Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 13-ноябры № 701
"Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Тагаев А.С. жана Джолдошев К.Н. тарабынан демилге көтөрүлгөн "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген кортундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | Д.Усенов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 701 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып төмөнкүдөй эскертүүлөрдү жана сунуштарды киргизет.
1. Мыйзам долбоорунун терминдеринин аныктамасы боюнча пикир келишпестиктерди четтетүү максатында:
- 2-берененин экинчи абзацындагы "зона" деген сөздү "карантиндик зона" деген сөздөргө алмаштырууну сунуш кылабыз, анткени 2-берененин он үчүнчү абзацында "карантиндик зона" деген термин берилген;
- 2-берененин бешинчи абзацындагы "өсүмдүктөрдүн айрым саны" деген сөздөр эмнени түшүндүрөөрүн тактоону, ошондой эле "бир (зарыл учурда)" деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз;
- жободо терминдердин маанисин ачып берүүчү аныктамасы жок болгондуктан 2-беренеде каралган "өсүмдүктөр" жана "фитосанитардык сертификат" деген сөздөрдүн маанисине аныктама берүүчү редакцияны кошумча иштеп чыгууну сунуштайбыз, ушуну менен бирге 2-берененин жыйырма тогузунчу абзацында "фитосанитардык сертификат" деген аныктамасында Өсүмдүктөрдүн карантини жана аларды коргоо боюнча эл аралык конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуу актысынын реквизиттерин көрсөтүүнү сунуш кылабыз.
2. 3-беренеде:
- үчүнчү бөлүктөгү "жетиштүү негиздеме" деген сөздөрдүн маанисин тактоону сунуштайбыз;
- төртүнчү бөлүктү алып салууну сунуштайбыз, анткени "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына түздөн-түз таасир этүүчү ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле ишкерликти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору норма жаратуучу органдын расмий сайтына жайгаштыруу аркылуу коомчулук тарабынан талкууланууга тийиш.
3. 4-берененин төртүнчү бөлүгүндө:
- "Техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык шайкештикти тастыктоо боюнча документтердин бланкаларынын үлгүлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат, ушуга байланыштуу "Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызмат" деген сөздөрдү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырууну сунуш кылабыз.
4. 4-берененин бешинчи бөлүгүндө тийиштүү мөөнөт жана тийиштүү каражаттар деген түшүнүктөрдү тактоо зарыл.
5. 7-берененин биринчи бөлүгүндө "3 сутка" деген цифра жана сөз "24 саат" деген цифрага жана сөзгө алмаштырылсын.
6. 9, 11, 12 жана 13-беренелер алып салынсын, анткени Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана башка мыйзамдар менен Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин компетенциясына таандык ыйгарым укуктардан тышкары мамлекеттик башкаруунун бардык маселелерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чечет. Мында "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 11-беренесинде коргонуу, улуттук коопсуздук, ички иштер, тышкы иштер маселелерин тескөөчү мамлекеттик органдарды кошпогондо министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин органдарынын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү жоболор менен аныкталаары белгиленген.
7. 10-берененин экинчи бөлүгүндө өзгөчө карантиндик контролдоону кайсы орган киргизүүгө укугу бар экендигин тактоо керек.
8. 15-беренедеги "Кыргыз Республикасынын катышуусу менен эл аралык келишимдер" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 16-беренедеги "тартиптик, администрациялык, мүлктүк жана кылмыш" деген сөздөр алып салынсын.
10. 17-берене алып салынсын, анткени мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын иш-аракетине даттануу тартиби "Администрациялык жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси менен жөнгө салынат.
Жалпысынан мыйзам долбоорунун текстин норма жаратуу техникасынын эрежелерине ылайык келтирүү зарыл.
|
|