Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 3-ноябры № 678
Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 8/1 жана 8/2 дарегинде жайгашкан имараттарды жана курулмаларды жанаша жаткан жер участкалары менен кошо "Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомуна өткөрүп берүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана уставдык капиталын көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги:
- Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 8/1 жана 8/2 дарегинде жайгашкан имараттардын жана курулмалардын жанаша жаткан жер участкалары менен кошо нарктык баасын аныктасын;
- аталган объекттерди аныкталган нарктык баасына ылайык "Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомунун уставдык капиталына белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. "Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коому мыйзамда белгиленген тартипте:
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган кыймылсыз мүлккө болгон укукту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жергиликтүү каттоо органдарында каттатсын;
- нарктык баасы аныкталгандан кийин уставдык капиталды көбөйтүү жана кошумча акцияларды чыгаруу боюнча чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-августундагы № 469 "Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомун түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пункттагы "Чүй проспекти, 122" деген сөздөр жана цифралар "Раззаков көчөсү, 8/1" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;
- 5-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомунун уставынын 2.4-пунктундагы "Чүй проспекти, 122" деген сөздөр жана цифралар "Раззаков көчөсү, 8/1" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-августундагы № 469 "Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомун түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-мартындагы № 188 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-декабрындагы № 700-б буйругу.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Д.Усенов
|