштун районундагы инженердик-геологиялык шарттардын, анын ичинде рельефтин, геологиялык түзүлүштүн, геоморфологиялык жана гидрогеологиялык шарттардын, кыртыштын курамын, абалын жана касиеттерин, геологиялык жана инженердик-геологиялык процесстерди, өздөштүрүлгөн (курулуш курулган) аймактардын шарттарынын өзгөрүшү комплекстүү изилденишин, объекттерди долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо үчүн долбоорлончу объекттердин геологиялык чөйрө менен өз ара таасир этишүүсү жагындагы инженердик-геологиялык шарттардын мүмкүн болчу өзгөрүүлөрүнүн божомолун түзүүнү камсыздоого тийиш.
7. Инженердик-гидрометеорологиялык изилдөөлөр негизделген долбоордук чечимдерди кабыл алуу үчүн курулуш курулчу аймактын (аянттын, участоктун) гидрометеорологиялык шарттарын комплекстүү изилдөөнү жана долбоорлончу объект менен өз ара таасир этишүүнүн натыйжасында ал шарттардын мүмкүн болуучу өзгөрүүсүнүн божомолун камсыздоого тийиш.
8. Инженердик-экологиялык изилдөөлөр объектти жайгаштыруу пландалган райондо айлана-чөйрөнүн абалын бардык компоненттери боюнча изилдөөнү камсыздоого тийиш жана жагымсыз экологиялык жана ага байланышкан башка кесепеттерди болтурбоо, азайтуу же жоюу жана адамдардын жана жаныбарлардын жашоосунун ыңгайлуу шарттарын сактоо максатында аткарылат.
9. Инженердик изилдөөлөрдү жүргүзүүдөгү талаптардын аткарылышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте контроль ишке ашырылат.
15-берене. Имараттарды жана курулмаларды долбоорлоодогу талаптар
1. Имараттарды жана курулмаларды долбоорлоодо опурталдарга талдоо жүргүзүлөт, ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) куруудагы, эксплуатациялоодогу, капиталдык оңдоодогу, реконструкциялоодогу, профилин өзгөртүүдөгү, демонтаждагы жана бузуудагы, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардагы (иштебей калгандагы жана сырткы таасирлердеги) коркунучтардын бардык булактарын жана аларды жок кылуу жолдорун аныктоону жана так баяндоону;
2) эсептөөлөрдү, эксперименттерди, эксперттик ыкмаларды пайдаланып же ошого окшош башка имараттардын жана курулмалардын эксплуатациялык маалыматтары боюнча опурталга сандык баа берүүнү;
3) конструкциялык жана инженердик-техникалык чечимдерди жана опурталды жол берилчүдөн ашпаган деңгээлге чейин азайтуу боюнча чараларды иштеп чыгууну;
4) айлана-чөйрөгө тийгизчү таасирге баалоо жүргүзүүнү.
2. Инженердик изилдөөлөрдү тийиштүү негиздемейинче же алар жетишсиз болсо имараттардын жана курулмалардын негиздерин долбоорлоого жана курууга жол берилбейт.
3. Имараттардын жана курулмалардын негиздерин өзгөчө таасирлерди (жер титирөөнүн, суу каптоонун же жер көчкүнүн) эске алуу менен жетишерлик ишеничтүү кылып долбоорлоо зарыл.
4. Имараттардын жана курулмалардын негиздерин долбоорлоо төмөнкүлөрдү эсептөөлөрдүн негизинде негиздүү тандоону камтыйт:
1) негиздин тибин (табигый же жасалма);
2) фундаменттердин тибин, конструкциясын, материалын жана өлчөмүн (тайыз же терең; узата, түркүк же плита; темир-бетон, бетон жана буробетон).
5. Негизге фундаменттен келчү күч жана таасир имараттын жана негиздин биргелешкен таасирин эске алып эсептөө менен аныкталат. Мында имаратка же анын айрым элементтерине эске алынчу күч келүү жана таасир, күч келүүнүн ишеничтүүлүгү боюнча коэффициенттер, ошондой эле күч келүүлөрдүн мүмкүн болуучу айкашуулары ушул Техникалык регламент менен өз ара байланыштуу нормативдик документтердин күч келүүлөр жана таасир этүүлөр боюнча талаптарына ылайык кабыл алынат.
6. Негиздерди долбоорлоодо объектти куруу жана эксплуатациялоо процессинде аянттын гидрогеологиялык шарттарынын мүмкүн болчу төмөнкүдөй өзгөрүүлөрү эске алынат, алар:
1) жер үстүнө жакын суулардын болушу же пайда болуу мүмкүндүгү;
2) жер астындагы суулардын табигый сезондук жана көп жылдык өзгөрүүлөрү;
3) жер астындагы суулардын деңгээлинин мүмкүн болгон техногендик өзгөрүүсү;
4) жер астындагы суулардын жер алдындагы конструкцияларга жана кыртыштын коррозиялык активдүүлүгүнө зыяндуу таасиринин даражасы, өндүрүштүн технологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алып инженердик изилдөөнүн маалыматтарынын негизинде.
7. Эгер жер астындагы суулардын болжолдонгон деңгээлинде негиздин кыртышынын физикалык-механикалык касиеттери начарлашы, жаман физикалык-геологиялык процесстер болушу, тереңдеги жайларды эксплуатациялоо шарттары бузулушу мүмкүн болсо долбоордо тийиштүү сактоочу иш-чаралар каралат.
8. Эгер жер астындагы суулар же өнөр жайлык агымдар тереңдеги конструкциялардын материалдарына агрессивдүү болсо же кыртыштын коррозиялык активдүүлүгүн көбөйтүшү мүмкүн болсо анда ушул Техникалык регламент менен өз ара байланыштуу нормативдик документтин талаптарына ылайык конструкцияларды коррозиядан сактоону долбоорлоо боюнча коррозияга каршы иш-чаралар каралууга тийиш.
9. Басымдуу жер астындагы суулардын деңгээлинен ылдый негиздерди, фундаменттерди жана башка жер астындагы конструкцияларды долбоорлоодо жер астындагы суулардын басымын эске алуу жана жер астындагы суулардын котловандарга жырып киришин, котловандын түбүнүн көбүшүн жана имараттын көтөрүлүп чыгышын болтурбачу иш-чараларды караштыруу зарыл.
10. Фундаменттерди түптөөнүн тереңдиги төмөнкүлөрдү эске алуу менен аныкталууга тийиш, алар:
1) долбоорлонуп жаткан имараттын арналышы жана конструкциялык өзгөчөлүктөрү, анын фундаментине күч келүүлөр жана таасирлер;
2) жанаша имараттардын фундаменттеринин тереңдиги, ошондой эле инженердик коммуникацияларды орнотуунун тереңдиги;
3) имараттар курулчу аймактын мурдатан бар жана долбоорлонуп жаткан рельефи;
4) курулуш аянтынын инженердик-геологиялык шарттары (кыртыштын физикалык-механикалык касиеттери, тектердин катмарлануусунун мүнөзү, жылышып кетиши мүмкүн болгон катмарлардын, шамал көңдөйлөрдүн бар экендиги;
5) аянттын гидрогеологиялык шарттары жана имаратты куруу жана эксплуатациялоо процессинде алардын өзгөрүү мүмкүндүгү;
6) дарыялардын нугуна курулган имараттын (көпүрөнүн, өткөргүч түтүктөрдүн) астындагы топурактын жуулуп кетүү мүмкүндүгү;
7) сезондук тоңуунун тереңдиги.
11. Негиздердин жана фундаменттердин долбоорунда негиздин топурагы нымдашуусун, ошондой эле куруу мезгилинде тоңуп калуусун болтурбачу иш-чаралар каралууга тийиш.
12. Мурдатан турган курулмаларга абдан жакын жайгашчу имараттарды долбоорлоодо негиздин ал курулмалардын салмагынан, ошондой эле долбоорлончу башка имараттардын салмагынан кошумча деформацияланышы эске алынууга тийиш.
13. Имараттардын жана курулмалардын негиздери ушул Техникалык регламент менен өз ара байланыштуу нормативдик документтердин имараттардын жана курулмалардын негиздери, күч келүүлөр жана таасирлер боюнча талаптарын эске алуу менен долбоорлонууга тийиш.
14. Имараттарды жана курулмаларды долбоорлоодо имараттарды жана курулмаларды курууда, эксплуатациялоодо, капиталдык оңдоодо, реконструкциялоодо, профилин өзгөртүүдө жана демонтаждоодо болчу күч келүүнүн, таасирлердин бардык түрлөрү эске алынат.
15. Имараттарды жана курулмаларды долбоорлоодо конструкциялардын тирөөчтүк жарактуулугун жана деформацияланышын эсептөөдө пайдаланылчу методдор ушул Техникалык регламент менен өз ара байланыштуу нормативдик документтердин талаптарына жооп берүүгө тийиш.
16. Эсептөөнү аткаруу процессинде төмөнкүлөр эске алынат:
1) имараттардын жана курулмалардын жоопкерчилик деңгээлдери жана жайгашкан орду;
2) куруу-монтаждоо жумуштарынын долбоордон мүмкүн болгон четтөөлөрү;
3) курулуш материалдардын, буюмдардын жана конструкциялардын техникалык касиеттеринин маанилеринин мүмкүн болуучу диапазондору;
4) курулуш аянтынын физикалык-механикалык касиеттеринин ар түрдүүлүгү;
5) эсептөөнүн колдонулчу методдору менен эсептөөнүн тактыгы боюнча чектөөлөр;
6) локалдуу жана прогрессивдүү бузулуулардын болжолдуу натыйжалары.
17. Парктардын, скверлердин, үйгө тийиштүү участоктордун (балдар үчүн жана спорттук аянтчалар, үйдүн жанындагы жашылдандыруу зоналары), жол боюндагы жашылдандыруу зоналарында, өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактарда, суу коргоо зоналарынын чектеринде имараттарды жана курулмаларды долбоорлоого жана курууга тыюу салынат.
18. Имараттар жана курулмалар адамдардын коопсуз жана кенен жүрүшү үчүн жетиштүү мүмкүндүктү камсыздоого тийиш. Басып жүрчү жолдорго карата талаптар ушул Техникалык регламент менен өз ара байланыштуу тийиштүү нормативдик документтер менен аныкталат.
19. Чатырлар жана тосуучу конструкциялар атмосферадагы нымдын киришин жана курулуштук конструкцияларда жана инженердик жабдууларда алардын бекемдигин, туруктуулугун жана ишеничтүүлүгүн азайтуучу конденсаттын топтолушун болтурбагыдай кылып долбоорлонууга тийиш.
20. Имараттардын жана курулмалардын потенциалдуу коркунучтуу заттарды сактоо, иштетүү же процесстерди пайдалануу үчүн бөлүнгөн жайлары жана орундары изоляцияланып, эксплуатациялоо шартында да, мүмкүн болуучу жол берилгис пайдалануу учурунда да адамдарды, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү сактоочу конструкциялык касиеттери болууга жана төмөнкүлөр менен жабдылууга тийиш:
1) санкциясыз кирүүнү болтурбачу түзүлүштөр менен;
2) потенциалдуу коркунучтуу заттар суу менен камсыздоо жана саркынды сууну чыгаруу системаларына киришин болтурбачу система менен;
3) тез от алчу жана (же) жарылгыч заттар сакталган жерлерди күйүүдөн сактоо системалары менен.
21. Имараттар жана курулмалар бийиктиктен кокустан кулап кетүү мүмкүндүгү минимум болгудай кылып долбоорлонот. Имараттардын жана курулмалардын ичиндеги адамдар 1 м жана андан ашык бийиктиктен кокустан кулап кетиши мүмкүн болгон жерлер жана зоналар ишеничтүү тирөөчтүү тосмолор менен тосулат. Тосмолорго карата талаптар ушул Техникалык регламент менен өз ара байланыштуу тийиштүү нормативдик документтердин тийиштүү бөлүмдөрүндө белгиленет.
22. Өндүрүштүн жана керектөөнүн катуу калдыктарын чогултуучу жана сактачу объекттерди долбоорлоого талаптар ушул Техникалык регламент менен өз ара байланыштуу тийиштүү нормативдик документтерде белгиленет.
23. Имараттардын жана курулмалардын конструкцияларынын ичтеги жана сырттагы тосуучу функцияларды аткарчу элементтери ызы-чуунун:
1) имараттардын жана курулмалардын ичиндеги бөлмө-жайлардын арасында;
2) имараттардан жана курулмалардан жанаша аймакка (атмосферага);
3) жанаша аймактан башка имараттарга жана курулмаларга чыгышын жетишерлик даражада тосууга тийиш.
24. Имарат жана курулма имараттардын жана курулмалардын ичинде жаралган жана жанаша аймакка (атмосферага) угулчу ызы-чуу санитардык-гигиеналык нормаларда шартталган деңгээлдерден ашпагыдай болуп долбоорлонот.
25. Имараттардын жана курулмалардын тышкы жана ички тосмо конструкцияларынын үн изоляциясы имараттардын жана курулмалардын ичинде адамдар болчу жерлерде сыртта болгон ызы-чуунун, инженердик жабдуу системаларынан, өндүрүштүк-технологиялык жабдуулардан жана санитардык-техникалык түзүлүштөрдөн чыккан үндүн таасири белгиленген санитардык-гигиеналык нормаларга чейин азайышын камсыздоого тийиш.
26. Имараттардын жана курулмалардын ички жайларындагы ызы-чуунун жол берилчү деңгээлине карата талаптар ушул Техникалык регламент менен өз ара байланыштуу тийиштүү нормативдик документтерде белгиленет.
27. Имараттарды жана курулмаларды алардын арналышына жараша долбоорлоодо калктын аз мобилдүү топтору үчүн жетишерлик шарттар камсыздалууга тийиш.
28. Калктын аз мобилдүү топтору үчүн жарактуу имараттар жана курулмалар төмөнкүлөрдү камсыздоого тийиш, алар:
1) максаттуу барчу (максаттык арналыштагы) жерлерге баруунун жеткиликтүүлүгү жана имараттардын жана курулмалардын ичинде жүрүүнүн эркиндиги;
2) басчу жолдордун (анын ичинде эвакуациялык), ошондой эле жашаган, тейлеген жана иштеген жерлердин коопсуздугу;
3) жашоо-шарт чөйрөсүнүн ыңгайлуулугу жана комфорту.
29. Калктын аз мобилдүү топтору үчүн жеткиликтүү имараттардын жана курулмалардын долбоорлук чечилиштери калктын башка топторунун жашоо-шарттарын, ошондой эле имараттарды жана курулмаларды эксплуатациялоонун натыйжалуулугун чектебөөгө тийиш.
30. Калктын аз мобилдүү топтору үчүн имараттардын жана курулмалардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо белгиленген тартипте бекитилчү долбоор түзүүгө тапшырмада аныкталат.
31. Калктын аз мобилдүү топтору үчүн имараттарды долбоорлоого карата талаптар ушул Техникалык регламент менен өз ара байланыштуу тийиштүү нормативдик документтердин талаптарына жооп берүүгө тийиш.
32. Имараттардын жана курулмалардын эвакуациялык жолдору жана чыкчу жерлери төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоого тийиш, алар:
1) адамдар алардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч келгенге чейин имараттардын жана курулмалардын чегинен сыртка тоскоолдуксуз эвакуацияланышы;
2) адамдарды куткаруу;
3) адамдарды, жаныбарларды, өсүмдүктөрдү жана мүлктөрдү сактоо боюнча куткаруучу подразделениелердин келиши жана иш-чаралардын аткарылышы.
33. Эвакуациялык жолдор ушул Техникалык регламент менен өз ара байланыштуу тийиштүү нормативдик документтердин талаптарына жооп берүүгө тийиш.
34. Имараттардын жана курулмалардын долбоордук, көлөмдүк-пландоо жана конструктивдик чечилишин туура аткаруу үчүн жоопкерчиликти долбоордун авторлору тартат.
16-берене. Долбоорлоо документтерине коюлуучу жалпы талаптар
1. Имараттын же курулманын долбоордук документтеринин коопсуздук бөлүгү ушул Техникалык регламенттин жана имараттарга жана курулмаларга тиешелүү болгон техникалык регламенттердин талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.
2. Имараттардын же курулмалардын долбоорлоо документтеринде курулушчу же заказ берүүчү тарабынан долбоорлоочуга берилген баштапкы маалыматтар эске алынат. Долбоорлоо үчүн баштапкы маалыматтардын курамында имаратты же курулманы долбоорлоочунун жоопкерчилигинин деңгээли көрсөтүлөт.
3. Долбоорлонуп жаткан имарат же курулма төмөнкүдөй жоопкерчиликтин деңгээлдеринин бирине тиешелүү болууга тийиш: I - жогору, II - дурус, III - төмөн.
Жоопкерчиликтин жогорку деңгээлине коркунучтуу, техникалык жактан абдан татаал же курулуштун уникалдуу объекти болуп эсептелген имараттар жана курулмалар кирет.
Жоопкерчиликтин дурус деңгээлине жоопкерчиликтин төмөн деңгээлиндеги имараттарды жана курулмаларды кошпогондо, калган бардык имараттар жана курулмалар кирет.
Жоопкерчиликтин төмөн деңгээлине убактылуу жана сезондук арналыштагы имараттар жана курулмалар кирет.
4. Коркунучтуу өндүрүш объекттерине кирген, жоопкерчиликтин жогорку деңгээлиндеги имараттарды жана курулмаларды долбоорлоо документтеринде адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, курчап турган чөйрөнү ушул объекттерди куруу, пайдалануу, капиталдык оңдоо, реконструкциялоо, кайра ыңгайлаштыруу, демонтаждоо жана бузуу процессиндеги авариялардын коркунучтуу кесепеттеринен Кыргыз Республикасынын өнөр жай жана экологиялык коопсуздук жаатындагы мыйзамдарына ылайык коргоо боюнча конструктивдик жана уюштуруу-техникалык чаралар каралат.
5. Долбоорлоо документтеринде имараттын же курулманын параметрлеринин долбоордук маанилери жана башка долбоордук мүнөздөмөлөрү, ошондой эле анын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча долбоорлонуучу иш-чаралар куруу, пайдалануу, капиталдык оңдоо, реконструкциялоо жана кайра ыңгайлаштыруу этаптарында имарат же курулма адамдын ден соолугу жана өмүрү, курчап турган чөйрө, жаныбарлар жана өсүмдүктөр үчүн коопсуз болгондой кылып белгиленет.
Имараттын же курулманын параметрлеринин долбоордук маанилерин жана башка долбоордук мүнөздөмөлөрүн коопсуздуктун талаптарына шайкеш келтирүү максатында, ошондой эле анын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча долбоорлонуучу иш-чаралар тиешелүү техникалык регламенттердин жана ушул Техникалык регламент менен өз ара байланышкан нормативдик документтердин тикелей талаптарына шилтеме берүү менен негизделет, ал эми мындай тикелей талаптар жок болгондо, төмөнкүлөрдүн натыйжаларына негизделет:
1) изилдөөлөрдүн;
2) сертификацияланган же башка ыкма менен иш жүзүндө сыналган методикалар боюнча аткарылган эсептердин жана (же) сыноолордун;
3) коркунучтуу окуялардын, анын ичинде табигый же техногендик мүнөздөгү окуялардын болуп кетүүсүнүн тобокелдигин баалоонун.
Негиздемеде долбоорлоо үчүн баштапкы маалыматтар, анын ичинде курулуп жаткан аймактагы, ал эми зарыл учурларда конкреттүү жер участогунун аймагындагы инженердик изилдөөлөрдүн натыйжалары эске алынат.
6. Долбоорлоо документтеринде төмөнкүлөр каралат:
1) параметрлеринин жана башка мүнөздөмөлөрүнүн иш жүзүндөгү маанилерин аныктоо үчүн конструкциялардын жана инженердик-техникалык камсыздоо системаларынын элементтеринин, ошондой эле куруу, пайдалануу, капиталдык оңдоо, реконструкциялоо, кайра ыңгайлаштыруу жана демонтаждоо процессинде имараттын же курулманын коопсуздугуна таасир берүүчү материалдардын, буюмдардын жана түзүлүштөрдүн параметрлеринин жеткиликтүү болуусу;
2) имаратты же курулманы коопсуз пайдалануу;
3) пайдалануу, капиталдык оңдоо, реконструкциялоо жана кайра ыңгайлаштыруу боюнча иш-чараларын жүргүзүүнүн ыкмаларына коюлуучу талаптар, аларды аткарганда конструкциялардын жана (же) инженердик-техникалык камсыздоонун коопсуздугу бузулбайт же жайлардын микроклиматынын параметрлери начарлабайт.
7. Долбоордук документтерде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) курулуш иштерин аткаруу этаптары аяктаганда контролдук жүргүзүүнүн методдору жана каражаттары;
2) конструкциялардын, негиздердин жана инженердик жабдуулардын системаларынын абалын текшерүүнүн, кароонун жана күбөлөндүрүүнүн минималдуу мезгилдүүлүгү;
3) конструкцияларга жана инженердик жабдуулардын системаларына жүктөмдөрдүн маанилери жөнүндө маалыматтар, имараттарды же курулмаларды пайдалануу, капиталдык оңдоо, реконструкциялоо жана кайра ыңгайлаштыруу процессинде алардан ашык кылууга жол берилбейт.
4) жашырын электр өткөргүчтөрүн жана түтүктөрдүн жана башка түзүлүштөрдүн жайгашуусу, алардын бузулушу адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна, мүлккө жана (же) курчап турган чөйрөгө, жаныбарларга зыян келтирүү коркунучун пайда кылат.
8. Мамлекеттик экспертизанын долбоорлоо документтеринин сапаты жөнүндө оң корутундусу болмоюнча имараттарды жана курулмаларды курууга жол берилбейт.
17-берене. Курулушта колдонулуучу материалдарга, буюмдарга, конструкцияларга жана жабдууларга коюлуучу талаптар
1. Курулуш жүргүзгөн адам материалдарды, буюмдарды жана конструкцияларды курулуш материалдарына, буюмдарга жана конструкцияларга тиешелүү болгон техникалык регламенттердин жана ушул Техникалык регламент менен өз ара байланышкан нормативдик документтердин талаптарына ылайык кампага жыйноону жана сактоону камсыз кылат.
2. Курулуш жүргүзүп жаткан адамдын долбоорлоо документтеринде каралган колдонулуучу материалдардын, буюмдардын жана конструкциялардын түрлөрүн, типтерин, маркаларын алмаштыруусу, ошондой эле долбоорлоо документтерине каалагандай башка өзгөртүүлөрдү киргизүүсү долбоорлоо документтерин иштеп чыгуучу жана макулдук алынуучу органдар менен макулдашуу боюнча куруучунун (заказ берүүчүнүн) макулдугу менен гана жүргүзүлүшү мүмкүн. Алмаштыруу документ түрүндө таризделет, ал эми кабыл алынган өзгөртүүлөр милдеттүү түрдө долбоорлоо документтерине киргизилет. Кабыл алынган конструкциялык схеманын жана ушул имараттын же курулманын коопсуз пайдаланышын камсыздоо боюнча белгиленген чечимдердин бузулушуна алып келбесе гана мындай алмаштырууларга же өзгөртүүлөргө жол берилет.
3. Имараттарды жана курулмаларды курууда жана ар кандай оңдоо-куруу иштери аткарылганда колдонулган курулуш материалдары, буюмдар жана конструкциялар "Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугу" техникалык регламентинде, курулуш материалдардын, буюмдардын жана конструкциялардын коопсуздугуна тиешелүү болгон башка техникалык регламенттерде, ошондой эле ушул Техникалык регламент менен өз ара байланышкан нормативдик документтерде белгиленген талаптарга шайкеш келүүгө тийиш.
4. Имараттарды жана курулмаларды курууда, капиталдык оңдоодо, реконструкциялоодо жана кайра ыңгайлаштырууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте тиешелүү ыйгарым укуктуу органдар колдонууга уруксат берген курулуш материалдары, буюмдар жана конструкциялар пайдаланылат.
18-берене. Аткаруу документтери Курулуш жүргүзгөн адам төмөнкүлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылат:
1) аткаруу документтерин - иш жүзүндө аткарылган иштердин, анын ичинде тышкы инженердик тармактарды орнотуу боюнча иштердин ушул чиймелерге же долбоорлоо документтерин иштеп чыгуучунун макулдугу менен киргизилген өзгөртүүлөргө шайкеш келүүсүн ырастап кол коюлган жумушчу чиймелердин комплектин;
2) геодезиялык аткаруу схемаларын, ал эми долбоорлоо документтеринде каралган учурларда, куруу процессинде курулуштун таасири тийүүчү зонадагы имараттардын жана курулмалардын натыйжаларын.
19-берене. Имараттарды жана курулмаларды куруудагы коопсуздук талаптары
1. Имараттарды жана курулмаларды курууда курулуш жүргүзгөн адам долбоордо аныкталган имараттардын жана курулмалардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралардын бардык комплексин аткарууга милдеттүү. Ошондой эле ал имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу негизделген бардык технологиялык операциялардын аткарылышын контролдоонун мүмкүндүгүн камсыз кылат. Тобокелдик деңгээли конкреттүү имарат жана курулма үчүн белгиленгенден жогору болбоого тийиш.
2. Эгерде курулуш-монтаждоо иштерин аткаруу процессинде же аткаргандан кийин кандайдыр бир сыноолорду жүргүзүү талап кылынса, анда алар долбоордун бардык талаптарын аткаруу менен толук көлөмдө жүргүзүлөт.
3. Долбоордон четтөөлөр автор жана макулдугу алынуучу органдар менен макулдашылат. Мындай учурда аткарылуучу чечимдердин тобокелдигин талдоо жүргүзүлөт.
4. Эгерде жер астындагы суулардын божомол кылынган деңгээлинде негиздин кыртышынын физикалык-механикалык өзгөчөлүктөрүнүн начарлоосу, жагымсыз физикалык-геологиялык процесстердин өнүгүүсү, казылган жайларды пайдалануу шарттарынын бузулуусу мүмкүн болсо, анда инженердик коргоонун тиешелүү иш-чаралары алдын ала каралат.
5. Инженердик коргоону кошкондо, курулуш аянтын даярдоо жанаша жаткан аймактарда коркунучтуу физикалык-геологиялык процесстердин күчөшүнө алып келбөөгө тийиш.
6. Имараттар жана курулмалар, инженердик коргоонун иш-чаралары ушул аймактарга терс таасирин тийгизсе (сазга айлануу, жээктердин бузулушу, жер көчкүлөрдүн пайда болушу жана күчөшү) тиешелүү компенсациялык-калыбына келтирүү иш-чаралары каралат жана аткарылат.
7. Курулуш аянтындагы курулуш-монтаждоо иштери жакын жайгашкан имараттарга, курулмаларга жана калкка зыян келтирбегендей кылып аткарылат.
8. Имараттарды жана курулмаларды курууда колдонулуучу жүк көтөрүүчү механизмдер жана атайын машиналар, жабдуулар коопсуздукту камсыздоо менен пайдаланылууга тийиш жана тиешелүү техникалык регламенттердин талаптарына жооп бериши керек.
9. Инженердик изилдөөлөрдүн маалыматтары боюнча кыртыш газдарын (радондун, метандын, ториндин) чыгуусу бар болгон участоктордо имараттарды жана курулмаларды курууда кыртышка тийген полдорду жана жер төлөлөрдүн дубалдарын кыртыш газдары имаратка жана курулмага кирбегендей кылып изоляциялоо боюнча чаралар жана алардын концентрациясын жетиштүү деңгээлде төмөндөтүүгө өбөлгө болуучу башка чаралар көрүлөт.
10. Имараттарды жана курулмаларды куруу ушул Техникалык регламенттин талаптарына жана ушул Техникалык регламент менен өз ара байланышкан тиешелүү нормативдик документтердин талаптарына ылайык аткарылат.
20-берене. Курулушту консервациялоо
Курулушту 6 айдан ашык мөөнөткө токтотуу зарыл болгондо куруучу (заказ берүүчү) же анын заказы боюнча курулуш жүргүзүүчү адам объектти консервациялоону - курулушту жана курулуш аянтын негизги конструкциялардын жана негиздин бекемдигин, туруктуулугун жана сакталышын, адам жана курчап турган чөйрө үчүн коопсуздугун камсыз кылуучу абалга келтирүүнү жүргүзөт. Консервациялоо боюнча иш-чаралар зарыл болгондо долбоорлоо уюму - долбоордун автору менен макулдашылат.
21-берене. Имараттарды реконструкциялоодо жана кайра ыңгайлаштыруудагы коопсуздук талаптары
1. Имараттарды жана курулмаларды реконструкциялоонун жана кайра ыңгайлаштыруунун мүмкүндүгүн баалоо шаар куруу жана архитектура жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.
2. Имараттарды жана курулмаларды реконструкциялоодо жана кайра ыңгайлаштырууда архитектуралык-пландоонун чечилиштерин райондогу шаар куруу шарттарын жана курчап турган чөйрөнүн мүнөзүн эске алуу менен кабыл алуу зарыл.
3. Имараттардын жана курулмалардын инженердик системаларына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө, же технологиялык себептер боюнча жүктөмдү көбөйткөндө долбоордун архитектуралык-пландоо бөлүгү инженердик жабдуу боюнча (жылытуу, желдетүү, суу менен жабдуу, сууну алып өтүү, электр тогу жана өрткө каршы иш-чаралар) бөлүмдү камтууга тийиш.
4. Имараттарды жана курулмаларды реконструкциялоо жана кайра ыңгайлаштыруу үчүн берилүүчү документтердин курамында шаар куруу жана архитектура жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын техникалык корутундусу, мамлекеттик экспертизанын даярдалган долбоорлоо документтеринин сапаты боюнча оң корутундусу, курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана өрттү көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдын корутундулары болууга тийиш.
5. Коомдук тамактануу жайларына кайра ыңгайлаштырылган турак үйлөрдүн жайларында газ жабдуусун орнотууга жол берилбейт.
6. Өрт-жарылуучу заттар, жагымсыз жыттар жок болгон, ал эми зыяндуу бөлүп чыгаруулар нормаланган маанилерден ашпаган, реконструкция кылынуучу жана кайра ыңгайлаштырылуучу жайларда соруучу желдеткичтерди жалпы соруучу системага кошууга жол берилет, буга турак-жайлар кирбейт.
7. Имараттардын жана курулмалардын реконструкция кылынуучу жана кайра ыңгайлаштырылуучу жайлары өрт коопсуздугу боюнча техникалык регламенттердин талаптарына жооп берүүгө тийиш.
8. Реконструкция кылынуучу жана кайра ыңгайлаштырылуучу жайларда имаратта жайгашкан турак-жайларга туура келген температуралык режим сакталышы керек.
9. Объектти реконструкция кылганда жана кайра ыңгайлаштырганда бардык конструктивдик өзгөртүүлөр курулуш-техникалык паспорттун бардык нускаларына киргизилет.
10. Имараттарды жана курулмаларды реконструкциялоодогу жана кайра ыңгайлыштыруудагы талаптар ушул Техникалык регламент менен өз ара байланышкан тиешелүү нормативдик документтерде белгиленет.
11. Имараттарды жана курулмаларды реконструкциялоодо жана кайра ыңгайлаштырууда коопсуздук талаптарын аткаруу үчүн жоопкерчиликти реконструкциялоо жана кайра ыңгайлаштыруу мүмкүнчүлүгүнө уруксат берген уюмдар, ошондой эле имараттарды жана курулмаларды реконструкциялоо жана кайра ыңгайлаштыруу боюнча курулуш иштерин жүргүзгөн уюмдар тартат.
22-берене. Имараттарды жана курулмаларды капиталдык оңдоодогу коопсуздуктун талаптары
1. Имараттарды жана курулмаларды капиталдык оңдоону имараттардын жана курулмалардын курулуш конструкцияларынын коопсуздук мүнөздөмөлөрү тиешелүү техникалык регламенттердин жана ушул Техникалык регламент менен өз ара байланышкан нормативдик документтердин коопсуздук талаптарына шайкеш келгендей кылып жүргүзүү зарыл.
2. Капиталдык оңдоодон кийин имараттардын жана курулмалардын калкалоочу конструкцияларынын жылуулук-техникалык мүнөздөмөлөрү ушул Техникалык регламент менен өз ара байланышкан жылуулук-техникасы боюнча нормативдик документтердин талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.
3. Имараттарды жана курулмаларды капиталдык оңдоодо коопсуздуктун талаптарын аткаргандыгы үчүн жоопкерчиликти имараттарды жана курулмаларды капиталдык оңдоону жүргүзүүчү уюмдар тартат.
4. Имараттарды жана курулмаларды капиталдык оңдоодо коопсуздуктун кошумча талаптары ушул Техникалык регламент менен өз ара байланышкан тиешелүү нормативдик документтерде белгиленет.
23-берене. Имараттарды жана курулмаларды пайдалануудагы коопсуздук талаптары
1. Куруучу (заказ берүүчү) имараттын же курулманын менчик ээсине төмөнкүдөй документтерди комплектациялоону жана сактоого берүүнү камсыз кылат: инженердик изилдөөлөрдүн натыйжалары, долбоорлоо жана жумуш документтери, аткаруу документтери, куруу процессиндеги мониторингдин натыйжалары.
2. Имаратты же курулманы пайдалануу процессинде конструкциялардын жана инженердик камсыздоонун параметрлери жана башка мүнөздөмөлөрү ушул Техникалык регламенттин 16-беренесинде келтирилген долбоорлоо документтеринин талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.
Аталган шайкештик мезгилдүү карап чыгуулардын жана контролдук текшерүүлөрдүн же имараттын, курулманын менчик ээси же ушул менчик ээсинин тапшырмасы боюнча башкаруучу уюм долбоорлоо документтеринин талаптарын эске алып иштеп чыккан программа боюнча өткөрүлүүчү мониторингдин жүрүшүндө ырасталат.
Менчик ээси же башкаруучу уюм өз демилгеси менен пайдалануу документтерин, анын ичинде конструкциялардын жана инженердик камсыздоо системаларынын параметрлеринин жана башка мүнөздөмөлөрүнүн долбоорлоо документтерине шайкеш келүүсүн текшерүүнүн конкреттүү эрежелерин камтыган объекттин паспортун, ошондой эле ишкананын экологиялык паспортун иштеп чыгууга заказ бериши мүмкүн.
3. Конструкциялардын жана (же) инженердик камсыздоо системаларынын параметрлеринин жана (же) башка мүнөздөмөлөрүнүн пайдалануу стадиясы үчүн долбоорлоо документтеринде белгиленген чегинен чыгып кетүүсү табылганда мындай чектен чыгуулар кризистик (аларды жоюу үчүн пайдаланууну убактылуу токтотуп же толук токтотуп, оңдоону талап кылат) же пайдаланууну токтотпой эле учурдагы оңдоо процессинде жоюлушу мүмкүн болгон кризистик эмес чектен чыгуулар деп бөлүштүрүлөт.
4. Жоопкерчиликтин жогорку деңгээлиндеги имараттардын же курулмалардын конструкцияларынын жана инженердик камсыздоо системаларынын параметрлеринин жана башка мүнөздөмөлөрүнүн долбоорлоо документтеринин талаптарына шайкеш келүүсү автоматтык мониторингдин объекти болуп эсептелиши мүмкүн, ал имаратта же курулмада тикелей жүргүзүлөт. Эгерде Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларында ушундай имараттар же курулмалар үчүн мониторинг жүргүзүү милдети каралбаса, анда мониторинг жүргүзүү жөнүндө чечимди имараттын же курулманын менчик ээси кабыл алат.
Мониторинг процессинде табылган чектен чыгуулар жөнүндө маалымат компетенциясына жараша ыйгарым укуктуу органдарга берилет.
5. Табылган чектен чыгууларды жоюу үчүн пайдаланууну убактылуу токтотуу тууралуу же пайдаланууну толук токтотуу жөнүндө, же табылган чектен чыгууларды учурдагы оңдоо жолу менен жоюу тууралуу чечимди имараттын же курулманын менчик ээси, же анын тапшырмасы боюнча уюм Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларында белгиленген тартипте кабыл алат.
6. Имаратты же курулманы пайдалануу процессинде текшерүүлөрдүн жана изилдөөлөрдүн бардык натыйжалары, ошондой эле табылган чектен чыгууларды жоюу боюнча иш-чаралар документтелет. Тиешелүү документтер имараттын же курулманын менчик ээсинде сакталат.
7. Эгерде имараттар жана курулмалар ушул Техникалык регламентке, ошондой эле ушул Техникалык регламентке өз ара байланышкан тиешелүү нормативдик документтерге шайкеш келсе, анда алар пайдаланууга берилет.
8. Ушул Техникалык регламенттин коопсуздук талаптарына шайкеш келбеген имараттар жана курулмалар пайдаланууга киргизилбейт.
9. Имараттарды жана курулмаларды пайдаланууга бергенде документтердин курамында имараттарды жана курулмаларды пайдалануу боюнча нускама берилет, ал төмөнкүлөрдү камсыз кылган маалыматтарды камтууга тийиш:
1) имараттарды жана курулмаларды белгиленген кызмат өтөө мөөнөтүндө коопсуз пайдаланууну;
2) негизги конструкциялар жана инженердик системалар жөнүндө маалыматтарды, жабык мейкиндиктердин, каркастын элементтеринин жана түйүндөрүнүн, жашырын өткөргүчтөрдүн жана инженердик тармактардын жайгашуу схемасын, ошондой эле имараттардын жана курулмалардын элементтери көтөрүүчү жүктөмдөрдүн чектүү маанилерин жана алардын электрдик системаларын жана тармактарын;
3) имараттардын жана курулмалардын элементтерин кармоонун, тейлөөнүн, оңдоонун, аларды мезгилдүү текшерүүнүн жана көзөмөлдөөнүн эрежелерин;
4) өрткө каршы коргонуу системасын кармоонун жана техникалык жактан тейлөөнүн эрежелерин жана өрт учурунда эвакуация кылуунун планын;
5) пайдалануучу (тейлөөчү) персоналга коюлуучу квалификациялык талаптарды.
10. Имараттар жана курулмалар пайдаланууга берилген учурдан баштап конструкциянын жана инженердик жабдуу системаларынын бардык элементтери техникалык регламенттердин жана ушул Техникалык регламент менен өз ара байланышкан нормативдик документтердин функционалдык талаптарын аткарууну пайдалануунун белгиленген мезгилинде камсыз кылууга тийиш. Имараттарды жана курулмаларды пайдаланууда жана техникалык тейлөөдө төмөнкүдөй тобокелдик факторлорунан адамдардын өмүрүн жана ден соолугун коопсуз коргоо камсыз кылынат: кулоодон, соккудан, күйүүдөн, электр тогунан, өрттөн жана анын коркунучтуу факторлорунан, жарылуудан, имараттардагы же курулмалардагы инженердик тармактардын авариясынын айынан болуучу суу каптоолордон, транспорт каражаттарынын кыймылынан пайда болуучу авариялык кырдаалдардан, физикалык жана химиялык факторлордон.
12. Имараттардын жана курулмалардын ичине кыртыштан аккан суулардын кирүү коркунучу пайда болгондо, ошондой эле бул суулардын айынан имараттын жана курулманын бекемдигине же туруктуулугуна зыян келтирилип, негизги же калкалоочу конструкциялардын бузулуу коркунучу пайда болгон учурда ушул суулардын кирүүсүн алдын алуу же сууларды имараттын жана курулманын башка курулуш конструкцияларына зыян келтирбеген ыкма менен буруу боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.
13. Кыртыштан аккан суулардан жана кыртыштагы газдардан коргоого коюлуучу талаптар ушул Техникалык регламент менен өз ара байланышкан тиешелүү нормативдик документтерде белгиленет.
14. Жаан-чачындын айынан системалуу түрдөгү нымдуулукка дуушар болгон имараттардын жана курулмалардын конструкциялары ушул Техникалык регламент менен өз ара байланышкан нормативдик документтердин талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.
15. Жогорку деңгээлдеги нымдуулук пайда болушу мүмкүн болгон имараттардын жана курулмалардын турак-жай, жумушчу, кызматтык жана башка жайларында жана мейкиндиктеринде температуралык режимдердин которулуп туруучу жана желдеткичтер (кондиционердик) камсыз кылынат.
16. Санитардык-техникалык түзүлүштөрдөн суунун кокустан агуусу имараттардагы жана курулмалардагы коңшу жайларга суунун агып кирүүсүнө алып келбөөгө тийиш.
17. Пайдалануу процессинде нымдуулуктун таасиринде турган курулуш конструкцияларынын же инженердик жабдуулардын системаларынын элементтеринин беттери нымдуулуктун таасиринен корголууга жана тазалоо үчүн жеткиликтүү болууга тийиш.
18. Имараттардын жана курулмалардын жашырын мейкиндиктери ички нымдуулуктан корголот.
19. Конструкциялардын жана инженердик жабдуулардын системаларынын элементтерин нымдуулуктан коргоо боюнча талаптар ушул Техникалык регламент менен өз ара байланышкан тиешелүү нормативдик документтерде белгиленет.
20. Имараттарда жана курулмаларда өзгөчө кырдаалдар пайда болгондо жетиштүү жарык берүү каралууга тийиш.
Авариялык жарык берүү төмөнкүлөрдө орнотулат:
1) өткөөл жайларда, коридорлордо, холлдордо, фойелерде жана вестибюлдарда, тепкичтерде жана адамдарды эвакуациялоонун башка жолдорунда, адамдар көп болуучу имараттардын жана курулмалардын башка жерлеринде;
2) эгерде жумушчу жарыкты өчүрүлүп, бирок өндүрүш жабдуусу иштегенин токтобогондугунун айынан жаракат алуу коркунучу пайда болсо, анда адамдар дайыма иштеген жайларда.
22. Имараттар жана курулмалар адамдарды коопсуз жерлерге эвакуациялоо үчүн коркунуч жөнүндө алдын ала кабарлоочу тиешелүү системалар менен жабдылат.
23. Коркунуч жөнүндө кабарлоочу система коркунучтун пайда болуусун билдиргичтерди, адамдардын имараттан жана курулмадан тышкары коопсуз жерлерге чыгуусун камсыз кылуучу кабарлоо түзүлүшүн камтууга тийиш.
24. Имараттар жана курулмалар потенциалдуу коркунучтар жөнүндө кабарлоо максатында жана адамдардын коопсуз жүрүүсүн, запастык эшиктерди табууну, имараттагы жана курулмадагы адамдарды куткаруунун негизги ыкмаларын камсыз кылган маалыматтык колдоо каражаттары менен жабдылат.
25. Маалыматтык колдоо каражаттары так айырмаланууга жана бардык кырдаалдарда түшүнүктүү болууга тийиш.
26. Адамдар көп жүргөн имараттар жана курулмалар жетиштүү түрдөгү табигый, жасалма жана айкалышкан жарык берүүлөр жана инсоляциялар менен камсыз кылынат.
27. Имараттардын жана курулмалардын ар кандай жайларынын табигый, жасалма жана айкалышкан жарык берүүсүнүн жана инсоляциясынын көрсөткүчтөрү санитардык-гигиеналык нормалардын талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.
28. Объекттеги жумушчу зонага жана курчап турган чөйрөгө бөлүнүп чыгарылуучу булгоочу заттар санитардык-эпидемиологиялык жана экологиялык нормативдердин белгиленген талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.
29. Имараттарга жана курулмаларга жарык берүүгө коюлуучу талаптар ушул Техникалык регламент менен өз ара байланышкан тиешелүү нормативдик документтерде белгиленет.
30. Имараттарды жана курулмаларды пайдалануудагы коопсуздуктун талаптарын аткаруу үчүн жоопкерчиликти менчик ээси же имаратты жана курулманы пайдаланган уюм тартат.
31. Имаратты жана курулманы пайдалануудагы талаптар ушул Техникалык регламент менен өз ара байланышкан тиешелүү нормативдик документтерде белгиленет.
32. Менчик ээси же пайдалануучу имаратты же курулманы пайдаланууну токтоткондо калкка жана курчап турган чөйрөгө зыян келтирүүнү алдын алган чаралар, анан ичинде имаратка адамдардын жана жаныбарлардын эркин кирүүсүнө тоскоол болуучу чаралар көрүлөт.
24-берене. Жылытууга, желдетүүгө жана кондициялоого коюлуучу талаптар
1. Имараттарды жана курулмаларды төмөнкүлөр аткарылгандай кылып долбоорлоо жана куруу керек:
1) имараттардын жана курулмалардын жайларында микроклиматтын талап кылынган параметрлери сакталууга тийиш;
2) жылытуу, желдетүү жана абаны кондициялоо системаларын жайгаштыруу жана алардын коопсуз иштөөсү үчүн зарыл болгон шарттар камсыз кылынууга тийиш.
2. Имараттардын жана курулмалардын жайларында микроклиматтын параметрлери кармалып туруусу керек, алар жол берилген санитардык-гигиеналык нормалардан төмөн болбоого тийиш.
3. Имараттардын жана курулмалардын жылытуу системасын төмөнкүлөр аткарылгандай кылып долбоорлоо жана орнотуу зарыл:
1) адамдардын механикалык жана термикалык жарат алуу, газдардын, буулардын, аэрозолдордун же чаңдардын күйүү же жарылуу тобокелдиги минималдуу болууга тийиш;
2) пайдалануунун пландалган географиялык шарттарында төмөн жана жогору температуралардын тийгизген таасирине системанын чыдамдуу болушу камсыз кылынууга тийиш.
4. Жылытуу түзүлүштөрү, энергия берүү линиялары, түтүктөр жана башка коммуникациялар бекем бекитилет жана тышкы таасирлерден корголот.
5. Борбордоштурулган жылуулук берүү жок болсо, электр жылыткыч түзүлүштөрү же газ же суюк отун менен иштөөчү автоматташтырылган жылуулук генераторлору жылуулук энергиясынын булагы катары колдонулушу мүмкүн, мындай учурда отундун толук күйүүсү жана күйүүнүн продукттарын газ чыгаруучу жана газ, чаң жыйноочу коммуникациялар аркылуу абага чыгаруу камсыз кылынат.
6. Имараттардын жана курулмалардын желдетүү жана кондициялоо системалары төмөнкүлөрдүн топтолушун токтотууга тийиш:
1) ашканада тамак-аш даярдоодо пайда болгон жыттардын жана буулардын;
2) санитардык-гигиеналык түзүлүштөрдөн жана таштандыларды сактоочу жерлерден чыккан жыттардын;
3) өндүрүш процессинин жүрүшүндө пайда болгон газ түрүндөгү кыйыр продукттардын жана ашыкча нымдуулуктун;
4) уулуу буулардын жана газдардын;
5) бактериялардын, вирустардын жана ооруну пайда кылуучу башка микроорганизмдердин жана аллергиялык заттардын.
7. Жылытуу, желдетүү кондициялоо системалары гидравликалык жана жылуулук туруктуулугуна, өрт-жарылуу коопсуздугуна ээ болуп, тазалоо жана оңдоо үчүн жеткиликтүү болууга тийиш. Суюктукту жогорку басымда кармаган катуу жана ийкемдүү түтүктөр ички жана тышкы чыңалууларды көтөрүүгө жана аларда сактоочу түзүлүштөр болууга тийиш.
8. Имараттардагы жана курулмалардагы жылытууга, желдетүүгө жана кондициялоого коюлуучу талаптар ушул Техникалык регламент менен өз ара байланышкан тиешелүү нормативдик документтерде белгиленет.
25-берене. Түтүк коммуникацияларына коюлуучу талаптар
1. Ысык, муздак, жеңил күйүүчү, коррозиялык-активдүү же уулуу суюктуктарды жана газдарды берүүчү потенциалдык коркунучтуу түтүк коммуникациялары бар имараттарда жана курулмаларда адамдардын, мүлктүн, курчап турган чөйрөнүн, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн коопсуздугун камсыз кылуучу чаралар көрүлөт.
2. Түтүк коммуникациялары төмөнкүлөрдүн болуу ыктымалдуулугун максималдуу түрдө ылдыйлаткандай кылып орнотулат:
1) имараттарды жана курулмаларды пайдалануу процессинде олуттуу зыяндарды же бузулууларды;
2) инженердик жабдуулардын системаларынын ар кандай элементтеринин ортосундагы же түтүк жана электрдик коммуникациялардын элементтеринин ортосундагы өз ара коркунучтуу аракеттенүүлөрдү;
3) пайдалануу кызматынын персоналына жана курчап турган чөйрөгө зыян келтирүүнү.
3. Өрткө каршы түтүктөрдү кошпогондо, каналдарга, шахталарда, кабиналарда, тоннелдерде, ошондой эле нымдуулугу жогору жайларда орнотулган түтүк коммуникацияларын нымдуулуктун кондесациясынан коргоо зарыл.
4. Имараттардын жана курулмалардын өрт чыгуу коркунучу бар мейкиндиктерине орнотулуучу жана күйүүчү материалдардан жасалган түтүктөр өрттөн корголот.
5. Имараттардын жана курулмалардын түтүк коммуникацияларына коюлуучу талаптар ушул Техникалык регламент менен өз ара байланышкан тиешелүү нормативдик документтерде белгиленет.
26-берене. Газ жана электр берүү системаларына коюлуучу талаптар
1. Газды (электр тогун) бардык газ пайдалануучу (электр тогун пайдалануучу) түзүлүштөргө берүү системасы желдетүү (электр тогунун) системасынын иштөөсү бузулган бардык учурларда автоматтык түрдө өчүрүүчү түзүлүштөр менен жабдылат.
2. Газ түтүктөрүн өрт коркунучу жана жарылуу коркунучу бар жайларда жана зоналарда; подвалдарда; жарылуу коркунучу бар жана күйүүчү материалдардын кампаларында; подстанциялардын жана бөлүштүрүү түзүлүштөрүнүн жайларында; желдетүү камералары, шахталар жана каналдар, лифттердин шахталары; таштанды жыйноочу жайлар; түтүн чыгуучу морлор аркылуу; газ түтүгү коррозияга дуушар болуучу жайлар жана жерлер аркылуу, ошондой эле агрессивдүү заттар таасир бериши мүмкүн болгон жерлерде; газ түтүктөрү күйүүнүн ысык продукттары менен жуулушу же ага ысытылган, эриген металлдын тийиши мүмкүн болгон жерлерде орнотууну кароого тыюу салынат.
3. Газ приборлорун турак-жайлардын жер төлө кабаттарында (жер төлөдө) жайгаштырууга, ал эми суютулган көмүр суутек газдарын берүүдө бардык арналыштагы имараттардын жер төлө жана жер пайындагы кабаттарында жайгаштырууга тыюу салынат.
4. Геологиялык шарттары татаал, сейсмикалык таасирлер берилүүчү, сууктагы жердин көтөрүлүшүн кошкондо, кыртыштын чөгүүсү, борпоң тартуусу бар болгон райондордо имараттарды жана курулмаларды курууда газ коммуникациялары имараттардын жана курулмалардын конструкцияларынын мүмкүн болуучу жылышууларын эске алуу менен орнотулат.
5. Имараттарда жана курулмаларда газ жана электр берүү системалары ушул Техникалык регламенттин жана ушул Техникалык регламент менен өз ара байланышкан тиешелүү нормативдик документтердин коопсуздук талаптарына ылайык белгиленет жана пайдаланылат.
27-берене. Суу берүү системаларына коюлуучу талаптар
1. Таза сууну пайдалануу жана санитардык-техникалык түзүлүштөрдү орнотуу каралган имараттар жана курулмалар техникалык регламенттердин коопсуздук талаптарын канааттандыруу үчүн суу берүүнүн коопсуз системалары менен жабдылат.
2. Имараттардын жана курулмалардын суу берүү системаларын төмөнкүлөр аткарылгандай кылып орнотуу зарыл:
1) сууну адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн коопсуз сууну суу пайдалануучулардын жана белгиленген санитардык-техникалык приборлордун эсептик санына ылайык келген көлөмдө берүүнү камсыз кылуу;
2) системадагы таза суунун булганышын жокко чыгаруу;
3) жабдуулардын жана түтүктөрдүн коррозиясын, түтүктөрдү жана жабдууларды шорлордун жана биологиялык өзгөрүүлөрдүн басышын жокко чыгаруу;
4) сууну санитардык-техникалык жана башка кабыл алуу түзүлүштөрүнө кабыл алуу түзүлүштөрүн пайдалануунун нормалдуу шарттарында каралган басым менен берүүнү камсыз кылуу;
5) суунун агышын алдын алуу;
6) ички жана тышкы өрт өчүрүү максаттары үчүн суу берүүнү камсыз кылуу;
7) адамдарга термикалык жараттарды келтирүүнү алдын алуу.
3. Таза сууну берүү системаларында ыйгарым укуктуу органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте уруксат берилген материалдардан жасалган түтүктөр жана башка жабдуулар (суу тийүүчү) колдонулат.
4. Геологиялык шарттары татаал, сейсмикалык таасирлер берилүүчү, сууктагы жердин көтөрүлүшүн кошкондо, кыртыштын чөгүүсү, борпоң тартуусу бар болгон райондордо имараттарды жана курулмаларды курууда суу берүү коммуникациялары имараттардын жана курулмалардын конструкцияларынын мүмкүн болуучу жылышууларын эске алуу менен орнотулат.
5. Имараттардын жана курулмалардын суу берүү системаларын долбоорлоо жана орнотуу боюнча талаптар ушул Техникалык регламент менен өз ара байланышкан тиешелүү нормативдик документтерде белгиленет.
28-берене. Сууну алып өтүү системаларына коюлуучу талаптар
1. Өндүрүштүк жана тиричилик суу пайдалануу, ошондой эле санитардык-техникалык түзүлүштөрдү орнотуу каралган имараттар жана курулмалар сууну алып өтүүнүн коопсуз системасы менен жабдылууга жана техникалык регламенттердин коопсуздук талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.
2. Сууну алып өтүү системасы агын сууларды сууну пайдалануучулардын жана орнотулган санитардык-техникалык приборлордун эсептик санына ылайык келген көлөмдө коопсуз алып өтүүнү камсыз кылууга тийиш.
3. Сууну алып өтүүнүн борбордоштурулган системасы жок болсо, локалдуу тазалоочу курулмалардын (суу түтүгү имараттардын жана курулмалардын ичине киргизилсе) жасалышы зарыл болуп эсептелет.
4. Сууну алып өтүү системасын төмөнкүлөр аткарылгандай кылып долбоорлоо жана орнотуу керек:
1) агын суулардын тосмолонушуна жана башка жакка агып чыгуусуна жол бербөө;
2) имараттардын жана курулмалардын ички мейкиндигин, курчап турган чөйрөнү, суу алуучу горизонтторду жана суу ресурстарын булгабоо;
3) техникалык тейлөө жана оңдоо жүргүзүү үчүн пайдалануу кызматтарынын жана авариялык кызматтардын персоналы жеткендей кылуу;
4) кыртыштын табигый жылуусу менен шартталган жүктөмдөрдү туруктуу болушун камсыз кылуу.
5. Геологиялык шарттары татаал, сейсмикалык таасирлер берилүүчү, сууктагы жердин көтөрүлүшүн кошкондо, кыртыштын чөгүүсү, борпоң тартуусу бар болгон райондордо имараттарды жана курулмаларды курууда суу алып өтүү коммуникациялары имараттардын жана курулмалардын конструкцияларынын мүмкүн болуучу жылышууларын эске алуу менен орнотулат.
6. Имараттардын жана курулмалардын суу алып өтүү системаларына коюлуучу талаптар ушул Техникалык регламент менен өз ара байланышкан тиешелүү нормативдик документтерде белгиленет.
29-берене. Имараттарды жана курулмаларды демонтаждоодогу жана бузуудагы коопсуздук талаптары
1. Имараттарды жана курулмаларды демонтаждоо жана бузуу алардын эрте эле (күтүүсүздөн) бузулушун жокко чыгарган ыкма менен жана жакын жайгашкан имараттарга жана курулмаларга зыян келтирүүсүз аткарылууга тийиш.
2. Имараттарды жана курулмаларды демонтаждоо жана бузуу алдында бардык инженердик коммуникацияларды өчүрүү зарыл жана кайрадан алардын иштетилишин токтоткон чараларды көрүү керек.
3. Куруу иштери пландалбай, турган аймагында демонтаждалууга тийиш болгон жана бузула турган имараттын же курулманын менчик ээси демонтаждоо долбоорун иштеп чыгууга заказ берет, анда демонтаждоо жана бузуу боюнча техникалык чечим каралат, бул чечимде калктын, курчап турган чөйрөнүн, имараттардын жана курулмалардын, инженердик инфраструктуралардын, анын ичинде иштеп жаткан жер алдындагы коммуникациялардын коопсуздугун камсыз кылынууга тийиш. Долбоордо имаратты же курулманы демонтаждоодон кийин же бузуудан кийин калган материалдарды жана таштандыларды ташып чыгарууну жана утилдештирүүнү камсыз кылуу, ошондой эле демонтаждалган же бузулган имараттын же курулманын ордуна жаңы курулуш пландалбаса, аймакты абаттоо боюнча иш-чаралар да каралат.
4. Имаратты же курулманы жарылууну, күйгүзүүнү же башка коркунучтуу методдорду колдонуп демонтаждоо жана бузуу боюнча техникалык чечимдердин коопсуздугу белгиленген тартипте негизделүүгө тийиш.
5. Демонтаждалган жана бузулган имараттын же курулманын менчик ээси тиешелүү маалыматтык кызматтарга имаратты же курулманы демонтаждагандан кийин же бузгандан кийин жерде же жер алдында калган коммуникациялар, жайлар, конструкциялар жөнүндө документтерди берүүгө милдеттүү.
6. Имараттарды жана курулмаларды демонтаждоодогу жана бузуудагы коопсуздук талаптарын аткаруу үчүн жоопкерчиликти имараттарды жана курулмаларды демонтаждаган же бузган уюмдар тартат.
7. Имараттарды жана курулмаларды демонтаждоодогу жана бузуудагы кошумча талаптар ушул Техникалык регламент менен өз ара байланышкан тиешелүү нормативдик документтерде белгиленет.
30-берене. Курулуш таштандыларын утилдештирүүгө коюлуучу талаптар
Имараттарды жана курулмаларды курууда пайдаланылган курулуш материалдарынын, буюмдардын жана конструкциялардын имараттарды жана курулмаларды капиталдык оңдоонун, реконструкциялоонун, кайра ыңгайлаштыруунун, демонтаждоонун жана бузуунун натыйжасында пайда болгон таштандыларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы талаптарга ылайык утилдештирүү зарыл.
31-берене. Имараттардын жана курулмалардын коопсуздуктун негизги талаптарына шайкеш келүүсүн баалоо
1. Шайкештикти баалоо төмөнкү максаттарда жүргүзүлөт:
1) имараттын же курулманын долбоорлоо документтеринде белгиленген мүнөздөмөлөрүнүн коопсуздуктун талаптарына шайкеш келүүсүн ушул объектти курууну баштоонун алдында күбөлөндүрүү;
2) курулушу аяктаган имараттын же курулманын мүнөздөмөлөрүнүн коопсуздуктун талаптарына шайкеш келүүсүн аны пайдаланууга берүү алдында күбөлөндүрүү;
3) пайдаланып жаткан имараттын же курулманын мүнөздөмөлөрүнүн коопсуздуктун талаптарына шайкеш келүүсүн имаратты же курулманы андан ары пайдалануу мүмкүндүгүн ырастоо үчүн мезгил-мезгили менен күбөлөндүрүү.
2. Долбоорлоо документтеринин шайкештигин баалоодо анын инженердик изилдөөлөргө, ошондой эле төмөнкүдөй талаптарга шайкеш келүүсү аныкталат:
1) ушул Техникалык регламентке, ошондой эле имараттарга жана курулмаларга же алардын бөлүктөрүнө, элементтерине жана пайдаланылган материалдарга колдонулуучу башка техникалык регламенттерге;
2) жер участогунун шаар куруу планына;
3) курулуштун чектелген параметрлеринин чегинен чыгууга (эгерде ушундайлар каралса) уруксат берүүлөргө;
4) тышкы тармактарга (алар бар болсо) кошулуунун техникалык шарттарына;
5) курчап турган чөйрөгө таасир берүүсүн баалоонун материалдарына жана мамлекеттик экологиялык экспертизанын аларга берилген оң корутундусуна;
6) ушул Техникалык регламент менен өз ара байланышкан нормативдик документтерге.
3. Имараттарды жана курулмаларды курууда жана аларды курууну аяктаганда имараттардын жана курулмалардын шайкештигин баалоо төмөнкүлөрдүн талаптары сакталгандыгы аныктайт:
1) ушул Техникалык регламенттин, ошондой эле имараттарга жана курулмаларга же алардын бөлүктөрүнө, элементтерине жана пайдаланылган материалдарга колдонулуучу башка техникалык регламенттерге;
2) долбоорлоо документтерине;
3) жер участогунун шаар куруу планы;
4) курулуштун чектелген параметрлеринен четтөөгө уруксат (эгер ал берилсе);
5) тышкы тармактарга (алар бар болсо) кошулууга техникалык шарттар;
6) мамлекеттик экология экспертизанын оң корутундусу;
7) ушул Техникалык регламент менен өз ара байланышкан нормативдик документтер.
4. Имараттарды жана курулмаларды пайдаланууда алардын шайкештигин баалоодо ушул Техникалык регламенттин 16-беренесинин 6 жана 7-бөлүктөрүнө ылайык пайдалануу стадиясы үчүн бекитилген долбоордук документте белгиленген жана ушул Техникалык регламенттин 23-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык пайдалануучу документте белгиленген милдеттүү талаптардын сакталышы аныкталат.
5. Жеке турак жай курулуш объекттеринин шайкештигин баалоо (узундугу үч кабатка чейинки узундуктагы курулуп жаткан өзүнчө үйлөр, анын ичинде куруучуларга караштуу жер участкаларында курулган жана куруучулар алардын үй-бүлө мүчөлөрү пайдалануу үчүн арналган чарбалык курулуштар) ушул Техникалык регламенттин 37-беренесинин талаптарына ылайык аткарылат.
32-берене. Коопсуздук талаптарына имараттардын жана курулмалардын шайкештигин баалоо формасы
Долбоорлоодо Ушул Техникалык регламенттин 31-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүндө сыналган, куруу талаптарына алардын имараттарды жана курулмаларды шайкештигин баалоо төмөнкүдөй формаларда аткарылат:
1) долбоордук документтин мамлекеттик экспертизасы жана инженердик изилдөөнүн жыйынтыгы;
2) мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлү;
3) курулуш контролу;
4) мамлекеттик экологиялык экспертиза;
5) мамлекеттик өрткө каршы көзөмөл;
6) куруучунун (заказчынын) техникалык көзөмөлү;
7) автордук көзөмөл;
8) инженердик тармактарын-техникалык камсыздоонун айрым конструкцияларын, тармактарын жана системаларын сыноо (эгер ушул сыноолор долбоордук документте каралса);
9) имараттын жана курулманын же анын бөлүгүн, эгер бул долбоордо каралса бүткөн курулушун пайдаланууга кабыл алуу.
33-берене. Имараттарга жана курулмаларга инженердик изилдөөлөрдүн жана долбоордук документтердин жыйынтыктарынын шайкештигин баалоо
1. Имараттарга жана курулмаларга инженердик изилдөөлөр жана долбоордук документтердин жыйынтыктарынын шайкештигин баалоо шаар куруу жана архитектура жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик экспертизалоо жана мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө формаларында аткарылат.
2. Шайкештикти баалоо ушул Техникалык регламенттин 31-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген долбоордук документтин жана инженердик изилдөөнүн талаптарына ылайык күбөлөндүрүлөт.
3. Долбоордук документтин жана инженердик изилдөөнүн жыйынтыгынын шайкештигин күбөлөндүрүүчү документ болуп техникалык регламенттин талаптарына долбоордук документтин жана инженердик изилдөөнүн жыйынтыктарынын шайкештиги жөнүндө мамлекеттик экспертизанын оң корутундусу жана мамлекеттик экологиялык экспертиза жана мамлекеттик өрткө каршы кызматынын корутундусу эсептелет.
4. Куруучу (заказчы) мыйзамда белгиленген тартипте ал тарабынан даярдалган же анын заказы боюнча аткарылган долбоордук документти жана инженердик изилдөөнүн жыйынтыктарын мамлекеттик экспертиза, мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органга имаратка же курулмага инженердик изилдөөнүн жыйынтыктарын жана долбоордук документти берет.
5. Куруучу (заказчы) шаар куруу иши жөнүндө мыйзамдарга ылайык өзүнүн каалоосу боюнча ушул долбоордук документтерди даярдоо үчүн аткарылган долбоордук документти жана инженердик изилдөөнүн жыйынтыктарын мамлекеттик эмес экспертизага жибериши мүмкүн. Мамлекеттик эмес экспертизанын оң корутундусу куруучунун (заказчынын) өзүнүн далил материалы болуп эсептелет.
34-берене. Имараттарды жана курулмаларды аларды куруу процессинде шайкештигин баалоо
1. Имараттарды жана курулмаларды аларды куруу процессинде шайкештигин баалоо төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат:
1) мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлү;
2) курулуш контролу;
3) куруучунун (заказчынын) техникалык көзөмөлү;
4) автордук көзөмөл;
5) инженердик тармактарын-техникалык камсыздоонун айрым конструкцияларын, тармактарын жана системаларын сыноо (эгер ушул сыноолор долбоордук документте каралса).
2. Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлү Кыргыз Республикасынын шаар куруу иши жөнүндө мыйзамдарга жана башка нормативдик укуктук актыларга ылайык имараттарды жана курулмаларды курууда жүзөгө ашырылат.
Имараттарды жана курулмаларды курууда мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлү техникалык регламенттердин, долбоордук жана жумушчу документтердин талаптарына аткарылып жаткан иштердин шайкештигин текшерүү формасында жүзөгө ашырылат.
3. Курулуш контролу долбоордук жана жумушчу документтердин талаптарына курулуш-монтаждык иштеринин, курулуп жаткан инженердик-техникалык камсыздоо конструкцияларын жана тармактарынын (имаратты же курулманы куруунун бүткүл процессинин ичинде) шайкештигин баалоо максаты менен жүргүзүлөт.
Курулуш контролу төмөнкүдөй формаларда аткарылат:
1) куруучу (заказчы) берген долбоордук документти киргизүү контролу;
2) колдонулуучу курулуш материалдарды, буюмдарды, конструкцияларды жана жабдууларды киргизүү контролу;
3) курулуш-монтаждык иштеринин операцияларын аткаруу процессинде жана бүткөрүү боюнча операциялык контролу;
4) аткарылган иштердин шайкештигин баалоо, алардын жыйынтыктары андан аркы иштерди аткаруу башталгандан кийин контроль үчүн мүмкүн болбой калган жыйынтыктары, анын ичинде инженердик-техникалык камсыздоонун айрым конструкцияларын жана тармактардын участкаларын орто аралыкта кабыл алуу.
4. Долбоордук документти киргизүү контролу менен анын комплекттүүлүгүн, анда иштердин жана конструкциялардын тизмесинин болушу, алардын көрсөткүчтөрү имараттын жана курулманын коопсуздугуна таасир берүүсүн текшерилет жана куруу процессинде шайкештигин бааланууга, параметрлердин көрсөтүлгөн тизмеси боюнча контролдонуучу чектелген маанилери болууга, ошол параметрлерди контролдоо жана ченөө методдору жөнүндө көрсөтмөлөрдүн, анын ичинде нормативдик документтер ушул Техникалык регламент менен өз ара байланыштарына шилтеме түрүндө болууга тийиш.
5. Колдонулуучу курулуш материалдарды, буюмдарды конструкцияларды жана жабдууларды киргизүү контролу менен алардын долбоордук жана жумушчу документтердин талаптарына, ошондой эле нормативдик документтердин ушул Техникалык регламент менен өз ара байланышкан талаптарына шайкештигин текшеришет.
Шайкеш келбегендиги киргизүү контролу менен табылган курулуш материалдар, буюмдар жана конструкциялар, ошондой эле жабдуулар куруучу (заказчы) ал эми зарыл болгон учурда, ошондой эле долбоорлоочу жана аларды колдонуу мүмкүндүгү жөнүндө мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө органынын өкүлү чечим кабыл алганга чейин жарактуулардан, бөлүнөт.
Курулушту жүргүзүүчү жак операциялык контролдоо аркылуу ушул Техникалык регламент менен өз ара байланышкан нормативдик документтердин талаптары долбоордук жана жумушчу документтердин технологиялык операцияларынын аткарылышынын курамына жана иреттүүлүгүнө шайкештигин текшерет.
Операциялык контролдун жыйынтыктары документтештирилет.
7. Аткарылган иштердин шайкештигин баалоо, алардын жыйынтыктары андан аркы иштерди аткаруу башталгандан кийин контроль үчүн мүмкүн болбой калган жыйынтыктары, анын ичинде инженердик-техникалык камсыздоонун айрым конструкцияларын жана тармактык участкаларын орто аралыкта кабыл алуу курулуш жүргүзүүчү жак, ошондой эле шаар куруу иши жаатындагы мыйзамдарга ылайык келишимдин негизинде курулуш жүргүзүүчү учурларда куруучу (заказчы) тарабынан аткарылат жана документтештирилет.
8. Заказчынын техникалык көзөмөлү куруучу (заказчы) же ушул максат үчүн алар тартуучу юридикалык же жеке жактар тарабынан аткарылат.
Заказчынын техникалык көзөмөлүнүн предмети болуп курулуш жүргүзүүчү жак тарабынан долбоордук жана жумушчу документтердин талаптарын, колдонулуучу курулуш материалдарды, буюмдарды, конструкцияларды, жабдууларды аларды киргизүү контролунун аткарылышынын жана операциялык контролдун толуктугун, киргизүү жыйынтыктарынын жана операциялык контролдун тууралыгын, ошондой эле аткарылган иштердин шайкештигин баалоону сактоо болуп эсептелет, анын жыйынтыктары андан аркы иштерди аткаруу башталгандан кийин контроль үчүн жеткиликтүү болбой калат.
Заказчынын техникалык көзөмөлдөө өкүлүнүн сын-пикири курулуш жүргүзүүчү жак тарабынан аткаруу үчүн документтештирилет.
9. Автордук көзөмөл бекитилген долбоорлордо каралган чечимдер жана көрсөткүчтөр менен курулуш объекттерин пайдаланууда киргизилген технологиялык, архитектура-курулуш жана башка техникалык чечимдердин шайкештигин камсыздоо максатында бүткөн курулуш объекттерин пайдаланууда куруу жана кабыл алуу бүткүл мөөнөтүндө, ошондой эле курулуп жаткан имараттардын жана курулмалардын жогорку сапатын камсыздоо үчүн долбоорчулардын, курулуш-монтаждоочу уюмдардын жана заказчылардын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында жүргүзүлөт.
10. Айрым конструкцияларды сыноону курулушту жүргүзүүчү жак уюштурат, эгерде бул сыноо долбоордук документте каралган болсо. Сыноо техникалык регламенттин, долбоордук жана (же) жумуш документтеринин талаптарына ылайык аткарылат.
Изилдөөнүн жыйынтыктары жалпысынан техникалык регламенттин, долбоордук жана жумушчу документтеринин талаптарына монтаждалып курулуп бүтүшүнүн шайкештигин күбөлөндүрүүчү тиешелүү актылар менен таризделет жана куруучу (заказчы) эгерде курулуш келишимдин негизинде жана автордук көзөмөлдө (эгерде ал аткарылып жатса) аткарылган болсо курулуш жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу жактын өкүлү тарабынан кол коюлат.
11. Инженердик-техникалык системанын монтаждоо менен бүткөн сыноону курулуш жүргүзүүчү жак уюштурууну камсыз кылат. Сыноо долбоордук документтин жана нормативдик документтердин ушул Техникалык регламент менен өз ара байланыштарынын талаптарына ылайык аткарылат.
Изилдөөнүн жыйынтыктары жалпысынан техникалык регламенттин, долбоордук жана жумушчу документтеринин талаптарына монтаждалып курулуп бүтүшүнүн шайкештигин күбөлөндүрүүчү тиешелүү актылар менен таризделет жана куруучу (заказчы) эгерде курулуш келишимдин негизинде жана автордук көзөмөлдө (эгерде ал аткарылып жатса) аткарылган болсо курулуш жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу жактын өкүлү тарабынан кол коюлат.
Курулуш келишимдин негизинде аткарылган учурда сыноолордо курулуш жүргүзүүчү (подрядчик) жактын ыйгарым укуктуу өкүлү, куруучу (заказчы) жана инженердик-техникалык камсыздоонун тармактарын пайдаланууну жүргүзүүчү уюмдар катышат. Техникалык регламенттин, долбоордук жана жумушчу документтеринин талаптарын инженердик-техникалык камсыздоонун системасынын монтаж менен курулуп бүтүшүнүн шайкештигин күбөлөндүрүүчү актылар мындай учурда сыноонун бардык катышуучулары тарабынан кол коюлат.
Сыноолордун жыйынтыктарынын негизинде инженердик-техникалык камсыздоонун тармактарын пайдаланууну жүргүзүүчү уюмдар курулуш жүргүзүүчү жакка аларды тышкы тармактарга кошулууга техникалык шарттарды объекттер инженердик-техникалык камсыздоо системасынын шайкештиги жөнүндө корутундуну берет.
12. Куруучу (заказчы) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик курулуш көзөмөл органына курулуш аянтында иштин башталышы жөнүндө, ал эми курулуш процессинде - аткарылган курулуш конструкцияларын жана инженердик жабдуу тармактарынын участкаларын ачылган иштерин күбөлөндүрүү жана орто аралыкта кабыл алууну контролдо мөөнөттөрү жөнүндө билдирет.
35-берене. Имараттардын жана курулмалардын курулушу бүтүшүнүн шайкештигин баалоо
1. Курулушу аяктаган имараттардын жана курулмалардын шайкештигин баалоо төмөнкүдөй формаларда жүргүзүлөт:
1) курулушу аяктаган имараттарды жана курулмаларды же анын бөлүктөрүн, эгерде долбоор менен бул каралган болсо пайдаланууга кабыл алуу;
2) мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл органынын корутундусу.
2. Имараттын же курулманын же анын бөлүгүнүн курулушу, айрым конструкцияларын сыноо жана ушул имараттын же курулманын инженердик-техникалык камсыздоо системасынын сыноолору бүткөндөн кийин курулуш жүргүзүүчү жак имаратты же курулманы куруу процессинде аткарылышынын шайкештигин баалоо жол-жоболорунун жыйынтыктарын документтештирүү үчүн төмөнкүлөрдү даярдайт:
1) ушул Техникалык регламенттин 34-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык долбоордук документтин талаптарына курулушта колдонулуучу материалдардын, буюмдардын, конструкциялардын жана жабдуулардын шайкештигин күбөлөндүрүүчү документтерди;
2) ушул Техникалык регламенттин 34-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык операциялык контролдун жыйынтыктарынын шайкештигин күбөлөндүрүүчү документтерди;
3) ушул Техникалык регламенттин 34-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык долбоордук жана жумушчу документтеринин талаптарынын курулуп жаткан конструкцияларынын жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарынын курулуш-монтаждык иштеринин шайкештигин күбөлөндүрүүчү документтерди;
4) ушул Техникалык регламенттин 18-беренесине ылайык аткаруу документтерди;
5) аларды аткаруу (автордук көзөмөл аткарылып жаткан учурларда) жөнүндө белгилениши менен автордук көзөмөлдүн документтештирилген сын-пикирлерди;
6) монтаж менен курулуп бүткөн конструкцияларды жана курулмаларды жалпысынан техникалык регламенттин, долбоордук жана жумушчу документтердин талаптарына, ушул Техникалык регламенттин 34-беренесинин 10-бөлүгүнө ылайык долбоордук документте мындай сыноолор каралган учурда сыноолордун актыларын;
7) ушул Техникалык регламенттин 34-беренесинин 11-бөлүгүнө ылайык техникалык регламенттердин, долбоордук жана жумушчу документтеринин талаптарын инженердик-техникалык камсыздоо системасынын монтаж менен бүткөн сыноолордун актыларын;
8) ушул Техникалык регламенттин 34-беренесинин 11-бөлүгүнө ылайык аларды тышкы тармактарына кошууга техникалык шарттар менен имараттар же курулмалар инженердик-техникалык камсыздоо тармактарынын шайкештиги жөнүндө инженердик-техникалык камсыздоо тармактарын пайдаланууну жүргүзүүчү уюмдардын корутундусун.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык куруучу (заказчы) келишимдин негизинде жүргүзүлгөн имаратты жана курулманы курушкан учурларда курулушту жүргүзүүчү (подрядчы) жактан курулушу аяктаган имаратты же курулманы кабыл алууну аткарат. Курулушту жүргүзүүчү (подрядчы) жак мында ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтерди куруучуга (заказчыга) көрсөтөт.
Заказчы (куруучу) жана подрядчы (курулушту жүргүзүүчү жак) кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык объекти кабыл алуунун эки тараптуу акт менен долбоордук документтин талаптарында курулушу аяктаган объекттин шайкештигин күбөлөндүрүшөт.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган учурларда имараттын же курулманын курулушу аяктаган жана аны кабыл алуу боюнча куруучу (заказчы) ушул берененин 2-бөлүгүндө саналган документтерди, ошондой эле келишимдин негизинде курулуш жүргөн учурларда имаратты же курулманы кабыл алуу актысын тиркеп, жыйынтыктоочу текшерүүнү өткөрүү үчүн мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө органына кайрылат.
Мамлекеттик архитектура-көзөмөлдөө органы өздөрүнүн текшерүүлөрүнүн жыйынтыктарынын, көрсөтүлгөн документтердин жана жыйынтыктоочу текшерүүнүн жыйынтыктарынын негизинде техникалык регламенттин, долбоордук жана жумушчу документтердин талаптарына имараттын же курулманын шайкештиги жөнүндө корутундуну куруучуга (заказчы) берет.
36-берене. Имараттарды жана курулмаларды пайдалануу стадиясында алардын шайкештигин баалоо
1. Имараттарды жана курулмаларды пайдалануу процессинде алардын шайкештигин баалоо формалары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) пайдалануунун контролу;
2) инструменттик контролдоо (лабораториялык ченөөлөр жана изилдөөлөр);
3) мамлекеттик көзөмөл.
2. Пайдалануунун контролу пайдалануу документтеринин техникалык регламенттеринин талаптарына имаратты же курулманы техникалык тейлөө боюнча ишти пайдалануу процессинде аткарылышынын шайкештигин баалоо максатында имаратты же курулманы пайдалануу процессинде жүргүзүлөт. Пайдалануунун контролу техникалык регламенттин талаптарына ылайык келбестигин өзү менен алып келүүчү конструкциялардын элементтеринин жана инженердик жабдуулардын кемчиликтерин жана бузулууларын табуу максатында пайдалануучу объекттерди техникалык изилдөө жолу менен жүргүзүлөт.
3. Пайдалануунун контролу имараттын, курулманын менчик ээси же имаратты же курулманы пайдаланууну жүргүзүүчү уюмдун башкаруучусу тарабынан аткарылат. Пайдалануунун контролу кароо жана изилдөө формаларында, анын ичинде сыноочу жабдууларды жана ченөөчү каражаттарды (инструменттик контролду) колдонуу менен аткарылат.
4. Менчик ээси же уюмдун башкаруучусу пайдалануучу объекттердин шайкештигин баалоонун тиешелүү жаатында аккредитацияланган сыноочу лабораторияларга (борборлорго) имараттын же курулманын техникалык абалынын инструменттик контролунун аткарылышын заказ бериши мүмкүн.
5. Жоопкерчилиги жогорку деңгээлдеги имараттардын жана курулмалардын техникалык абалынын пайдалануунун контролу долбоордук документте каралган имараттардын жана курулмалардын инженердик конструкцияларынын жана системаларынын абалынын автоматташтырылган мониторинг системасынын жардамы менен жүргүзүлөт.
6. Пайдалануунун контролу имаратка же курулмага долбоордук документте каралган мезгилдүүлүк менен, ошондой эле имаратты же курулманы инженердик камсыздоонун конструкциялардын жана системалардын бузулбагандыктары табылбаган учурларда аткарылат.
Имараттын, курулманын менчик ээси же уюмдун башкаруучусу эки жылда бир жолудан кем эмес имараттарга жана курулмаларга пландык инструменттик контролду жүргүзүшөт.
7. Пайдалануунун контролу менен бекитилген техникалык регламенттердин жана пайдалануу документтеринин талаптарына имараттардын жана курулмалардын шайкештиги имараттын, курулманын менчик ээси же пайдалануу журналындагы тиешелүү жазууларынын уюмунун башкаруучусунун өкүлү тарабынан күбөлөндүрүлөт.
8. Имараттарды жана курулмаларды пайдалануу процессинде мамлекеттик көзөмөл жоопкерчилиги биринчи жана экинчи деңгээлдеги имараттарга жана курулмаларга карата жүргүзүлөт.
Имараттарды жана курулмаларды пайдалануу процессинде мамлекеттик көзөмөлдүн предмети болуп ушул Техникалык регламенттин 23-беренесинин 9-бөлүгүнө жана (же) белгиленген Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ылайык пайдалануу стадиясы үчүн долбоордук документте белгиленген талаптарына техникалык регламенттин шайкештигинин талаптарына имараттардын, курулмалардын куруу конструкцияларынын техникалык абалына шайкештигинин абалын баалоо эсептелет.
9) Имараттарды жана курулмаларды пайдалануу процессинде мамлекеттик көзөмөл төмөнкүлөрдө жүргүзүлөт:
1) турак жай имараттарына карата - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан;
2) жоопкерчилиги жогорку деңгээлдеги имараттарга жана курулмаларга карата - шаар куруу жана архитектура жаатындагы ыйгарым укуктуу органдары тарабынан.
10. Аларды пайдалануу процессинде объекттер үчүн мамлекеттик көзөмөлдөө формадагы шайкештикти баалоо администрациялык мыйзамдарда жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы мыйзамдарда, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын жана мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүдө жеке ишкерлердин укуктарын коргоо жаатындагы мыйзамдарда белгиленген эрежелерге жана формаларга ылайык жүргүзүлөт.
Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мамлекеттик көзөмөлдөө органы тарабынан имараттын же курулманын менчик ээсине же алар тарабынан тартылган табылган кемчиликтерди жок кылуу жөнүндө же пайдалануудан объекти чыгаруу тууралуу тапшырмада уюмдун башкаруучусуна берүү үчүн негиз болуп эсептелген акты түзүлөт. Тапшырмада бузулуунун түрү, нормативдик укуктук актыга шилтеме, техникалык регламент, талаптары бузулган пайдалануу документтери көрсөтүлөт.
37-берене. Жеке турак жай курулуш объекттеринин шайкештигин баалоо
1. Жеке турак жай курулуш объекттеринин шайкештигин баалоо төмөнкүдөй талаптарды сактоо максатында жүргүзүлөт:
1) жер участкасынын шаар куруу планын;
2) тышкы тармактарга (алар бар болсо) кошулуунун техникалык шарттарын.
2. Жер участкасынын шаар куруу планынын жок болсо, ушу тургузулул жаткан объект менен жакынкы имараттын же курулманын ортосундагы өрткө каршы жана санитардык аралыктарга коюлуучу талаптарды, ошондой эле саркынды сууларды бөлүп чыгарууга коюлуучу талаптарды сактоо аныкталат.
3. Куруучу инженердик-техникалык камсыздоонун тышкы тармактары бар болсо, ушул тармактарды пайдаланууну жүргүзүүчү уюмдардан тышкы тармактарга жеке турак жай курулуш объекттерин кошулуунун техникалык шарттарын алат.
Куруучу объекттин курулушу аяктагандан кийин тышкы тармактарга жеке турак жай курулуш объекттин инженердик-техникалык камсыздоо системасына кошуунун техникалык шарттарын берген уюмга бул жөнүндө билдирет. Ал уюмдардын өкүлдөрү курулуп бүткөн объекттин инженердик-техникалык камсыздоо системалары аларды тышкы тармактарга кошуунун техникалык шарттарына ылайыктыгын текшеришет жана курдуруучуга ылайыктуулк жөнүндө корутунду беришет.
4. Объектти куруу процессинде анын ылайыктуулугун баалоо жеке менчик турак жай объектин курдуруучунун заказы боюнча курулуштук контроль формасында ишке ашырылат.
5. Жеке менчик турак жай курулушунун эксплуатацияланчу объектинин ылайыктуулугун баалоо анын ээсинин заказы боюнча андай объекттерге мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашырылат.
38-берене. Мамлекеттик көзөмөл
Ушул Техникалык регламенттин талаптарын аткарылышына мамлекеттик көзөмөл Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктачу тартипте ишке ашырылат.
39-берене. Бул Техникалык регламенттин талаптарын аткарбагандык үчүн жоопкерчилик
Бул Техникалык регламентти тийиштүү түрдө аткарбаганы, өз убагында аткарбаганы же аткаруудан качканы үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопко тартылышат.
40-берене. Бул Техникалык регламенттин күчүнө кириши
1. Бул Техникалык регламент расмий жарыялангандан бир жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) нормативдик укуктук актыларды ушул мыйзамга ылайык келтирүү боюнча зарыл чараларды көрсүн;
2) ушул Техникалык регламент менен өз ара байланыштуу, бул Техникалык регламенттин талаптары аткарылышын камсыздоочу нормативдик документтердин тизмесин (далилдик базаны) аныктасын.
3. Ушул Техникалык регламент менен өз ара байланыштуу нормативдик документтер имараттар жана курулмалар үчүн алардын арналышы жана жооптуулук деңгээли боюнча тийиштүү техникалык регламенттер кабыл алынганга чейин колдонулушат.
| «Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугунун» жалпы техникалык регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиркеме |
Документтердин комплекси | Стандартташтыруунун жана нормалоонун негизги багыттары |
Уюштуруу-методикалык нормативдик документтер | |
Стандартташтыруу, нормалоо, сертификатоо, аккредитациялоо | Курулуштагы стандартташтыруу, нормалоо, сертификатоо жана аккредитациялоо боюнча жумуштардын максаттары, милдеттери, объектилери, методологиясы жана уюштурулушу |
Курулуш үчүн инженердик иликтөө. Курулуш объектилерин долбоорлоо. | Курулуш, алдын ала долбоорлоо же долбоордук иштер үчүн инженердик иликтөөнү жүргүзүүнүн курамы, жалпы талаптары жана тартиби. Долбоорлорду макулдашуу, экспертизалоо жана бекитүү тартиби. Шаар куруу жана долбоордук-сметалык документтердин түрлөрү, мазмуну жана тариздөө |
Өндүрүш | Курулушту уюштуруу, технологиялык даярдоо жана курулуш өндүрүшүнүн жалпы эрежелери, курулушту механикалаштыруу, курулуш процессинде эмгек коопсуздугун жана айлана-чөйрөнү коргоону камсыздоо. Курулуп бүткөн объекттердин сапатын контролдоо жана кабыл калуу. Курулуш буюмдарын жана материалдарды чыгарууну уюштуруу. Технологиялык жана аткаруучу документтердин түрлөрү, мазмуну жана тариздөө |
Эксплуатациялоо, оңдоо, реконструкциялоо, кайрадан профилдештирүү | Имараттардын жана курулмалардын курулуш конструкцияларын жана инженердик жабдуулар техникалык тейлөөнүн, текшерүүнүн жана оңдоонун жалпы эрежелери. Оңдоо-эксплуатациялык документтердин түрлөрү, мазмуну жана тариздөө |
Жалпы техникалык нормативдик документтер | |
Курулуштук курулмалардын ишенимдүүлүгүнүн негизги жоболору | Курулуштук курулмалардын, инженердик системалардын, конструкциялардын жана материалдардын коопсуздугун, эксплуатациялык жарактуулугун жана узакка чыдамдуулугун камсыздоонун жалпы принциптери. Ишенимдүүлүктүн негизги түшүнүктөрү, курулуштук курулмаларды, инженердик системаларды, конструкцияларды жана материалдарды классификациялоо. Ишенимдүүлүктүн негизги түшүнүктөрү, курулуштук курулмаларды жоопкерчилик даражасы боюнча классификациялоо. Баш тартууларды классификациялоо, эсептик моделдердин параметрлери жана курулуштук курулмалардын, конструкциялардын жана негиздердин ишенимдүүлүгү боюнча нормативдик талаптарды белгилөөнүн принциптери. Курулушта статистикалык кабыл алуу контролдоосунун негиздери |
Өрт коопсуздугу | Шаар куруу, көлөмдүк-пландоо жана конструкциялык маселелерди чечүүдө өрт коопсуздугун камсыздоонун жалпы принциптери, имараттарды, курулмаларды жана анын элементтерин отко чыдамдуулугу жана өрт коопсуздугу боюнча классификациялоо, өрткө каршы коргонуу каражаттары, эвакуация жолдору жана коопсуздук зоналары. Курулуш конструкцияларынын, материалдарын жана буюмдардын өрт-техникалык көрсөткүчтөрү, эсептөө, контролдоо жана сыноо методдору |
Коркунучтуу геофизикалык таасирлерден коргоо
| Инженердик коргоонун жалпы принциптери жана коркунучтуу геофизикалык таасирлердин (сейсмика, жер көчкү, таш кулоо. кар көчкү, сел, эрозия, иштетилүүчү, карстык, суу каптоочу аймактар) мүнөздөмөлөрү. Курулуш үчүн инженердик иликтөөлөргө, адамдардын коопсуздугун, ошондой эле инженердик коргоо курулмаларын пайдалануу боюнча шаар куруу, көлөмдүк-пландоо, конструкциялык курулуш-технологиялык иш-чараларга талаптар |
Ички климат жана зыяндуу таасирлерден коргоо | Имараттын жылуулук, абанын нымдуулугу, акустикалык жана жарык режимин камсыздоонун жалпы принциптери. Айлана-чөйрөнүн таасирлеринин (анын ичинде климаттын таасири, дирилдөө, ызы-чуу, нурлануу, уунун бөлүнүп чыгышы) мүнөздөмөлөрү. Ушул таасирлерден адамдардын ден-соолугун коргоонун эсептик методдору жана конструктивдик камсыздоо, контролдоо жана сыноо методдору |
Өлчөмдүк өз ара алмаштыруу жана айкаштыруу | Курулуштагы өлчөмдүк өз ара алмаштырууну жана айкаштырууну камсыздоонун жалпы принциптери, өлчөмдөрдү координациялоо эрежелери, геометриялык параметрлерди киргизүү. Эсептөө, өлчөө жана тактыкты контролдоо ыкмалары |
Шаар куруу, имараттар жана курулмалар боюнча нормативдик документтер | |
Шаар куруу | Өндүрүүчү күчтөрдү жайгаштыруунун, аймактардын инженердик жана транспорттук инфраструктураларын өнүктүрүүнүн, аймактарды жана алардын айрым бөлүктөрүн пландаштыруу жана куруу |
Турак-жай, коомдук жана өндүрүштүк имараттар жана курулмалар
| Турак-жай, коомдук, өндүрүштүк жана кампа имараттардын, курулмалардын жана алардын бөлүктөрүнүн классификациясы жана аларга карата техникалык талаптар. Жумуштарды аткаруу боюнча негизги жоболор, кабыл алуунун эрежелери, контролдун жана сыноолордун ыкмалары |
Транспорт курулмалары | Автомобиль жана темир жолдун, метрополитендин, деңиз, суу, аба транспортторунун, өндүрүштүк жана шаардык транспорттун курулмаларынын классификациясы, күч келүүлөрү жана таасирлер, геометриялык параметрлери жана алардын элементтерине карата техникалык талаптар. Жумуштарды эсептөө, долбоорлоо жана аткаруу боюнча негизги жоболор, кабыл алуунун эрежелери, контролдун жана сыноолордун ыкмалары |
Гидротехникалык жана мелиорация курулмалар | Плотиналардын, каналдардын, дамбалардын, жээкти бекемдөөчү ж.б. курулмалардын классификациясы, аларга күч келүүлөр жана таасирлер. Жумуштарды эсептөө, долбоорлоо жана аткаруу боюнча негизги жоболор, кабыл алуунун эрежелери, контролдун жана сыноолордун ыкмалары |
Магистралдык жана өнөр жайлык түтүк өткөргүчтөр | Газ, нефть жана нефть продуктулар үчүн өткөргүч түтүктөргө жана сактагычтарга. Ошондой эле алардын жайгаштырылышына классификациялар, күч келүүлөр, таасирлер, геометриялык параметрлери жана техникалык талаптар. Жумуштарды эсептөө, долбоорлоо жана аткаруу боюнча негизги жоболор, кабыл алуунун эрежелери, контролдун жана сыноолордун ыкмалары |
Майыптар жана калктын башка аз кыймылдуу топтору үчүн турмуштиричиликтин ыңгайлуу чөйрөсүн камсыздоо | Майыптардын жана калктын башка аз мобилдүү топторунун жашоо-шартына ыңгайлуу чөйрөнү камсыздоо боюнча негизги жоболор жана жалпы талаптар |
Имараттардын жана курулмалардын инженердик жабдууларына жана тышкы тармактарга нормативдик документтер | |
Суу менен жабдуу жана канализация
| Системалардын жана керектөөчүлөрдүн классификациясы, тышкы тармактарга, курулмаларга жана алардын жайгашуусуна, тармактагы сууга, ички тармактарга карата техникалык талаптар. Суу колдонуу ченеми, сууну даярдоо, саркынды сууларды тазалоо. Долбоорлоо, жумуштарды аткаруу, эксплуатациялоо боюнча негизги жоболор. Санитардык техникалык жабдуулар, арматуралар, приборлор, канализациялык өткөргүчтөр. Кабыл алуунун эрежелери, контролдун жана сыноолордун ыкмалары |
Жылуулук менен камсыздоо, жылытуу, желдетүү жана абаны кондициялоо | Системалардын жана керектөөчүлөрдүн классификациясы, тышкы тармактарга, курулмаларга жана алардын жайгашуусуна, тармактагы сууга, ички системаларга жана жабдууларга карата техникалык талаптар. Жылуулукту керектөө ченеми, саркындыларды тазалоо, экинчи жылуулук ресурстарын колдонуу. Долбоорлоо, жумуштарды аткаруу, эксплуатациялоо боюнча негизги жоболор. Жылыткыч приборлор, арматура жана аба өткөргүчтөр. Кабыл алуунун эрежелери, контролдун жана сыноолордун ыкмалары |
Газ менен жабдуу | Системалардын классификациясы, газ өткөргүч түтүктөргө, жабдууларга жана ажыраткыч каражаттарга техникалык талаптар. Газды колдонуу ченеми. Долбоорлоо, жумуштарды аткаруу, эксплуатациялоо боюнча негизги жоболор. Кабыл алуунун эрежелери, контролдун жана сыноолордун ыкмалары |
Башка июкенердик системалардын жабдуулары | Башка инженердик системалардын жабдууларына (электр менен камсыздоо, таштандыларды чыгаруу) талаптар
|
Мобилдүү имараттарга жана курулмаларга, жабдууларга, шаймандарга жана аспаптарга нормативдик документтер | |
Мобилдүү имараттар жана курулмалар
| Классификация жана жалпы техникалык талаптар. Имараттардын жана курулмалардын конкреттүү типтерине техникалык шарттар. Кабыл алуунун эрежелери, контролдун жана сыноолордун ыкмалары |
Курулуш уюмдарынын жабдылышы
| Жыгачтарга жана серелерге, бетон жумуштары үчүн опалубкага, монтаждык жабдыктарга жана бекиткичтерге, кол аспаптарга, пакеттөө жана контейнерлөө каражаттарына карата жалпы техникалык талаптар. Кабыл алуунун эрежелери, контролдун жана сыноолордун ыкмалары |
Курулуш өнөр жай ишканаларынын адистештирилген жабдуулары | Жабдыктарга жана формаларга карата жалпы техникалык талаптар. Кабыл алуунун эрежелери, контролдун жана сыноолордун ыкмалары |
|
|