Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 19-октябры № 650
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы № 612 "Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 177 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана мекемелеринде ички аудит кызматтарын түзүү жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы № 612 "Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин маселелери" жөнүндө токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Адилет министрлиги жөнүндө жободо:
- 6-пункттун төртүнчү абзацындагы "жана аларды белгиленген тартипте кабыл алууну" деген сөздөр алып салынсын;
- 7-пунктта:
- "а" пунктчасынын тогузунчу-онунчу абзацтары алып салынсын;
- "а" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзөт.";
- "д" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- юстиция органдарында ички контролдоо системасынын адекваттуулугун жана натыйжалуулугун, финансылык жана башкаруу маалыматтарынын ишенимдүүлүгүн жана тактыгын, иштин жана башкаруунун натыйжалуулугун, үнөмдүүлүгүн жана эффективдүүлүгүн, активдердин сакталуусун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын талдоону, баалоону жана аларга мониторингди жүргүзөт;";
- 9-пункттун жетинчи абзацы алып салынсын;
- 12-пунктта:
- он биринчи абзац алып салынсын;
- жыйырма биринчи абзацтагы "нормативдик" деген сөз "ведомстволук" деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |