Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 30-октябры № 673
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" жана "Кыргыз Республикасынын дипломаттык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Б.У.Мамасейитова, К.С.Исаков, У.З.Ормонов, Н.И.Байло жана Т.А.Жумабекова тарабынан киргизилген "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" жана "Кыргыз Республикасынын дипломаттык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | Д.Усенов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-октябрындагы № 673 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Б.У.Мамасейитова, К.С.Исаков, У.З.Ормонов, Н.И.Байло жана Т.А.Жумабекова тарабынан киргизилген "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" жана "Кыргыз Республикасынын дипломаттык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй сын-пикирлерди жана сунуштарды билдирет.
1. "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча.
1-берененин биринчи бөлүгүндө:
- бешинчи абзацтагы "эл аралык келишимдер" деген сөздөрдү "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер" деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз;
- алтынчы абзацтагы "Өкмөт" деген сөздү "Президент" деген сөзгө алмаштырууну сунуштайбыз, анткени Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 10-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер, тышкы иштер маселелерин тейлеген мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну камсыз кылат, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу боюнча алар жөнүндө жоболорду бекитет, алардын жетекчилерин жана жетекчилеринин орун басарларын ишке дайындайт жана бошотот;
- төртүнчү, бешинчи жана алтынчы абзацтардан "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлиги" деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз.
1-берененин экинчи бөлүгүндө:
- үчүнчү абзацты алып салууну сунуштайбыз;
- төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Миграциялык фонд миграция чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын ведомстволук түзүмдүк бөлүгү болуп саналат жана төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:";
- сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Эмгекчи-мигранттардын ыктыярдуу взносторунан";
- он экинчи абзацтагы "жана эң аялуу иммигранттардын башка категориялары" деген сөздөр алып салынсын;
- он төртүнчү, он жетинчи абзацтар алып салынсын, анткени мындай иш-чаралар Миграциялык фонддун компетенциясына кирбейт;
- он сегизинчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын жарандары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын калкынын социалдык аялуу катмарлары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- он тогузунчу абзацтагы "которулушат" деген сөз "эске алынат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жыйырманчы жана жыйырма биринчи абзацтарды алып салуу максатка ылайыктуу деп эсептейбиз, анткени Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 11-беренесине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине ылайык министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун ведомстволук түзүмдүк бөлүктөрүн түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби боюнча ыйгарым укуктар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн артыкчылыгы болуп саналат.
2. "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинде иш издеп кеткен Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана эркиндиктерин кароо үчүн мамлекеттин зарыл шарттар менен камсыз кылышы максатында миграция жагындагы мамлекеттик ыйгарым укук берилген органда Кыргыз Республикасынын жарандарын милдеттүү түрдө каттоо болжолдонот.
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасынын жараны өлкөнүн чегинен эркин чыгуу жана тоскоолдуксуз кайра кайтып келүү, ошондой эле эркин эмгектенүү укугуна ээ болот. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 6-пунктунда Кыргыз Республикасы өзүнүн жарандарын анын чегинен тышкары да коргоону жана колдоо көрсөтүүнү кепилдейт.
Миграциялык процесстердин чаржайыт мүнөзүн эске алуу менен ишке орношуу максатында чет өлкөлөргө кеткен Кыргыз Республикасынын жарандарын милдеттүү түрдө каттоо жол-жобосу чыгып кеткендердин статистикалык эсебин жүргүзүүгө гана мүмкүндүк берет, бирок Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана эркиндиктерин чыны менен коргоону камсыз кылбайт деп эсептейбиз. Ал тургай тийиштүү финансылык колдоосуз мындай мыйзам долбоорун кабыл алуу декларациялык мүнөздөгү гана мыйзам долбоору болуп калат.
Мыйзам долбоорунда, ошондой эле Кыргызстанга кайтып келгенден кийин жогоруда аталган жарандарды каттоодон чыгаруу боюнча иш кандайча жүргүзүлө тургандыгы каралган эмес.
Чет өлкөгө иш издеп кеткен жарандарды милдеттүү түрдө каттоонун жол-жобосун киргизүү үчүн жарандарды эсепке алуунун автоматташтырылган системасын түзүү зарыл, аны тийиштүү мамлекеттик органдар гана ала алышат.
Сунушталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын кызыкдар болгон министрликтеринин жана ведомстволорунун катышуусу менен узакка созулган жана комплекстүү иштеп чыгууну талап кылгандыктан, Кыргыз Республикасынын жогоруда аталган мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү эрте деп эсептейбиз.
3. "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын органдарынын ишин, ошондой эле өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашырууга байланыштуу дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин эмгектик жана башка мамилелерин жөнгө сала тургандыгын белгилей кетебиз.
Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин ишин жөнгө салуучу нормативдик укуктук актыларга тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жолу менен көтөрүлгөн маселелерди кабыл алуу максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.